Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:01

15:30 Суунун кескин азайышынан Токтогул ГЭСи аргасыз чектүү режимде иштөөгө өтүүдө


“Электр станциялары” ишканасы мындай чектөө апрель айынын башына чейин уланарын, бирок ал суунун төмөнкү агымындагы ГЭСтерге жайылтылбай тургандыгын маалымдады. Быйыл кыш өтө катаал болгондуктан Токтогул ГЭСи электрэнергиясын арбын өндүрүп, натыйжада суу кескин азайып кеткен. Күз-кыш маалында электрэнергиясын өндүрүү рекорддук чекке жетип 6,81 млрд. кВтч, ал эми жылуулук энергиясы 1,4 млн Гкалды түзгөн. Электрстанциялардын иши ушул жылдын январь-февраль айларында өтө оорлогон. Кыргызстанды электрэнергиясы менен камсыз кылууда суу көп пайдалангандыктан Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы бул жааттагы протоколдун айрым эрежелери бузулган учурлар катталган. Казак тарап да катуу суукта күйүүчү май берүү боюнча макулдашуунун айрым эрежелерин аткарган эмес. (EBM)

XS
SM
MD
LG