Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

7:15 Кыргызстанда куш тумоосу пайда болуу коркунучу бар


Мындай тынчсыздануу жаз алды менен келгин куштардын учуп келе башташына байланыштуу пайда болууда. Мамлекеттик ветеринария департаментинин жетекчиси Калысбек Жумакановдун журналисттерге билдиргени боюнча канаттуулардын миграциясы куш тумоосун пайда кылган учурлар бар. Анын айтуусунда буга чейин Кыргызстандын аймагында куш тумоосу катталган эмес. Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанга куш тумоосунун алдын алуу үчүн 4 млн доллар бөлүп берүүнү убада кылган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG