Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

15:05 Алишер Саиповдун ысымы Newseum ардак тактасына жазылат


Кесиптик кызматын аткарып жүрүшүп кайтыш болгон журналисттерге арналып түзүлгөн Вашингтондогу “Журналисттер музейинин” ардак тактасына Алишер Саиповдун ысымын жазуу чечими кабыл алынганын эл аралык интернет-сайттар жазып чыгышты. Кыргызстандык журналист Саиповдун аты-жөнүн журналисттердин мемориалдык айнек тактасына жазуу расмий жөрөлгөсү 4-апрелде өткөрүлөт. Маалыматка караганда вашингтондогу журналисттердин мемориалдык тактасында дүйнөнүн ар кайсы жеринде кесиптик кызматын аткарып жүрүп каза болушкан 1800 журналисттин ысымы жазылган. Өзбек тилдүү “Саесот” гезитинин ээси Алишер Саипов өткөн жылы күздө Ош шаарында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Медиа-өкүлчүлүгү институтунун директору Илим Карыпбеков кесиптик ишине байланыштуу каза болгон Алишер Саиповдун ысымы эл аралык журналисттердин катарында жазылууга татыктуу, деп эсептейт. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG