Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

Кыргызстандын кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактарына байланышкан маселе Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында дагы бир ирет козголду. Анда айрым депутаттар өзгөчө Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш кээ бир аймактарда абал оор экенин, жашоо шарттын начардыгынан эл үй-жайын таштап, башка жактарга орун которуп жатканын, мындай аймактарга өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоорун тез арада кабыл алуу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле бүгүнкү жыйында кыргыз-казак чек арасы тууралуу макулдашууну ратифакциялоого байланышкан маселелер да козголду.

Чек аралаш аймактарга байланышкан маселе парламенттин бүгүнкү жыйынын башында, ар кайсы маселелерди кароо учурунда козголду. Ага депутат Мурат Жураев иштеп чыккан «Кыргызстандын өзгөчө чек ара аймактары тууралуу» мыйзам долбоорунун парламент комитеттери тарабынан четке кагылышы себеп болду. Буга чейин үч комитет четке каккан бул долбоорду ушул шейшембиде конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети карап, аны кайра толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарган.

Аксынын Өзбекстан менен чек аралаш айылдарындагы кыйын абалды мисал кылган депутат Бегалы Наргозуев мындай зарыл долбоорду четке кагуу менен кошуналардын чырагына май тамызып жатабыз дейт:

- Кошуналардын чырагына май тамызып жатабыз да. Келген мыйзамды эрте деп кайтарып салсак… Бул жакпаса башкача формада болсо да калктын ошол жерде кармап калышына шарт түзүү үчүн ушундай мыйзам кабыл алып, бир чара көрүшүбүз керек да. Анан мигранттын баары Бишкеке толуп алды деп күнөөлөйбүз. Жерди коргоп, алардын чек арада отурушу үчүн шарт түзүш керек да…

Мындай сунушту колдогон депутат Аскар Шадиев чек ара аймактарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара тактоо иштери жакынкы 10 жылда бүтүшү күмөндүгүн айтып чыкты:

- Ушул маселенин актуалдуулугун бүгүн түшүнүп жатканыбыз өтө кеч болуп жатат. Аны биз буга чейин бир канча жолу көтөргөнбүз. Чынында чек ара айылдарында абал оор, таза суу жок. Тажик жана Өзбек Республикалары менен демаркация, делимитация маселелери жакынкы он жылда бүтпөйт, анткени бир жылда араң бир-бир жарым чакырымдай гана жылып жатабыз.

Депутат Аскар Шадиев ошондой эле кесиптештерин чек ара аймактарын кыдырып, абал менен жеринде таанышып келүүгө чакырды.

Төрага Адахан Мадумаров да мындай сунуштарды колдоп, чек ара айылдарына өзгөчө макам берүү биринчи кезектеги маселе экенин белгиледи:

- Чек арадагы элдин социалдык маселелерин чечпесек болбойт. Ички миграцияны токтотолу десек биринчи кезекте аны ошол жактагы айылдардан башташыбыз керек деген маселени президент да өз сөзүндө айткан. Бул эмне деген позиция, эгер депутаттар аны четке кагалы деп карап отурган болсо. Чек ара аймактарынын статусу боюнча маселени биринчи кезекте карашыбыз керек. Керек болсо Кыргыз мамлекетинин денесиндеги жаракат бул. Бардык фракциялардын катышуусунда угуу уюштуралы, кандай маселе бар ал жерде, кыргыз жарандары эмне үчүн чек араны таштап кетип жатат деген маселелердин тегерегинде.

Ошол эле учурда аталган комитет төрагасы Зайнидин Курманов бул долбоордун кайтарылышына өтө чийки даярдалганы себеп болгонун айтып чыкты:

- Депутат Мурат Жураев сунуштаган долбоор өтө чийки экен. Ал мыйзам аркылуу чечкиси келген маселелер Жогорку Кеңештин компетенциясына кирбейт. Бул өкмөттүн милдети. Анан калса өкмөт бир жума мурда эле чек ара аймактарындагы маселелер боюнча тиешелүү токтом кабыл алды. Бул абдан татаал маселе, аны так чечишибиз керек. Биздин чечим элге жардам бериши керек.

Бул арада депутат Динара Молдошева ушул айда өлкө президентинин Казакстанга расмий сапары күтүлүп жатканын айтып, парламент ага чейин казак-кыргыз чек арасына байланышкан талаштуу маселелерди иликтеп, карап чыксак болот деген ойду кыйытты. Бирок депутат Бакыт Бешимов аны президенттин расмий сапарына байлоо туура эместигин, чек ара маселеси өтө кылдаттыкты талап кылаарын айтты.

Ушундай сөздөрдөн соң төрага Адахан Мадумаров казак-кыргыз чек арасына байланышкан маселе тиешелүү тараптар менен иликтенип жатканын, ушул айда өкмөттүн, президенттик администрациянын жана парламент өкүлдөрүнөн турган топ Каркыра жайлоосуна бараарын белгиледи.

Бул аймакта 630 гектардай жер эки өлкө ортосунда талашка түшүп жатканы белгилүү. Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов казак тарап бул жердин ордуна Санташ айылына жакын жерден 1100 гектардай жерди сунуштап жатканын айтканы буга чейин кабарланган.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG