Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Менчиктештирүү саясаты, Коомдук парламенттин иши боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаты, Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев жооп берди.

- Президент “мамлекет эң начар кожоюн, ошондуктан бардыгы менчиктештирилиш керек” деген саясат жүргүзүүдө. Коммунисттер бул саясатка каршыбы?

-Бул саясатка биз башынан эле каршы болуп келебиз. Себеби биздин пикирибиз боюнча мамлекет жаман кожоюн эмес, мамлекеттик кызматкерлер ууру болсо, анда сөзсүз мамлекет башкара албайт деген тыянак чыгарсак болот. Ушул 16 жылда бизде канча кызматкер ушундай уурулукка жоопко тартылганын айтуу кыйын болот. Себеби бирин-бири колдоп, коргоп, жаап жүргөн. Башкара албаса кызматынан бошотуп, жоопко тартыш керек да.

- Сиздердин фракция “Айыл банкын” менчиктештирүүгө таптакыр каршыбыз деген билдирүү менен чыкты. Анын себеби эмнеде?

-Биринчиден, бул банк түзүлгөндө максаттары ачык айтылган болчу. Эми дыйкандарга кичине тыйын түшөт, мүмкүнчүлүк берилет, өкмөт көзөмөл кылып, гарант болуп турат деп. Ал эми азыр өкмөттүн акчасы жетишпейт деп менчиктештирүүгө барууда. Бирок негизи банк менчиктештирилгенден кийин бул кадимкидей катардагы банк болуп калат. Анын өзүнүн ставкалары чоңоет, катардагы банктай эле банкрот болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан дыйкандарга арналган, алардын өнүгүшүнө максат койгон банк болбой калат. Менчиктештирүүнүн кажети жок. Себеби 16 жылдан бери менчиктештирүүнүн жыйынтыктарына күбө болдук. Азыркы өкмөттө топтолуп турган байлыктарды сатканга шашпай, адегенде терең ойлонсок болот эле.

- Мамлекет дагы ушул банк аркылуу мүмкүн колунда болсо айыл чарбасын колдоонун бир рычагын кармап турса керек эле...

-Менимче, өкмөт жоопкерчиликти өз мойнуна алгысы келбейт да. Себеби бүгүнкү күндө жерди майдалап элге бергенден кийин мамлекет чынын айтканда элге бир нерсе кылганга милдеттүү эмес. Ал эми эл болгондон кийин көзөмөл кылып, анда-санда жардам берип туруш керек. “Айыл банк” болгондон кийин сөзсүз дыйкандарга жардам бериш керек. Эгерде акча жетишпесе, дыйкандар өкмөттөн көрөт. Ал эми саткандан кийин жоопкерчилик жок болуп калат. Жоопкерчиликтен качуу максат болуп жатат.

- Быйылкы жылы үч ири компанияны – “Кыргызтелекомду”, “Түндүкэлектрону”, “Бишкек жылуулук тармактарын” азыр баалап жатат, ал үчүн тендер жарыяланды. Силердин фракция бул маселе боюнча кандай добуш берет?

-Биз башында эле ачык айтып жарыялаганбыз, чоң стратегиялык компанияларга тендер жарыялоого каршыбыз. Эгерде кайсы бир дүкөн, сауна болгондо, эч нерсе дебейбиз, мейли сата берсин деп. Бирок жалпы айтып кетейин, учурда мындай маалымат жүргөн эле: 9 миллиард долларлык мүлктү саткандан кийин 300 миллион доллар кампага түшкөн. Ошондуктан анын жыйынтыгын айтпай эле коеюн.

Сиз айткан ири ишканаларга биз эмне себептен каршыбыз? Кечээ бир министр айтып жатат, “мына электр тармактарды сатсак жакшы болот, себеби атаандаштык болот эле” деп. Мен суроо берет элем: эмне үчүн бүгүн бир дагы киши параллель электр түйүнүн курган жок? Биз коркуп жатабыз, менчикке өткөндөн кийин тарифтердин наркы жана башка нерселер көтөрүлүп, элибизге кыйын болуп калат.

- Исхак мырза, Коомдук парламенттин ишине кандай карайсыз? Быйылкы саясий кырдаал кайсы багытта өнүгөт?

-Коомдук парламентке мен калыс карайм, азырынча жыйынтыгын айта албайм, мамилемди дагы айта албайм. Айтылган аракеттер жакшы эле деп эсептейм, бирок Коомдук парламенттин өнүгүшүнө көп деле ишенбейм.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG