Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

У.ОРМОНОВ: КУМТӨР БОЮНЧА КЕЛИШИМДИ КАЙРА КАРАП ЧЫГЫШ КЕРЕК


Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Кызылкыя цемент заводунун курулушу, кыргыз авиациясынын жакынкы келечекке белгилеген иштери жана Кумтөр боюнча келишимдер тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин өнөр жай, соода, коммуникация курулуш жана архитектура боюнча комитетинин төрагасы, парламент депутаты Улукбек Ормонов жооп берди.

-Сиз жетектеген комитет жалпы өнөр-жай, соода, туризм, ишкерлик, коммуникация, курулуш тармагын көзөмөлдөп, ошол жакта иш жүргүзөт. Жаңы бийлик бир катар ири курулуштарды, анын ичинде Кызылкыя цемент заводун куруу иштерин баштаган эле. Азыр ошол жерде курулуштар жүрүп жатабы жана абал кандай? Парламентте бул иш боюнча көзөмөл барбы?

-Албетте биздин комитет атайын ошол өндүрүштү өнүктүрүү, транспорт, коммуникация курулуш жагын карайт. Кызылкыядагы цемент куруу заводу боюнча биз азыр маалыматтарды өкмөттөн сурап жатабыз. Жакында биз атайын көчмө жыйын өткөрүп, ири курулуштардын качан ишке кирерин текшеребиз. Кечээги отурумда биз жарандык авиация жаатындагы маселелерди толук карап чыктык. Ушинтип ар бир тармакты өзүнчө карап чыгабыз деп алдыга план койгонбуз.

-Ушул авиацияны кара тизмеден чыгаруу үчүн кандай чара көрмөк болдуңуздар?

-Биз өкмөткө атайын 20 пункттан турган тапшырманы бердик. Департамент менен Транспорт министрлиги дагы ушул жаатта быйылкы жылдан баштап өздөрүнүн планын аябай көрсөтүп иш баштаган экен. Бирок биз кошумча дагы талкуулаган
убакта пайда болгон маселелерди койдук. Кудай буюрса ушул июль-августта кара тизмеден чыгабыз деп убадасын берип жатышат.

-Камбарата-2 ГЭСин куруу үчүн былтыр 300 миллион сом бөлүнгөн эле. “Ал каражат уурдалып кетти, жоголуп кетти, дарексиз болду” деген сөздөр чыгууда. Дарегине жеттиби? Сиздер ушуну көзөмөлдөй алдыңыздарбы?

-Камбарата ГЭСи боюнча бизде атайын Отун-энергетика комитети бар. Мен ойлойм алар ошол маселеге көңүл бурууда. Себеби быйыл дагы түздөн-түз ошол Камбарата курулушуна бюджеттен 1 миллиард 200 миллион акча каражаты каралууда. Менимче, Данилов жетектеген комитет бул маселеге буруш керек.

-Кумтөр боюнча жаңы келишимди сиздердин комитет качан парламентке алып чыгат? Жеке сиздин баамыңызда, бул келишимди колдош керекпи, же Кубанычбек Исабеков айтып жаткандай, анын толук мамлекетке кайтаруу керекпи?

-Бул жерде албетте мамлекет үчүн канчалык көп кошумча пайда түшкөн жагын карап чыгышыбыз керек. Эски келишим боюнча толук мамлекетке кайтаруу кыйын болсо дагы, жаңы ачылган 700 тонналык запастар, жаңы кошумча жерлер берилип жатпайбы. Ошол жерлер боюнча сөзсүз түрдө кайра карап чыгышыбыз керек.

-Атамбаевдин комиссиясы түзгөн келишимди кайра карап чыгыш керекпи?

-Ооба.

-Улукбек мырза, өткөндө “Бишкекгаздын” өкүлчүлүгү текшерүү өткөрүп, сизге тиешелүү үйдү газ төлөбөй койду деп айыптап чыкты. Мунун канчалык чындыгы бар?

-Менимче, бул жерде атайын жасалган иштер болуш керек. Мен атайын ошол газдын текшерүүчүсүн чакырып, көрсөтмөнү алып, өздөрү акт түзүп кетишти. Эки ай - январь-февраль төлөнгөн эмес. Ошол актынын негизинде мен бардыгын текшерип чыктым. Эми ошондой кичинекей нерселерди текшергенден көрө, мына Майлысай электр заводу 18 миллионго жакын карыз. Ошону текшериш керек.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG