Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

АКСЫ ОКУЯСЫ: СУЛТАН УРМАНАЕВГЕ СОТ ӨКҮМҮ УГУЗУЛДУ

  • Ырысбай Абдыраимов

6-мартта кечке жуук Бишкек гарнизондук соту Аксы окуясы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/02/E1803892-F914-4F22-9A78-F76A87F4C922.asp боюнча айыпталып жаткан Султан Урманаевге карата өзүнүн өкүмүн чыгарды. Соттун өкүмүнө ылайык облустун мурдагы губернатору Урманаев кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча айыптуу деп табылды жана ал үч жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу кесилди. Султан Урманаев өзүнө карата чыгарылган өкүмдү саясий иш катары баалап, өкүмдү жокко чыгаруу доо арызы менен жогору турган сотторго кайрыларын билдирди.

Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан облустун мурдагы губернатору Султан Урманаевге 6-мартта Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмү уктурулду. Өкүмдү окуган соттун төрагасы Жакыпбек Бектемировдун баяндамасы боюнча экс губернатордун айыбы ички иштер министри Темирбек Акматалиев, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов жана башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен аныкталды.

Губернатор 2002-жылдын 26-27-февралында ички иштер министри менен анын 1-орунбасарынын кеңеши жана президенттик администрациянын мурунку башчысы Аманбек Карыпкуловдун, кийин 15-мартта да кайра эле Карыпкуловдун тыюу салганын шылтоо кылып, аны күтүп жаткан аксылыктар менен жолугушууга атайылап барган эмес. Анын айынан депутат Азимбек Бекназоровду камактан бошотуп алууну көздөгөн адамдар район борборун көздөй жөнөшкөн. Алты жыл мурда Боспиек деген жерде алар менен милиция кагылышып, натыйжада ок атылып, ошол жерде төрт адам өлүп, жети киши октон жарадар болгон деп айтылды баяндамада. Урманаев кылмыш кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык кылмыш жасаган деген чечим чыгарылды:

- Урманаев Султан Исакунович 304-берене боюнча кылмыш кылган деп табылсын. Үй-мүлкү конфискацияланбастан ага үч жылдык сыноо мөөнөтү менен беш жыл жаза чектелсин, - деди соттун төрагасы.

Бирок, мындай өкүм менен губернатор Султан Урманаев макул болгон жок. Ал өкүмдү жокко чыгаруу үчүн Бишкек гарнизондук соттон жогору турган сотко кайрыла турган болду. Анын белгилешинче соттун мындай чечим чыгарылаары ага мурдатан эле дайын болчу. Сот губернатор менен аны жактаган адамдардын көрсөтмөлөрүн эске алган эмес. Урманаевдин айтымында, өкүмдүн чыгышына Аманбек Карыпкуловдун көрсөтмөсү негиз болгон жана өзүнө коюлган кылмыш ишинде саясий өңүт басымдуулук кылды:

- Биринчи сот деп эсептейбиз, бирок биз арызданабыз дагы. Акыйкат чечим болгон жок деп ойлойм. Бул жерде баш прокурорунун представлениеси негиз болуп атат, ошого таяп атат. 2002-жылдан 2007-жылга чейин 5 жыл өтпөдүбү, анан 2005-жылга чейин булар кандай аракет кылыш керек күн мурунтан ошолордун бардыгын сүйлөшүп алышкан. Бул жерде саясий чечимдин боектору бар деп эсептейм. Негизинен бул кылмыш эмес. Менде бир илинчек менен мени кармап турат деген ой болгон. Карыпкуловдун айтканы негизги роль ойноп кетти, - деп айтты Аксы окуясы боюнча айыпталып келе жаткан облустун мурдагы губернатору Султан Урманаев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG