Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Маектешкен Айданбек Акмат уулу, Бишкек Токтогул ГЭСинин суу сактагычтагы суунун көлөмү боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, энергетика боюнча ири адисттердин бири Райымбек Мамыров жооп берди.

-Райымбек мырза, Токтогул ГЭСинин бузула баштоосу техниканын эскирүүсү жана суунун азайышы менен түшүндүрүлүүдө. Дегеле ГЭС канча жылга деп курулган жана азыркы чакта анын тетиктеринин жешилүүсү канчалык опурталдуу деңгээлге жетип калган?

-Бул суроону экиге бөлүп алыш керек. Себеби суунун азайышы менен Токтогул ГЭСинин тетиктеринин эскиришинин ортосунда көп деле байланыш жок. Токтогул ГЭСинин акыркы агрегаты 1974-жылы берилсе керек. Ошону менен 99-жылы Токтогул ГЭСинин 25 жылдыгы өткөрүлгөн. Негизинен гидростанциялардын тетиктери көп жылдарга эсептелген. Бирок аларды улам өзүнүн графиги менен ремонттон өткөрүп туруш керек.

Экинчиден, бул тетиктерди эксплуатацияга байланыштуу болот. Ал көбүнчө суунун запастарына жана анын деңгээлине байланыштуу болот. Кечээ мен дагы ММКдан угуп калдым, азыр көрсө Токтогул ГЭСинде суунун деңгээли болгону жети миллиарддын тегерегинде болуп калды. Суунун деңгээли улам түшө берген сайын, платинанын бийиктиги аз болуп, болжол менен 110 метр суунун бийиктиги болгондон кийин иштеп жаткан генераторлордо техникалык титирөө башталып, ал тетиктердин тезирээк иштен чыгышына түрткү болот.

-Бул басымдын кыскарышы менен болобу?

-Ал суунун бийиктигинин азайышы менен болот. Мисалы, Токтогул ГЭСинде өзү 19 миллиарддын тегерегинде суу болуш керек, эң көп болгондо суунун бийиктиги 200 метр болот. Бүгүнкү күндө, кечээ мен окуган маалымат боюнча 123 метр калды дейт. Критикалык чекит дегени 110 метр болот, башкача айтканда дагы 10 метр иштете турган болсок, анда Токтогул ГЭСинин төрт агрегатын тең токтотууга мажбур болобуз.

-Бул ГЭСти толук ремонттоо үчүн канча каражат талап кылынат?

-Бүгүнкү күндө эгерде суунун жанагыдай маселеси болбогондо, жылдагыдай эле “Электрстанция” Акционердик коому өз каражаты менен ремонт кылып эле жүргөн, ошону менен эле жүрүш керек эле. Эми суунун аз болгонуна байланыштуу ал жерден азыраак электроэнергия иштелип чыгып, акча дагы азыраак топтолуп калышы мүмкүн. Мына ошого байланыштуу. Бирок эгер жаңы жабдуу жөнүндө айта турган болсок, анда ал бир канча жүздөгөн миллион доллардын тегерегинде болуп кетиши мүмкүн. Ремонтко өзүнүн баалары бар. Азыр эсимде жок.

-Райымбек мырза, өкмөт Бишкек ТЭЦи, “Түндүкэлектрону” баалоо үчүн тендер жарыялады, бул менчиктештирүүнүн алгачкы кадам экени белгилүү. Айрым саясатчылар ушул “Түндүкэлектрону” бөлүп менчиктештирүүнү сунуштоодо. Сиз энергетика адиси катары кайсы жол туура деп эсептейсиз?

-Жок, аны бөлүп-бөлүп менчиктештирүү эч качан болбойт. Биз мындай менчиктештирүүнү айыл чарбасынан көргөнбүз. Эми аны айтып жаткан саясатчылар айыл чарбадан көбүрөөк адис болбосо керек. Бул жерде электрэнергия Токтогул ГЭСинен келет, муну билесиңер. Келгенден кийин “Түндүкэлектро” өзүнүн чек арасына алып иштетет. Анан биз аны ар бир районго бөлүп-бөлүп алып менчиктештирсек, эртең такыр эч нерсе таппай калабыз. Электрэнергияны биринен-бири өткөрбөй коет. Менчиктештирүү жөнүндө сөз болгондо бөлүштүрүүчү компания жөнүндө болот. Бир компания чечилгенден кийин “Түндүкэлектронун” чегинде менчиктештиреби, арендага береби, башка жол менен жасаш керек. Бирок бөлгөнгө болбойт, мен буга такыр кошула албайм.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG