Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

7:15 Султан Урманаевге карата чыгарылган өкүм адилет болгон жок


Мындай пикирин Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал Султан Урманаев Аксы окуясындагы кан төгүүгө түздөн-түз тиешеси бар адамдар менен бирдей жазага чегерилип жатканы адилетсиздик, деп эсептейт. Адвокаттын пикиринде Бишкек аскердик соту тарабынан жүргүзүлгөн сот иши Аксылыктарды алаксытуу, тынчытуу амалында жасаган Курманбек Бакиевдин саясаты. “Аксы окуясына байланыштуу чыгарылган сот чечимдери Аксылыктардын көңүлүн тынчытпайт, тескерисинче алардын кыжырданууларын келтирет, дейт Сартбай Жайчыбеков. Анын айтымында 17-мартта Бозпиекте өтүүчү Элдик сотто Султан Урманаевге карата башка, тескери өкүм чыгуусу мүмкүн.
Кечээ Бишкек аскердик соту Жалалабаттын мурдагы губернатору Султан Урманаевди үч жылдык сыноо мөөнөтү менен беш жылга шарттуу кескен. Ушул эле сот өткөн жылдын октябрь айында Аксы окуясы боюнча айыпталган мчки иштер министринин мурдагы 1-орунбасары Садырбек Дубанаевди коюлган айыптар далилденбегендигине байланыштуу актап, ал эми облустун экс-прокурору Зоотбек Кудайбергеновду жана областтык милициянын мурдагы башчысы Кубанычбек Токобаевди 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG