Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан мурдагы депутат Султан Урманаевге өкүмүн угузду. Сот Урманаевди Кылмыш Жаза кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыптуу деп таап, 69-беренени колдонуу менен 3 жылдык сыноо мөөнөтүнөн 5 жылга шартту кесип, үй-мүлкү конфискацияланбайт, деди. Султан Ураманаев сот акыйкат чечим чыгарбаганын белгилеп жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирди. Бул тууралуу Жалалабаттагы кабарчыбыз Ырысбай Абдыраимов маалымдады. (AJ)