Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Маектешкен Төрөкул Дооров, Токио Ушул тапта кыргыз жарандарын дүйнөнүң көп мамлекеттеринен жолуктурганга болот. Анын үстүнө өлкө дипломатиялык мамилелерди да өнүктүрүп жаткан мамлекеттерде кыргыз жарандарынын саны көбөйүп баратканы байкалат. Жапониядагы кыргыздардын саны Орусия же Казакстандагыдай болбогону менен, жапон элинин тилин, маданиятын үйрөнүп, алардан ишкердикти окуп жаткан кыргыз студенттери бар. Жакшылык Акматалиева менен Сейтек Качкынбай - жапон жергесинде илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп жаткан жаш кыргыз окумуштууларынан. Жакшылык Токио университетинин филология факультетинде жапон тили менен кыргыз тилинин айырма-окшоштуктары боюнча кандидаттык илимий ишин даярдап жатат. Буга чейин Кытайда билим алган Сейтек Качкынбай болсо ушу тапта демократизация жана экономика жаатында магистратурада билим алууда. Кабарчыбыз Төрөкул Дооров менен Токиодо болгон маегинде алар 2 жыл мурун Жапонияда кыргыз студенттеринин уюму түзүлгөнүн айтышты. 100гө жакын кыргыз жарандарын мүчөлүккө алган бул уюмду азыр Сейтек жетектейт.

Сейтек Качкынбай: - Жапониядагы кыргыздар эки улутка окшош, орус тилдүү кыргыздар анан кыргыз тилдүү кыргыздар. Экөө өздөрүн-өздөрү эки башка идентификациялашат. Албетте экөө тең кыргыз өлкөсүнүн, кыргыз улутунун атуулу катары тааныйт өздөрүн, бирок экөөнүн маңыздарында, жүрүм-турумдарында бир кыйла чоң айырмачылык бар.

Мисалы, бул жерде жүргөн кыргыз тилдүү кыргыздар жапондорго окшошуп кетет, кантсе да азиялык менталитеттин түпкүркү, маңызы, уругубуз дейбиз. Ошон үчүн кыргыз өлкөсүнө карап турат. Ал эми кыргыз өлкөсүндө унутулган нерселер Жапонияда алиге чейин сакталып калган деп карайбыз азыр. Мисалы маданияттан, идентификация катары караганда, албетте эми-эми түзүлүп келаткан Жапония мисалы башынан өткөн 150 жыл мурун “ивакурацицецедан” деп коет жапондор дагы.

Мисалы, 130 жыл мурун Жапонияда дагы азыркыдай метро болгон эмес, биринчи жолу англичандардын метросун көрүп ооздору ачылган. Анан Конституцияны кабыл алышып, Европага, Америкага 44 адамдан турган делегация жөнөтүшкөн ошол жактан барып үйрөнүп келсин деп. Биздин өлкө ошол учурду эми башынан өткөрүп атат. Жаңы өлкө курулуп аткан учурда азыркыга окшогон патриот, өлкөнүн келечегин ойлогон кыргыз жигиттер, кыздар, жаштар өлкөгө барганда өздөрүн кантип идентификациялай алат, өзүнүн өлкөсүнүн келечегин кантип көрөт деген суроо пайда болот, ушул жөнүндө көп ойлойсуң.

Төрөкул Дооров: - Сиз айтып атасыз, жакында биз кыргыздардын бул жакта өзүнчө коомун түздүк деп. Аны өзүңөр жетектейт экенсиңер. Ушул кыргыздар тууралуу азыр жүздөй адам бар деп айтып атасыңар. Алар негизинен студенттерби, же бул жакта иштеп жүргөн жөнөкөй мигранттар да барбы?

Сейтек Качкынбай: - Анын ичинен 70 пайызы окуучулар, студенттер, докторанттар JICA (Жапон эл аралык кызматташуу агенттиги), же өздөрүнүн программалары менен келишкен. Жапондор менен баш кошкон кыргыздар болот бул жерде, арасында эркек балдар, аялдар бар, жөн гана жумуш кылып жүргөндөр да бар. Бирок мыйзамсыз жүргөн кыргыздар негизинен жокко эсе. Эки жыл мурун бир окуя болду, мыйзам бузган бир кыргыз бала. Анын соту болду, мен өзүм катыштым сотуна, “хвотайзай” деп коет, визанын убактысы өтүп кетти, бирок ошентсе дагы бул жерде калып, машине бизнес кылган, анан аягы ар түрдүү болду. Бирок негизинен жокко эсе.

Төрөкул Дооров: - Ушундай окуялар азыр аябай Орусияда, Казакстанда көп, дагы башка мамлекеттерде бар. Көптөгөн кыргыз жарандары ал жактарга барып калып калып жатышат. Бизге бул жакка келгенибизде кызык болгон, Жапониядагы иштеген кыргыздар бар бекен деп. Бир чети жапон тилин билбей туруп иштеген кыйыныраак болсо керек?



Сейтек Качкынбай: - Туура. Бул жерде мыйзам катуу болгон үчүн башынан эле бизнес кылып келген адам жок. Бул жерге көбүнчө окуга келип, анан окуганча жүрүп бизнести анализдеп, анан шыктуу адамдар окуусун бүтүп, бизнесине тырмышып калып калгандар бар. Мисалы, бул жерде машине бизнес кылган түзүк, акыл-эстүү балдар бар, мен тааныйм. Бирок “Шоро” сыяктуу максым ичимдиктерди жасап, акырын-акырын маркетингди изилдеп, бул жерге алып келсе “Кока-колага” окшоп эле келечеги кең болобу деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: - Азыр Жапония менен иштеп аткан кыргызстандык өзүнчө ишканалар барбы? Кыргызстандан бир нерсе алып келип саткан учурлар болгон жокпу?

Сейтек Качкынбай: - Биздин өлкөдөн сырье, же тамак-аш катары бал алып келгендер бар. Бирок транспортировка кымбат. Себеби бизде деңиз жолу жок болгондуктан, аба жолу кымбат турат экен. Ошон үчүн бал алып келгенде, анын баасы Кытайдын балынан жана өздөрүнүн балынан кымбат түшүп калат экен. Ошон үчүн аябай эле чириген байлар үчүн сигменттер гана жебесе, аны негизинен бизнес кылганга анча татыбайт. Же болбосо бул жактан ресторан бизнесин үйрөнүп, Бишкекте ошондой атмосферада жасашат. Бирок тамагы албетте кыргыздын эле тамагы, тейлөө, же интерьерге окшогон атмосфераны ошондой кылса бизнес тарабынан ээликке жетет деп ойлом.

Төрөкул Дооров:- Жакшылык, мына сиз азыр Сейтек айтып өткөн жүздөй кыргыздын ичиндеги 70 пайызынын ичине кирет экенсиз, сиз окуу боюнча келгенсиз бул жакка. Жапониянын билим берүү системасында Кыргызстан менен айырмасы бар кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?

Жакшылык Акматалиева: Кыргызстан менен айырмасы абдан эле чоң деп ойлойм. Мисалы, мен 5 жыл университетте окуп жүргөндө эң биринчи мугалимдер менен студенттердин ортосундагы байланышы абдан тыгыз. Билбейм, ар бир университеттики, ар бир мугалим менен окуучунун ортосунда ар башкача болоттур. Бирок Кыргызстанга салыштырганда университетке барып жөн эле сабакты угуп эле, ал сабактын мазмуну эмне болуп атат, мугалим суроо берип атабы, окуучу кандай кабыл алып атат, ал жөнүндө көп маани берилбейт.

Бул жакка келгенде бир бөлмөнүн ичинде 15 окуучу отурат, бир мугалим баардыгына жетишип, ар биринин оюн угуп, ошол эле 45, же 90 мүнөттө, булар бир кичинекей эле маселени алышып кечке талкуулашып, ал 90 мүнөттө бүтпөйт. Ал маселе экинчи жумага калат. Ошентип кичине-кичинеден аябай талкуулашып, бардыгы бирдикте иштеп чыгарганы мага абдан жагат.

Бирок бир эле нерсе жөнүндө бардыгыныкы окшош ой боло бербейт, ар бири ар башкача ойлонушат. Сенин оюң жаман, же жакшы ой деп айтышпайт. Ошон үчүн азыркы Жапония келип чыкты деп ойлойм. Кичинекей нерсеге көз жумбай, бардыгын кичинеден окутуп атканы мага айырмачылык сыяктуу сезилет.



Төрөкул Дооров:- Жапония көптөр үчүн башка дүйнө. Адамдар дайыма ойлойт, техникалык жагынан, бардык жагынан аябай өнүккөн өлкө деп. Чын эле ошондой өлкө экен. Көптөр үчүн үмүт, өмүрүмдө бир барып, көрүп калсам деген. Силер келип жашап, бул жакта окуп, жергиликтүү эл менен баарлашып, алардын тилин үйрөнүп, тилин үйрөндү демек билимди үйрөнүп жашап атасыңар. Кайсы жактары силерге өзгөчө жагат жапон элинин?

Жакшылык Акматалиева: -Сиз айткан абдан туура деп ойлойм. Биз дагы эң биринчи Бишкектен Жапония жөнүндө укканда, Жапонияга барышыбыз керек, өнүккөн өлкө экен, кандай адамдар жашайт деп ойлочубуз. Ошентип атып биздин максатыбыз ишке ашып, Кудай буюруп азыр Жапонияда отурабыз, чын эле жапондор менен жашап. Бизге эң жакканы булардын мүнөзү жакшы, адамды катуу кагуу деген жок, абдан сыйчыл. Ошол жери жагат. Бирок ошол эле учурда сыйчылдыктын, мисалы бетке айтпаган жагы бар. Биз кыргыздар бетке айтып көнүп калганбыз. Бирок өзүң деле сыйчыл болуп, акырын бетке айтпаганга кичинеден көнүп калат экенсиң. Билбейм, Сейтек кандай ойлойсуң?

Сейтек Качкынбай: - Албетте, ар тараптан карасаң болот. Мисалы бул жерден маданиятын эле карасаң, жалпы жапон элинин мүнөзүн алып карасаң, негизи жапон элинин мүнөзү, жүрүм-туруму, менталитети жалпы кайсы сфера болбосун, кайсы багыт болбосун сөзсүз таасирин тийгизет. Мисалы ошол эле технологияны, илимди, экономиканы алып караганда, саясатты албайлы, кайсы чөйрө болбосун бардык жерде Жапониянын өзүнүн оригиналдуулугу толуп турат. Ошол жагы жакшы. Албетте Жапонияда барынан жакшы жери айлана-чөйрө менен эсептешип жашайт, бул жерде коллективдүү эл болот.

Төрөкул Дооров: - Анткени бир топ адам турса, алар бир жакка жөнөсө, жыйырма адамдын ичинде бир эле адам кечигип кала турган болсо, ошону дагы бир нерсе деп айтып коет турбайбы, башка адамдарды күттүрүп коюу, же бир топ отурса өзү башка иштик кылып аларга кичине алаксытып койсо тоскоол болдум деп айтат экен. Ошону чоң күнөө эмес, начар нерсе катары кабыл алат турбайбы?

Сейтек Качкынбай: - Ошон үчүн бул жерде ар дайым коллективдүү кыймыл. Бул жерде мисалы мен бир фирмада иштесем, эртең ишим чыгып калып, мугалимден суранса дагы, сөзмө-сөз алганда, кечирип коесуз, эртең мени эс алдырып коесузбу дейт. Мен эртең эс алайын дедим эле деп айтпайт. Эс алайын десем, анда бир тараптуу эле мен эс алгым келип атат, сиз кантип ойлойсуз, мен менен тиешеси жок, барыбир мен эс алам дегендей болуп адепсиз болот. Сүйлөшүп аткан угуучунун оюн дагы өзүн кошуп анан айтат жапон эли.

Төрөкул Дооров: - Коллективдүү, же жаматтык кыймыл дегениңерге, мисал катары бизге айтып беришти, бул жерде мисалы бирге иштеген кесиптештер өзүнүн жетекчиси менен ресторанга барып отурушса, биринчи жетекчисин карап турат турбайбы. Ал кандай тамак заказ кылса, калгандары дагы ошону айтып, ооба, ошол жакшы дешет экен. Ошол туурабы?

Сейтек Качкынбай: - Албетте, ал бир тараптуу, экстремалдуу, өтө аша кеткен сөз. Бирок негизинен жалпысынан алганда ошого окшош. Ал өзүнчө стереотип болушу мүмкүн, бирок негизинен ошондой тенденция бар. Эгер башчысы бир нерсе дегенден кийин калгандары ооба дешет. Жапондор менен сүйлөшүп атса дагы, бизде кыргыздар “ии, ии” деп угат го, жапондордо антпейт, “а-а, ошондойбу” деп угушат. Сүйлөшүп аткан маектеш айтып аткан сюжетке ичине кирип өзү катышып угат. Кыргыздар болсо жөн эле сырттан байкоочу катары, видео көрүп аткандай болот.

Жакшылык Акматалиева: - Телефондон деле, “ооба, угуп атам, угуп атам” деп кечке айтып туруш керек. Анткени сүйлөшүп жаткан адам менен “мен сени менен биргемин, мен сиздин сөзүңүздү абдан угуп атам” деген маанини билдирет бул.

Төрөкул Дооров: - Бир нерсе кызык, эмне жакпайт сиздерге, же жакпаган нерсе жокпу? Эмнени кабыл ала албайсыңар жапондордун жашоо образынан, же эмнени кабыл алыш кыйын силерге?

Жакшылык Акматалиева: - Мен үчүн 2 жылдын ичинде шашып бир жака бараткандай сезилет, убакыт ушунчалык тез өтөт, убакыт мени кууп бараткандай. Бишкекте жүргөндө жыргап, бош, жумуш бар болсо деле жоктой. Ал эми бул жакта убакыт жетпейт, ошол жери жагымсызбы, же жакшыбы билбейм.

Төрөкул Дооров:- Чын эле көбү айтып атышат, Жапонияда иштин убактысын, көптөгөн жапондор 12 саат эмес, андан дагы көп иштеп, кээде болуп калат экен, «смерть от переутомления» дегендей. Өтө эле чарчап кетип каза тапкандар да бар экен. Башка көз караш менен алып караганда, бир чети ар бир адам эмгеги үчүн белгилүү бир убакыт берилет, ошону аткарыш керек. Буларда эмне үчүн ушундай өтө эле эмгекчил калк, эмнеге негизделген ушундай аракет?

Жакшылык Акматалиева: - Бул жерде жашоо үчүн күрөш, акча табыш үчүн иштешет булар. Сиз көргөндүрсүз, акчаң жок болсо бул жакта жашоо өтө кыйын. Ошон үчүн булар 24 сааттан, бир жылдын ичинде 360 күн иштешет.

Сейтек Качкынбай: - Негизинен бир жылда болгону 5 күн гана эс алышат, бир жума ашып барса. Биздегидей бир ай эс алып атат деген нерсе нонсес. Андай деген бул жерде жомок да эмес, бир кандай түшүнүксүз нерсе. Жалпы алганда Жапониянын коомунун структурасы ошондой. Жалпы алганда бул жерде демократиялык коом либералдашкан экономикалык жактан да, саясат жактан да. Бирок ошол эле учурда иерархия система. Бир эле учурда капиталисттик коом болгону менен, ошол эле учурда Жапониянын өзүнүн салттык, тардициялык коомунун өзгөчөлүгү, структарысы сакталып калган. Ошон үчүн жапондор өнүгүү жолун индустрия жолу менен тандап калган үчүн бул жерде айла жок. Анын үстүндө өлкөнүн ресурстары да жок. Бул жерде жалгыз ресурс бул адымдык, кадрдык ресурс. Ошон үчүн бул жерде баарын адам чечет, иштегенге мажбур булар.

Төрөкул Дооров: - Бизде көптөн бери эле айтып келатат, Кыргызстанда дагы көп кен байлыктар, же жаратылыш ресурстары жок өлкө, бай эмес. Бирок бизде бир гана байлык бул адамдык ресурс деп. Биздин өзүбүздүн интеллектуалдык деңгээл биздин адистерибиз деп. Бул жагынан алып караганда балким Кыргызстан менен Жапония окшоштур. Бирок жашоо деңгээл такыр эки башка нукта өтүп атат. Силердин оюңар боюнча, силер бул жакта көптөн бери жүрөсүңөр, байкап көрдүңөр, кайсы жактарын биз алсак Кыргызстанда жашоо өзгөрмөк?

Сейтек Качкынбай: - Албетте буларда деле ресурсу жок болгону менен мобилизациянын проблемасы бар. Эл кантип мобилизацияланат, институттар аркылуу мобилизацияланганбы, же тууганчылык аркылуубу, трайбализмдин, кландардын негизинде иштейби. Бул жерде албетте тууганчылык аркылуу эмес, институттар аркылуу, сөзсүз дегенде сынак критерий катары тандоо катуу, ачык түрдө өткөрүлгөн конкуренциянын негизиндеги сынактар жүрөт бул жерде. Ошонун негизинде жеңген адам ар дайым жогорку деңгээлге жетет. Кыргыздарда клан системасы күчтүү эмеспи илгертеден. Анткен менен тууганчылык аркылуу эмес, институттар аркылуу мобилизация алышат лидерлерин тандаганда. Ошол жагынан биз батыштын институт системасын кабыл алганда жакшы болот го жапондорго окшоп деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: - Бул жакта кызык нерсе, көбүрөөк студенттер көрүп атасыңар, жапондор аябай көп иштеп атат, силерди дагы көп иштеп, окуганга үйрөтүп, мобилизациялап атышат. Ошол убакта силер кантип эс аласыңар. Силердин бул жакта эс ала турган өзүнчө бир башка жолдор барбы, же кыргыздар өзүңөр топтолуп, сүйлөшкөн учурларыңар болобу?

Жакшылык Акматалиева: - Анда-санда биз эс алабыз. Албетте көбүнчөсүн кыргыздар, мисалы Жаңны жылдарда, майрамдарда, же жөн гана бири-бирибиз менен жолуккубуз келгенде, бири-бирибиз менен телефон, же эмейл аркылуу чакырышып эле, бир жака отуруп алып кыргызча эле эс алабыз. Жаңы жылды ар жыл сайын бирге кыргыздар бирдиктүү тосуп атабыз. Студенттер жаңы жылды алып барууну уюштурушат. Кыргыз элчилигинен бардыгы келип бизди куттукташып, чогуу көңүлдүү тосконго аракет кылып атабыз.

Сейтек Качкынбай: - Эс алуу демекчи, ар түрдүү эс аласың. Бирок негизинен мен өзүм жапондордун спортун жакшы көргөндүгүм үчүн, кендо деп коет, жумасына эки жолу кендого барам. Кендодон бул жерде 84 жакштагы аксакал агайым бар. Ал киши өзү дожо деп коет, кендо залда үйрөтөт. Ошого шакирт болуп, азыр экинчи данды алдым, буюрса эмдиги жылы үчүнчү данга барам. Ошондо стрести чыгарасың бир чети, ал жерде кадимкидей мушташасың, кыйкырасың үнүңдүн болушунча. Ар жолу эки сааттан чарчап анан кайтып келесиң. Ошол бир чети. Андан сырткары албетте жаш болгондон кийин жаш балдарга окшоп ар түрлүү эс алабыз.



Төрөкул Дооров: - Дискотекаларга барасыңарбы?

Сейтек Качкынбай: - Дискотекаларга негизинен барбайбыз го. Азыр ал учур өтүп кетти. Мисалы изакая деп коет, арак, бозо иче турган барга окшогон жерлерге күүлдөп бардыгы келип алып, бажылдап чер жазышат ичишкенче. Бирок аябай тартиптүү ичишет. Чынын айтканда булар өлгөндөй мас болушат, бирок мас болуп калса дагы метродо жаныңда буркурап сасып отурса дагы, тийип кетсе, кечирип коесуз дешет, ушунчалык тартип бар өлкө, таң каласың.

Төрөкул Дооров: - Силер азыр айтып атасыңар жапон жаштары жөнүндө кантип эс алат деп. Жапон жаштары жөнүндө акыркы мезгилдерде көп угабыз, Европанын, же Борборазиянын көз карашы менен алганда алардын кийингендери, жүргөн-тургандары аябай башкача көрүнөт. Азыр эле биз шаарга чыгып көрүп келдик, шивуя, ультрамода бар жерге барып келдик. Чынын айтканда, кичине шок менен келдик, таң калып келдик. Алардын жүрүш-турушун карап туруп айтпайсың да алар дискотеканы жаман көрөт деп?

Сейтек Качкынбай: - Бирок таң каласың метрого киргенде ушунчалык хиппи болуп алышат, астыңан өтөөрдө, жүгүнүп туруп, астыңыздан өтүп кетейинчи деп туруп анан өтөт.

Жакшылык Акматалиева: - Сиз айткандай булардын кийимдеринин, моданы ар бир адам, ар бир жаш башкача өзүн көрсөтүш керек, оригиналдуу болуп турушат. Эң чоң айырмасы ушунда.

Төрөкул Дооров: - Оригиналдуу болуш керек деген түшүнүк күчтүү окшойт жаштардын арасында?

Сейтек Качкынбай: - Оригиналдуулукту көрсөтөйүн деген жагы бар, бирок бир эле учурда бардыгы бирин бири туурап турушат. Инкубаторго окшош бир чети карасаң. Бардыгы эле окшош стилде кийинет.

Төрөкул: - Мен уктум улуу муундагы жапондор ушундай болуп атканын анча жакшы көрбөйт деп. Биздеги жапон жаштары деградация болуп баратат деген маанидей?

Сейтек Качкынбай: - Туура, улуу муун менен сүйлөшкөндө көбүнчө арызкы муунду айтат, бара-бара адепти унута башташты, убал деген нерсени унутуп баратышат дегендей.

Жакшылык Акматалиева: Кайсы өлкөдө болбосун, кайсы коомдо болбосун улуу муун кичүү муунга ошондой айтышат.

Сейтек Качкынбай: - Бирок биздин өлкөдөгүдөй эмес менин оюмча.

Төрөкул Дооров: - Анда силерге ийгилик каалайм. Кызыктуу маегиңер үчүн ырахмат.
XS
SM
MD
LG