Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Кыргыздардын кыз-келиндерине, аялзатына арналган элдик оюндары арбын. Кыргыздын кыздары учурунда аттын кулагы менен тең ойноп, кыз куумай, оодарыш, эңиш, тыйын эңмей сыяктуу ат оюндарында жигиттердин намысын козгоп, мөрөй алып да турган. Замандын шарапаты менен кыргызстандык 3 спортчу кыз-келин олимпиадалык бийиктикти багындырып, алтын медаль тагынган. Эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөдө кыз-келиндер спортко анча көңүл бурбай келгени өкүнүчтүү.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери кыз-келиндерден марафончу Ирина Богачева, гимнаст Татьяна Торопова, жеңил атлетчилер Елена Бобровская, Татьяна Борисова жана Татьяна Ефименко, мерген кыз Елена Костюкова, фехтованиеден Светлана Верульская, эркин күрөштөн Яна Панова ийгиликтерге жетише алышты.

Алар Азия чемпионаттарында, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, таанытты. Ушул кыз-келиндердин катарында кыргыздын кыздары жоктугу абдан өкүндүрүп, ойго салат дешет спорт адистери.

Өлкө тарыхында Азия оюндарында алтын медаль тагынып, чемпион аталган эки жеңил атлетчи Татьяна Ефименко менен Татьяна Борисованын ийгиликтерине жигиттер да жете элек.

Мурдагы жылы Дохада болгон 15-Азия оюндарында дагы бийиктикке секирүүдө Татьяна Ефименко экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Ошондой эле эркин күрөштөн Яна Панова Пусандагы ийгилигин кайталап бул ирет дагы 15-Азия оюндарынын коло байгесинин ээси болду.

2007-жылдын мыкты спортчусу аталган тогуз коргоол боюнча өлкөнүн көп жолку чемпиону Элмира Кудайбергенова кыз-келиндер спортуна өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай жатканын сынга алып, кыздардын спортко болгон сүйүүсүн ойготуп, аларды эл аралык мелдештерге жиберип кызыктыруу керек. Болочок энелердин, кыз-келиндердин ден-соолугуна өзгөчө көңүл буруу зарыл, - дейт:

-Келечегин ойлогон өлкө жетекчилери биринчи кезекте болочок энелердин, кыз-келиндердин ден-соолугуна көңүл буруусу керек. Дене тарбиясы мыкты энеден ден-соолугу чың уул-кыздар төрөлөт. Ошондуктан кыз-келиндерге шарт түзүп, камкордукка алуу зарыл. Азыркы учурда чоң спортко кенен жол ачылган. Спорт менен машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, эл-жер көрүү мүмкүнчүлүктөр арбын. Спорт – ден соолук, сулуулук, жаштык экенине маани бербей жүрөбүз.

Өлкөнүн Оор атлетика федерациясынын жетекчиси, дүйнөнүн төрт жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев кыргыз кыз-келиндери спортко кайдыгер карап, ден-соолугун чыңдоого маани бербестигин айтып, мындай көрүнүшкө спорт жетекчилери да күнөөлүү деп, өз оюн мындайча билдирди:

-Чынында кыздар арасында мелдештер аз өткөрүлөт. Айылдагы мектептерде спорт секциялары иштебейт. Кыздар баскетбол, волейбол, теннис спортуна катышканы менен спорттун жеке түрлөрүнө көп маани беришпейт. Дүйнө жүзүндө кыз-келиндердин эркин күрөш, дзюдо, таэквандо, оор атлетика жана чыгыш өнөрлөрүнө кызыгуу артып баратат. Эл аралык кыз-келиндер мелдештери дагы өткөрүлгөнү менен биздин өлкөнүн командалары көп катышпай жүрүшөт. Ислам өлкөлөрүнүн кыз-келиндеринин оюндары өткөрүлүп жүрөт, жок дегенде ушул оюндарга катышсак деген үмүт бар.

Чынында кыргыз элинде Кыз Сайкалдай, Жаңыл мырзадай баатыр мүнөз кыздар арбын. Ошол кыз-келиндердин спорттогу бактысы ачылбай жүргөнү өкүндүрөт. Көп жылдар бою спортко катышып жүрүшкөн башка улуттардын кыздарынан айылдан келген кыздар чыйрак, шамдайгай, чыдамкай келишет дешет спорт адистери.

Кыргызстан эгемендүү болгону кыз-келиндердин спортуна, дене тарбиясына анча көңүл бурулбай келатат. Ал түгүл кыздар спортун жөнгө салуучу бирикме же федерация алигиче түзүлө элек. Дүйнө жүзүндө кыз–келиндер үчүн эл аралык мелдештер дагы арбын өткөрүлө баштады. Олимпиадалык оюндарда кыз-келиндердин көбүрөөк катышуусуна өзгөчө көңүл бурулууда.

Кеңеш доорунда кыргызстандык кыз-келиндер спорт менен машыгып, мелдештерге катышып, байгелүү орундарга жетип турган. Кыргызстандык кыз-келиндерден биринчи болуп ысыккөлдүк жөө күлүк, дүйнө рекордчусу Вера Корсакова 1968-жылы Мехикодо өткөн 19-жайкы олимпиадалык оюндарга катышып, олимпиаданын жолун ачкан.

Алгач олимпиадалык бийликти багындырып Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын жылдызы Москва олимпиадасында жанган. Ал узундукка секирүүдө 706 см. алыска эликтей секирип, олимпиаданын алтын байгесин тагынган. Татьяна учурда Москвада жашап, Кыргызстандан көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Себеби эгемендүүлүк болгону ишсиз калып, ага көңүл бурулбай калган.

Ал эми Кыргыз кыздарынан олимпиадалык алтын медалына алгачкы болуп жөө күлүк Мария Күлчүнова ээ болгон. Ал 1988-жылы Сеулда өткөн 24-Олимпиадалык оюндарда 400 метрге чуркоодо марага биринчи келген. Мария СССР-Америка, СССР- Германия беттешүүлөрүнүн, Европа чемпиондугун жеңип алган. Ал жеткен бийиктикке азырынча бир да кыргыз кызы жете элек. Ал эркин күрөш боюнча, дүйнө, олимпиада жана Европа чемпиону Павел Пинигинге турмушка чыкканы кыз кезиндеги Күлчүнова деген фамилия өзгөртүп учурда аны Мария Пингина деп билишет. Ал дагы үйбүлөсү менен Москвада жашайт.

Ошондой эле кыргызстандык кыз-келиндер Тамара Акимова, Гүлзина Өмүралиева, Бактыгүл Токторбаева, Наташа Фадеева, Алтынай Темиркулова жана Ирина Орлова самбо күрөшү боюнча дүйнө, Азия чемпионаттарында жеңишке жетишкен.

Дзю-до күрөшү боюнча да кыргызстандык кыздар командасы ийгилик жарата алган. СССРдин чемпиону Дина Максүтова Барселона олимпиадасына катышса, анын жолун Наташа Кулигина Атланта олимпиадасында улантты. Сидней олимпиадасында да Ольга Артамонова менен Наташа Кулигина Кыргызстандын намысын коргогон.

25 жылдан ашуун колунан тапанчасын түшүрбөй Кыргызстанды Азия, дүйнөгө тааныткан Забида Ырсалиева ок атуу спортуна жаштыгын, гүлүн өмүрүн арнады. Көзгө атаар мергенбиз дешип, мактанган кыргыз жигиттери ок атуу спортунун түйшүгүнө чыдабай, Забидага тең келе албай жүрүшөт.

Барселона олимпиадасында Шериктеш өлкөлөрдүн баскетбол командасынын катарында ойноп, олимпиада чемпиону болгон кыргызстандык Елена Баранованын спортко кошкон салымы чоң. Ал учурунда Бишкектин «Строитель» командасында ойноп, чоң спортко аттанган. Кийин Москванын «Динамосунда», Израилде жана АКШда баскетбол клубдарында ойногон.

Шахмат боюнча Светлана Матвеева, Бактыгүл Саманова, Бактыгүл Тиленбаева, Ирина Острый, София Сабирова, Жаңыл Тиленбаева дүйнөлүк шахмат олимпиадаларына кыргыз туусун көтөрүп барышкан. Айрыкча Азия чемпионаттарында байгелүү орундарга жетип жүргөн 16 жаштагы спорт чебери Жаңыл Тиленбаеванын жөндөмдүүлүгү шахмат адистери көп белгилешет.

Жаз майрамынын жарашыгы болгон кыргыз кыз-келиндери спорт менен достошуп, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытса деген тилек менен ушул макала ден-соолукка коңгуроо болсун.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG