Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

Амирбек Усманов, Прага НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Брюсселде аяктаган жыйында альянсты кеңейтүү боюнча бир пикирге келишпеди. Россия менен мамилесин бузуп алуудан чочуган Батыш Европа өлкөлөрү Грузия менен Украинаны болочокто уюмга кабыл алуу боюнча бир экиге бөлүндү. Ал эми Македонияны НАТОго кабыл алууга альянстын мүчөсү Грекия каршы чыкты. Россия НАТОнун постсоветтик мейкиндикке кеңейүүсүнө ачык жактырбайт.

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынына Россиянын өкүлү катышпады. Бирок министрлер Батыш Европа өлкөлөрүнүн отун энергия коопсуздугу Россияга да байланыштуу экенин жадынан чыгарышпады. Көпчүлүк министрлер аскерий кызматташууга караганда, өз өлкөлөрүнүн биринчи орунга коюшту. Же Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер айткандай, Украина менен Грузияны уюмга кабыл алуу маселеси колго салынганда уюм мүчөлөрү “карама каршы көз карашта” болду. Ал эми НАТОнун Башкатчысы Яап де Хооп Скеффер талкуунун мазмууну жөнүндө сыпаа гана мындай деди:

-Альянска Украина жана Грузиянын тилеги түшүнүктүү. Эки өлкө тең НАТО менен ургаалдуу сүйлөшүп жатканы эртең мененки жыйында кайра тастыкталды.

Грузия жана Украина апрелде Бухаресте өтчү жыйында “НАТОго мүчөлүк аракет планына” кабыл алынабыз деген үмүттө эле. Буга, дипломаттардын айтымында, Германия, Франция, Испания, Нидерландия, Белгия жана Люксембург каршы туршту. Алар Украинанын эли жана саясатчылары арасында НАТОго өтүү боюнча биримдиктин жоктугун, Грузия оболу Абахазия жана Түштүк Осетия чатагын жөндөшү зарыл экенин жүйө катары бетке кармашты.

Эки өлкөнүн НАТОго өтүү дымагын Польша, постсоветтик Балтия мамлекеттери, ошондой эле Британия колдоодо.

Демейде НАТОнун кеңейүүсүн жактап жүргөн АКШ уюмга мүчөлүк талапкер өлкөнүн өнүгүү деңгээлине жараша аныкталарын, жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга уюмдан тыш өлкөлөр тоскоол боло албасын кайра билдирди. Мамкатчы Кондолиза Райс кабарчыларга Грузия жана Украинаны НАТОго кабыл алууда аларды мурдакы советтик республикалар деп, кандайдыр бир жеңилдик берүүгө каршы экенин түз айтты. Ушундан улам, эки өлкөнүн мүчөлүгүнө байланыштуу суроого НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башчылары Бухаресте чекит койот деп боолгошот НАТОлук дипломаттар.

Брюсселде Хорватия менен Албаниянын НАТОго өтүү ыкласы жалпы жонунан колдонду. Бирок үчүнчү талапкер Македонияга НАТОго мүчө Грекия шарт койду: ал өз аталышын Жогорку же Төмөнкү Македония деп өзгөртүшү керек. Болбосо, Грекиянын ушул аталыштагы аймагына доомат кылышы мүмкүн деп кооптонот ырасмий Афины. Македония буга ынанбай жүрөт.

Албания менен Хорватия эгер Македонияны кабыл алууга Грекия вето жарыяласа, уюмга өтүү мөөнөтү дагы узарат деп коркушат. Себеби НАТОнун азыркы мүчөлөрү үч өлкө чогуу кабыл алынат, болбосо, маселе убактылуу токтотулат деп кулак какты кылышкан.
XS
SM
MD
LG