Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

10:56 У. Ормонов: Банктар каржылык чалгындоо кызматына маалымат берүү менен мыйзамды бузууда


«Каржылык чалгындоо кызматы түзүлгөндөн баштап, эл аралык террочулукка жана акчаны адалдоого каршы күрөшүү себеби менен банкттар бир жыл беш айдан бери каржылык чалгындоо кызматына финансылык операциялар тууралуу маалымат берүүдө. Бирок бул «банктык сырдык сактоо» тууралуу мыйзамга карама-каршы келип жатат. Демек банкттар ушунча убакыттан бери одоно мыйзам бузууда», - деди депутат Улугбек Ормонов. Эл аралык террочулукка жана акчаны адалдоого каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, банкттар 1 миллион сомдон өйдө суммадагы операциялар тууралуу маалыматты каржылык чалгындоо кызматына берип турушу керек. Кызматтын башчысы Максатбек Садыров эл аралык террочулукка жана акчаны адалдоого каршы күрөшүү жөнүндөгү мыйзам 2006-жылы кабыл алынгандыктан, кеп аны менен башка мыйзамдарды дал келтирүү жөнүндө болуп жатканын айтты. Бирок депутаттар документтерди аягына чейин иштеп чыгуу үчүн кайрадан комитетке кайтарышты. (JTo)

XS
SM
MD
LG