Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Брюсселде бүгүн НАТОнун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/C02BC419-A861-4DF3-BF22-87219AFFBF21.ASP тышкы иштер министрлери кезектеги жыйынга чогулушту. Талкууга бир катар темалар, алардын ичинде эмдиги айда Бухарестте боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушуунун күн тартибине байланышкан маселелер коюлат. Мындан тышкары Ооганстандагы жана Косоводогу жагдай каралат.

НАТОнун баш катчысы Яаап де Хооп Схеффер бүгүнкү жыйында бир катар проблемалар боюнча маанилүү талкуулар болорун ырастады. Биринчи кезекте апрелдин башында Бухарестте ачыла турган саммиттин күн тартиби аныкталат.”Биз ошондой эле евроатлантикалык интеграциянын маселелерин, атап айтканда, ага Балкандын батышындагы өнөктөштөрдү кеңири тартуу жолдорун карайбыз. Бардык союздаштар евроинтеграцияны келечекте Балкандагы туруктуу тынчтыкты жана баракатчылыкты камсыз кылуунун бирден-бир каражаты катары санашат”, - деп айтты Схеффер.

Маалымдар айрым булактар министрлердин бүгүнкү жыйында Хорватияны НАТОго алуу сунушу жактырылат, ал эми Бухарестте ага ырасмий түрдө чакырык тапшырылат дешет. Альянска Албания менен Македония да алынышы ажеп эмес. Бирок айрым өлкөлөр, мисалы, Греция Македониянын талапкерлигине каршы болчудай түрү бар. Схеффер аталган үч өлкө тең “мүчөлүк аракет планын” аткарууда мыкты иштеп жатканын белгиледи.

Жыйында ошондой эле Украина менен Грузияга байланыштуу мамилелер да талкууланат. НАТО эки өлкө менен тең өз ара алакаларды тереңдетүү багытында жүйүр сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келатат.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер экс-советтик бул эки өлкөнүн альянска мүчө болуу мүмкүнчүлүгүнө ырасмий Берлин күдүктөнүп карарын туйгузду. Бери эле дегенде НАТОнун аракет планын кабыл алганга Украина менен Грузиянын шайма-шай экенине кадик бар, ошентсе да министрлер алардын келечегин талкуулап көрүшөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс да бул темада кесе бүтүм айткан жок. Болгону НАТОго мүчө болуу ар бир өлкөнүн жеке даярдыгына жараша чечилерин, эгер ким бирөөлөр тийиштүү талаптарга азырынча төп келе албай жатса, анда аларга альянстын каалгасын ачык калтыруу керектигин белгиледи.

Министрлер Косоводогу жагдайга, АКШнын Польшага жана Чехияга жайгаштырганы жаткан антиракеталык базаларына байланыштуу Россия менен НАТОнун ортосундагы мамилелердин айрым талылуу өңүттөрүнө да кайрылышат.

“Биздин башкы аскери операциябыз, албетте, Ооганстан”, - деп айтты Схеффер. Баш катчы Бухарестте мамлекет жана өкмөт башчыларына сунуш кылынганы жаткан саясий-аскерий планды буйдалбай кабыл алганга бүгүнкү жыйындагы талкуулар өбөлгө болорун кошумчалады.

Ооганстанга кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүү маселесинде НАТОлук өлкөлөр арасында пикир келишпестиктер бар. Министрлердин бүгүнкү жыйынында талкууланган маселелер боюнча кандайдыр бир чечимдер кабыл алынбайт.
XS
SM
MD
LG