Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Түркмөнстан менен Азербайжандын расмий өкүлдөрү соңку эки ай ичи эле үч ирээт жолугушту. Анын натыйжасында тараптар эки өлкөнүн алакасы оңолуусуна жолтоо болгон маселелердин бирин чечкендей. Мындан кийин эми алар Батыш кызыкдар болгон Транскаспий газ кууру долбоорунун үстүнөн биргелешип иштеп кете алабы? Бул азырынча толук белгисиз.

Түркмөн жана азербайжан расмий өкүлдөрүнүн эки өлкөнүн алакасы жакшырышына жолтоо болуп келген олуттуу проблеманы ушул аптада чечиши Түркмөнстандын көгүлтүр оту Европага Орусия же Ирандын аймагын айланбастан да ага алат деген үмүттөрдү кайра жандандыргансыды.

Эки делегациянын быйыл январдан берки үчүнчү жолугушуусунун натыйжасында Азербайжандын Түркмөнстанга газ боюнча он алты жыл мурда топтолгон карызына байланышкан талаш чечилди.

Түркмөнстан тээ 1991-92–жылдары алынган газ үчүн Азербайжандын 56 миллион доллар карызы бар деп ырастап келген. Азербайжан ал сумманы 18 эле миллион деп эле эсептечи. Эми расмий Баку ушул жылдын соңуна дейре 44,8 миллион доллар төлөп берүүгө макул болгонун билдирүүдө.

Минтип эки тараптын эсебинин нөлдөн башталышы калган маселелерге, атап айтканда Европа өлкөлөрү менен алардын газ керектөөчүлөрүнүн оюнда көптөн бери жүргөн план - Транскаспий газ кууру боюнча талкууга өтүүгө жол ачып жаткандай. Транскаспий газ кууру долбоор боюнча Түркмөнстанда түз эле Азербайжанга жетип, андан ары Түркия аркылуу Европага багыт алышы керек.

Анткен менен али чечиле элек бир тоскоолдук бар. Ал - Каспийдин түбүндө болжол менен Азербайжан менен Түрмөнстандан берки жарым жолдо жаткан газ корлорунун укуктук маккамы, кимге таандык экендиги.

Башкаларынан да ушул маселе 1990 – жылдары эки өлкөнүн мамилеси муздашына алып барган эле. Эки өлкөнүн муздак мамилеси түркмөн президенттигине былтыр Гурбангулу Бердымухаммедов келгенге чейин созулду. Андан бери эки ортодогу муз эрип, Гурбангулу Бердымухаммедов июнда Азербайжанга мамлекеттик визит менен барган жатат. 1990-жылы Түркмөнстандын мунай министри болгон, азыр сүргүндө жашаган Назар Суюнов Транскаспий газ куурунун өлкө үчүн пайдасы чоң деп эсептейт:

-Түркмөнстан үчүн бул экономикалык, саясий жактан алганда да пайдалуу.

Азербайжан менен Түркмөнстанды Транскаспий газ кууру үстүнөн иштөөгө көндүрүүгө Еврошаркет да аракеттенип келүүдө. Муну менен шаркет көгүлтүр от боюнча Орусияга көз карандылыгын азайтууну көздөйт. Уюмдун азыркы төрагасы – Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Рупель өткөн айда Бакуга шаркеттин делегациясын баштап барганда мындай деген эле:

-Албетте биздин күн тартибибиздеги олуттуу маселелердин бири - энергия коопсуздугу. Биз Еврошаркет менен Азербайжан ортосундагы гана эмес Азербайжан менен Түркмөнстан ортосундагы алаканы, байланышты жана келишимдерди да колдойбуз.

Он жылдан ашуун убакыттан бери сөз болуп келе жаткан Транскаспий газ кууру долбоорун Кошмо Штаттар да жактайт. Аталган маселени талкуулоо үчүн өткөн аптада эле Ашхабадга АКШ мамлекеттик департаментинин атайын өкүлү Стивен Манн келип, президент Гурбангулу Бердумухаммедов менен кездешти.

АКШ менен Еврошаркет ошондой эле Түркмөнстандын көгүлтүр оту Набукко газ куурун толтурууга жардам береби деп да үмүттөнөт. Бул долбоор Каспийдин көгүлтүр отун Түркия аркылуу Балкан чөлкөмүнө, андан ары Борбордук Европага чыгарууну карайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG