Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

БОРБОР АЗИЯДАГЫ АБА БАЗАЛАРДЫН КЕЛЕЧЕГИ


НАТОнун баш катчысынын Түштүк Кавказ жана Борбор Азиядагы атайын өкүлү Роберт Симмонстун Өбекстан Ооганстан менен чектеш Термездеги аскер базасын Түндүк Альянска мүчө бардык мамлекеттердин пайдалануусуна берүүгө макул деген 5-марттагы билдирүүсү саясатчылардын бүйүрүн дароо кызытты. Анткени эл аралык террорчулукка каршы күрөшүүчү америкалык аскерге Ханабаддагы базасын 2001-жылы берип коюп, аны 2005-жылдагы Анжияндагы кандуу окуядан кийин кууп чыккан Өзбекстан батышка эмне үчүн кайра кулачын ачып жатат деген собол өтө олуттуу.

Түндүк Альянстын атайын өкүлү Роберт Симмонстун билдирүүсү 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин батыштан четтеген Өзбекстан тышкы саясатын өзгөртөбү деген ойду дароо пайда кылды. Ошону менен бирге Анжиянда бейкүнөө адамдарга ок аткан өзбек бийлигинин өз билемдигин батыш унутабы деп укук коргоочуларды сестентүүдө. Андан тышкары саясат талдоочулар өз автоном облустарын борборго катуу байлап, эми мурдагы совет өлкөлөрүнүн аймагында кадыр-баркын күчөтүүгө багыт алган Орусияны да ойго салат деп айтып чыгышты.

Кыргызстандын “Манас” аэропортундагы америкалык авиабазаны эртеби-кечпи чыгарбай койбойбуз деп маал-маалы менен айтып турган кыргыз бийлигинин саясаты да дароо таразага түштү. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун баамында, америкалык авиабазага карата кыргыз бийлигинин саясаты батышты Борбор Азиядагы башка мамлекеттердин ниетин иликтөөгө мажбур кылып жатат:

- Биз так саясат жүргүзбөсөк ишенимден кетип калабыз. Ошондуктан Американын өкүлдөрү альтернативдүү база издөөгө мажбур болуп жатышат.

2001-жылкы АКШдагы ири террактардан кийин террорчулуктун тамырын үзүүгө багытталган америкалык аскерлерди жайгаштырууга Кыргызстан менен катар коңшулардын бардыгы эле даяр болгондугун эске салган саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, алар азыр деле андай сунуштан баш тартпайт. Себеби анын экономикалык баасына караганда саясий мааниси абдан жогору:

- Казакстан деле, Тажикстан деле, Өзбекстан деле өз аэропортторун бергенге даяр. Анткени анын саясий жактан мааниси абдан чоң. Америкалык база турган жерге Америка чатыр болуп берет жана көп маселелерди ошол аркылуу чечсе болот. Биз эл аралык күчтөргө жардам беришибиз керек. Бул биздин милдетибиз, анткени Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы күрөшүү тууралуу Конвенцияга кол койгон.

Москвада жайгашкан саясий технологиялар борборунун директорунун орун басары Сергей Михеевдин баамында, Каримов Орусия менен Кытайдын таасиринен алыстоо үчүн тышкы саясатын батышка бурушу толук мүмкүн. Бирок, ал Өзбекстандагы режимге таасир бербей койбойт:

-Америкалык базаны кайра алып келүү Өзбекстан менен Американын мамилесин жакшыртышы мүмкүн. Бирок ал Орусия менен алакасын дароо салкындатат. Каримов үчүн кайсынысы жакшы экенин мен билбейм. Себеби авторитардык режимдеги мамлекеттердин америкалыктар менен ымалага барышы ошол режимдин жеңилишине алып бараарын тажрыйба көрсөтүп келет.

Анжиян окуясынан кийин АКШ менен Европа биримдигинин санкциясына тушуккан, бирок прагматикалуу саясат жүргүзгөн Өзбекстанга ыкласын өзгөртүүгө Жамааттык коопсуздук келишим жана Евразия экономикалык шериктештик уюмдарына киргени деле тоскоол болбойт дейт кыргызстандык саясат талдоочу Орозбек Молдалиев:

- Батыш мамлекеттеринин санкцияларын жакында Европа Биримдиги дагы бир жолу карайт. Бул ошонун алдында жасалып жаткан өзүнчө бир кадам. Инвестиция деген ошол жактан келет, технология дагы батыштын өнүккөн мамлекеттеринен келет. Орусия өзү ошондой технологияга муктаж. Анан Орусияны карап отура бергенде пайда бербейт да!

Анткен менен мындай божомолдорду Американын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Молли Стивенсон:

- АКШ Өзбекстандын аскерий базаларын пайдаланбайт. Термезде, Каршиде же Өзбекстандын башка жагында Американын аскерлери жайгаштырылбайт, - деп жокко чыгарды.

Ал эми Анжияндагы кандуу окуя батыштын эсинен чыгып кетеби деген кооптонууга негиз жок, себеби ал көпчүлүккө сабак болгон дейт москвалык саясат талдоочу Сергей Михеев:

- Анжияндагы окуя такыр унутулду деп ойлобойм. Андан зарыл жыйынтык чыгарылып, олуттуу сабак алынган. Каримов дагы бир жолу андай тобокелдикке барарына күмөнүм бар.

XS
SM
MD
LG