Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

13:40 Мамлекеттик тарых музейи толук оңдотулуп түзөтүлөт


Маданият жана маалымат министрлиги мамлекеттик тарых музейин кайра калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттердин планын бекетти. План 2008-2010 жылдарга белгиленип, үч этап менен ишке ашмакчы. Биринчи этабында ушул жылы имараттын өзү, андагы байланыш жана жылытуу системалары оңдолот. Жаңы композицияларды түзүү маселеси каралат. Эмдиги жылы музейдеги азыркы буюм-тайымдар калыбына келтирилип, жаңы жабдуулар сатылылып алынат. Үчүнчүсүнө ылайык жаңы экспозицияларды орнотуу жүргүзүлөт. Аталган министрликтин билдиришинче бул иштерге жалпысынан отуз алты миллион сом каражат жумшалмакчы. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG