Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, 24-март окуялары жана Коомдук парламенттин кезектеги жыйыны тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов жооп берди.

-Сиздер түзгөн Коомдук парламенттин кезектеги жыйыны 19-мартка белгиленди. Анда негизинен кайсы маселелер каралышы күтүлүүдө?

-Уюштуруу маселелери каралат. Биринчиден, жетекчилер менен Коомдук парламенттин кеңешин түзөлү деп чечтик. Экинчиден, үч комиссия түзүлөт. Биринчиси экиономикалык, экинчиси социалдык, үчүнчүсү коопсуздук жана тышкы саясат боюнча.

-24-марттагы окуялар дагы талкууланабы?

-Ооба, жаңы бийликке үч жыл болду. Анын жыйынтыгы, дегеле Кыргызстандын келечеги тууралуу сөз болот.

-Жеке сиздин баамыңызда, 24-март күнү ыңкылап болду дейсизби же бул окуяны төңкөрүш деп эсептейсизби?

-Ыңкылапты теория жагынан алганда, өзүңөр билесиңер – бул базис менен настройка. Дегеле коомдук тузүлүш. Таптакыр жаңыча болушу керек да. Бизде андай болгон жок, эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Ошон үчүн бул жерде жакшылап ойлонуш керек да, ыңкылаппы же төңкөрүш болдубу. Бир беткей айта албайм. Анткени Коомдук парламентте ушуга баа берилет жана мен өз коллегаларыма пикиримди таңуулагандай болбоюн. Ар кандай пикирлер айтылып жатат.

-Жаңы мүчөлөр шайланат, алар кандай жол менен келет? Кимдер келет?

-25 адам шайланат. Негизинен бүгүн Ош, Жалалабат, Баткен, Талас, Нарын, Чүй, Ысыккөлдөн региондордун өкүлдөрү кошулсун деген сунуштар келүүдө. Алар рекомендация алып, биздин координациялык кеңеште талкууланып, анан ошондон кийин кирет го.

-Регионалдык мүчөлөр менен толукталат турбайбы?

-Ооба, буюрса.

-Коомдук парламент кайсы шартта Азимбек Бекназаров жетектеген Революциялык комитетке кошулуп кетиши ыктымал?

-Биз аларга азырынча кошулбайбыз. Биздин коомдук парламент жана партиянын мүчөлөрү бар, Азимбек Бекназаров ошол жакта активдүү катышып, иштеп жатат. Бирок өзүнүн Революциялык комитети алдына койгон маселелерди биздин арабызда кое элек. Коомдук парламентте келечектеги курултайда эле койбосо, анан бир эле мен чечпейм да. Кеңешип чечебиз.

-Айрым оппозициячыл саясатчылар саясий күрөштө регионалдык гана эмес, уруучулук бөлүнүүнү республикалык масштабда пайдаланууга ачык эле өтүп жатат. Бул тенденцияга сиздин көз карашыңыз?

-Өзүңөр билесиңер муну былтыр февралда бийлик өзү баштаган. Тилекке каршы бул тенденция күчөп баратат. Бирок ар бир нерсенин жакшы жагы дагы, жаман жагы дагы бар. Жакшы жагы - түндүк-түштүккө бөлүнбөйт. Анда үч канат, элүү уруулар болсо, түндүктө жана түштүктө дагы бар. Ушул биздин эгемендүүлүгүбүзгө жакшы таасир эте турган. Экинчиден, кыргыздар айтышат эмеспи, жети атасын дагы билиш керек деп. Бирок чоң мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын чече келгенде бул тескери натыйжа бериши мүмкүн. Буга басымдуулук кылган болбойт.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG