Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Эгин-тегиндин жаңы илдети – “сары күйүк” митеси пайда болду. Ал Африкадан таралып, батыш Иранга чейин жетти. Андан ары Ооганстанга жана Орто Азия өлкөлөрүнө жайылышы мүмкүн. Бул тууралуу аталган аймактагы өкмөттөрдү, дыйкандарды алдын ала эскертип, Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба программасы аларды катуу кулакдар кыла баштады.

Эгин-тегиндин баары, айрыкча буудай адатта саргайып бышат эмеспи. Бирок кээде көк алысын маалынан кийин эле өспөй, күйүп кеткен учурлар да болот. Бул жагдай дыйкандарга атам замандан бери белгилүү, дейт Улуттар Уюмунун азык-түлүк жана айыл чарба программасынын улук агроном-эксперти Вафа Хоери. Жаңы илдет ошонун бир түрү. Бирок ал бат жайылып, эгиндин, өзгөчө буудайдын зыяндуу мителерге кыйла байымдуу сортторун да соолутуп жиберет. Аны шарттуу түрдө “сары көсөө” же “сары күйүк” деп атаса болот.

Буудайдын бул митеси 1999-жылы биринчи ирет Угандадан табылды.Сыягы,ал мурда эле болсо керек, болгону көп байкалбай, байкалса да анчейин маани берилбей келген окшойт. Эми аны шамал айдап, Аравия жарым аралына жуктурду, атүгүл Ирандын батыш ыптасындагы эгин аймактарына чейин жетти.

Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын адистери “сары күйүк” акырындап Ооганстанды жана Пакистанды капташы мүмкүн,алардан Өзбекстанга, Түркмөнстанга өтүп, Казакстандын эгин талааларына чейин жетиши ыктымал деп чочулашат. “Сары көсөөгө” буудайдын 80 процентке жакын сорту туруштук кыла алалбайт. Эгин жаңы баш алып келатканда эле аны саргайтып, күйгүзүп салат, натыйжада машак бышпай калат.
Кокус “сары көсөө” аталган райондорго таралса, анда адистер бүткүл региондо нан азыктарынын өтө чоң каатчылыгы башталарын эскертишет. Жаңы митенин обурун ооздуктоо үчүн кандай чараларды көрүү керек?

Ушу туштан тартып эле өкмөттөр эки багытта тыкыр кадамдарды жасашы керек, дейт Хоери. Биринчи кезекте бул илдет таралганбы-жокпу, кокус айрым очоктору табылса кандай аракеттер көрүү керек – ушул жагына азырлануу зарыл. Экинчиден, дыйкандарды эгин-тегиндин зыяндуу илдеттерге чыдамдуу сортторун сепкенге көнүктүрүү керек, атүгүл мындай үрөндөрдү таап, дыйкандарга үлөштүрүп берген абзел.

Албетте, айрым “кооптуу” делинген райондордо химиялык иш чараларды өткөрсө да жаман болбос эле, бирок бул Борборазия өлкөлөрү үчүн экономикалык жактан өтө кымбатка турат, анын үстүнө экологиялык көз караштан алганда мунун кажети жок.

Эң ишенимдүү жана арзан жол – буудайдын ар түрдүү сортторун түзүү, алардын илдеттерге чыдамдуу түрлөрүн көбөйтүү. Ушундай шартта гана “сары көсөө” митесин “ачка калтырып”, өлтүргөнгө болот. “Эгер митеге жаккан оокат болсо, аны соруп, жей берет. Эгер ага жакпаган тамак болсо, анда ал өзү ачкадан кезээрип өлөт”, - дейт Хоери.
XS
SM
MD
LG