Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:32

АРМЕНИЯДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН ТАЛАШЫ ЭЛДИ ЖАРДЫ


Амирбек Усманов, Прага Армениянын байтакты Ереванда турмуш эзелки калыбында жүрүүдө. Президенттик шайлоону калыс өтпөдү деген демонстранттарга каршы 1-марттагы күч колдонуу 8 адамдын өмүрүнө зобун келтирип, бийликтер шаарда 20-мартка чейин чукул кырдаал абалын киргизген. Серепчилер байтак шаарда турумуш өз изине түшкөнү менен, калабалуу окуя коомду экиге бөлүп койгонун айтышат. Армениядагы кырдаал кандай өнүгүшү ыктымал?

1-марттагы кагылышуу Арменияны эки жаатка бөлүп койду. Ереванда жайгашкан Кавказ Медиа институтунун саясый серепчиси Александр Искандаряндын айтышынча, байтак шаар тынч көрүнгөнү менен, элден биримдик качты:

-Шаарда баары тынч, көчөдө эл көп, аскер аз. Бирок элдин үрөйү учкан. Коомго терең жарака кетти, көптөгөн адамдар бир бирине сүйлөбөй калды. Жагдай татаал.

Өкмөттүн түшүндүрүшүнчө, дүкөндөрдү тоноп, көчөлөрдү тосуп, өздөрү бомба жасаган бейбаш демонстранттарды тынчытуу үчүн полиция колдонулган.

Тараптарды өз ара сүйлөштүрүү үчүн келген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун чабарманы Хейкки Талвиты диалог чукул арада башталарына көзү жетпейт. Кээ бир жергиликтүү байкоочулар Саркисяндын лагеринде бузукулар бар экенин айтышат. “Аравот” гезитинин баш редактору Адам Абрамяндын сөзүнчө:

-Мен кээде Кочарян тактыдан кетер алдында Саркисян үчүн шайлоодон да осол жамандык кылды деп ойлойм. Башкача айтканда, Кочаряндын демонстранттарга каршы күч колдонуусу Саркисяндын жеңишинин мыйзамдуулугуна олчойгон зыян келтирди деп ойлойм.

Оппозицияга каршы күч колдонуу Россия, Белорус же Өзбекстандын жетекчилигине чоң залал кылган эмес. Бирок Грузияда президент Саакашвилинин ээрин кыйшайтып, ал кезексиз шайлоо өткөрүү менен бийлигин сактап калды.

Армениядагы кырдаал Грузиядагыдан курч. Лондондук талдоочу Том де Воол элде президенттик шайлоо калыс өтпөдү деген пикир күчтүү экенин айтат:

-Элдин көбү шайлоо адилетсиз болду, басма сөздө эркиндик аз, оппозициячыл талапкер Тер-Петросян күчтүү эле, өкмөт демонстранттарга каршы ашыкча күч колдонду деген ишенимде. Ошон үчүн Армениядагы жагдай бир кыйла татаал жана кырдаалды жөндөөгө убакыт керек деп ойлойм.

Серепчилердин бир тобу, анын ичинде москвалык Алексей Малашенко бийликке дасыккан Серж Саркисян оппозицияга каршы кысымды дагы күчөтөт деп боолгойт. Ал 1-марттагы калабанын уюштуруучулары жоопко тартылат деп сөз берген. Оппозициянын айрым лидерлери өкмөттүк төңкөрүш уюштурууга аракет кылды деп камакка алынган. Тер-Петросян өзү үй камагында отурат.

Армениядагы саясый кырдаал Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун жыйынтыктоочу баасына жараша өнүгөт сыяктуу. Эгер докладда катуу сын айтылса, оппозиция күрөштү чечкиндүү улантышы мүмкүн. Тескерисинче, мурдакы баасын кайталап, шайлоо негизинен эл аралык стандартка жакын өттү десе, оппозиция акырындап басылышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG