Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

9:35 Кыргызстанда курулуш көрсөткүчтөрү төмөндөөдө


Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айынын жыйынтыктары боюнча, курулуш темпи дээрлик 6 пайызга азайды. Бул тууралуу экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Акылбек Жапаров кечээ өкмөттүк жыйында билдирди. Анткен менен тейлөө тармагы 8 пайызга, айыл чарба 1,7 пайызга чоңойду. Акылбек Жапаровдун айтымында, курулуш темпинин азайышы мэриянын курулуп бүтө элек турак-жайдын квадрат метри үчүн 50 доллардан чегерип алуу ниетине байланыштуу болушу ыктымал. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG