Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:19

ДҮЙНӨ: МУНАЙ ЖАНА АЛТЫН БААСЫ АСМАНДООДО


Дүйнөлүк базарда мунай жана алтын баасынын кымбаттоо жараяны уланууда. Мунай өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК уюмунун өндүрүш көлөмүн көбөйтпөө жөнүндөгү соңку чечиминен кийин кара майдын бир баррели бейшемби күнү европалык биржалардагы соодада 105 доллардан ашып өттү. ОПЕКти өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө чакырган АКШ анын соңку чечимине нааразы экенин билдирди. ОПЕКтин жетекчилиги болсо мунай кымбаттоосунун бир себебин америкалык экономиканы башкаруудагы катачылыктардан көрөт.

Кошмо Штаттар дүйнөнүн мунайды эң көп керектеген өлкөсү. ОПЕКтин президенти Шакиб Хелил уюмга мүчө мамлекеттердин мунай министрлеринин Венадагы жыйынында белгилегендей, алар өндүрүштүн көлөмүн Кошмо Штаттар суранса эле көбөйтө бербейт.

ОПЕКтин президентинин айтымында, быйылкы жылдын экинчи чейрегинде мунайга болгон суроо-талап бир аз басаңдайт. Себеби базардагы сунуш суроо-талапка караганда, азыр эле жогору. Казылып алынган мунайдын да, бензиндин да кор мурдагыдан көп. Анда эмне үчүн баа өсүүдө? ОПЕКтин президенти Шакиб Хелил буга салым кошкон жагдайлар катары Кошмо Штаттардагы финанасылык кризисти, доллардын нарксыздануусун атады:

-Мунай базарындагы окуялар АКШ экономикасын башкаруудагы катачылыктардын натыйжасы. Балким бул дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизүүдө.

Адистердин айтымында, мунай баасынын калыптанышына сунуш менен суроо-талаптан башка да көп факторлордун тиешеси бар. Баа геосаясий абалга, мунай ташылган жолдордогу, аны өндүргөн өлкөлөрдөгү коопсуздук кырдаалына да байланыштуу. Катардын мунай министри Абдул бин Хамад аль-Аттия мындай дейт:

-Биз бүгүн мунайдын баасы сунуш менен суроо-талапка көз каранды эмес деген ишенимдебиз. Ал биринчи кезекте чайкоочулук менен геосаясий кырдаалдын натыйжасы болуп жатат. Менимче, АКШ президенти биз бул жараянды көзөмөлдөй албарыбызды билет.

Согушкерлердин мунай обьектилерине кол салуусу көп кайталанган Нигериянын мунай министри Одейн Ажумогобиянын пикиринде да, баанын азыркы жогорулоосу доллардын гана нарксызданышынан келип чыгууда:

-Эгер бул үчүн жоопкер бир факторду тандап алыш керек болсо, мен доллардын алсырашы деп айтар элем.

ОПЕК мунайдын баасын узактан бери эле доллар менен белгилейт. Эми баанын барган сайын өсүүсү экономика долларга байланган өлкөлөр, ириде АКШ үчүн кыйынчылык жаратууда. Президент Жорж Буш ОПЕКтин бааны арзандатпоосу катачылык деп эсептейт:

-Менимче, силердин эң ири керектөөчүңөрдүн экономикасын басаңдатуу катачылык же силердин эң ири керектөөчүңөрдүн экономикасы энергия баасынын кымбаттыгынан улам басаңдоодо. Ооба, бизде турак жай, кредит чөйрөсүндө айрым проблемалар болду. Бирок бензин баасынын көтөрүлүүсү АКШдагы экономикалык өсүшкө сокку уруп жатканында шек жок.

АКШ президенти кошумчалагандай, ОПЕКтин мүчөлөрү баанын кымбатташы керектөөчүлөрдү энергия булактарын диверсификациялоого түртөөрүнөн да тынчызданышы керек. Калыбына келип туруучу энергия боюнча ушул шаршембиде Вашингтондо өткөн эл аралык конференцияда Жорж Буш америкалыктар мунайга көз карандылыгын азайтыш зарылдыгына токтолду:

-Америка адатын өзгөртүшү керек. Биз мунайдан чыгышыбыз абзел. Мунун биринчи себеби - мунайга көз карандылык экономикабызга реалдуу чакырык таштоодо.

Президент Жорж Буш Вашингтондогу конференциядагы сөзүндө тамашага чалып, өзгөрүүнү өзүнөн башташ керектигин да белгиледи. Ак үй менен конференция өткөн имараттын аралыгы эки чакырымдан бир аз эле көп экенине карабай, 20 машиненден турган автокербендин коштоосунда келген.

Мунай менен бирге эл аралык базарда алтын баасы да асмандоодо. Бейшемби күнү европалык биржалардагы соода баа жаңы чекти багындырып, алтындын бир уницийи 991,68 $га чыкты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG