Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

“Азаттык” радиосу обого чыга баштаганына быйыл 55 жыл толот. Кыргыз тилиндеги алгачкы уктуруубуз 1953-жылдын 18-мартында обого чыккан. “Азаттыктын” тарыхы деги эмнеден башталган? Радиону уюштуруу иштери, анын алгачкы берүүлөрүн даярдаган советтик диссиденттер тууралуу - “Азаттыкка карай узак жол” түрмөгүнүн алгачкы чыгарылышында.

Берүүлөр түрмөгүн “Азаттыкка” карай узак жол деп атаганыбыз бекеринен эмес. Анткени мурдагы Советтер Союзундагы элдердин эркиндиги, өз тагдырын, келечегин өз алдынча аныктай ала турган саясий система орнотуу тилеги, умтулуусу тээ 1940-50-жылдары чет өлкөлөрдө жашап калган диссиденттер арасында бекемделип, бара-бара чоң кыймылга айланган. Алардын арасында Борбор Азиядан чыккан анча көп эмес, бирок илим-билимдүү, алдыңкы көз караштагы бозгундар да бар эле. Алардын күрөшү ондогон жылдарга созулду, “Азаттыкка” карай жол оңой жол болгон жок.

Ошентип, 1951-жылы Нью-Йоркто Советтер Союзундагы элдерди большевизмден куткаруу боюнча Америкалык комитет түзүлөт. Ал комитет коммунисттик диктатурага каршы күрөшкөн советтик диссиденттердин аракетин бириктирип-координациялоо максатын көздөйт.

Америкалык коомдук уюмдун демөөрчүлүгү астында 1950-51-жылдары Батыш Германия, Швейцарияда антибольшевиктик кыймылдардын бир нече конференциясы өтөт. Аларга Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккан жана көпчүлүгү 2-дүйнөлүк согуштан кийин Батышта калып калган эмигранттардын “Түркстан улуттук-боштондук кыймылы” жана “Түркэли” аттуу 2 уюмдун өкүлдөрү да катышат.


Азамат Алтай

1950-жылы Мюнхенде уюшулган “Түркэли” уюмун Казакстандык Карис Канатбай аттуу Ленинградда инженердик билим алган адам жетектеген. Бул уюмдун ишмердигине кийин “Азаттыктын” кыргызча берүүлөрүн түптөгөн Азамат Алтай менен Төлөмүш Жакып уулу активдүү катышкан. Маркум Азамат Алтай биз менен болгон маегинде “Түркэли” уюмунун иши кандайча башталганын төмөнкүдөй эскерген эле.

- 1952-жылы болсо керек, Түркстандыктардын Европадагы жыйылышы болду. Жыйылышка 200гө жакын түркстандыктар катышты. Өзбектер, түркмөндөр, кыргыздар, казактар, тажиктер болуп. Бизде ал заман жалгыз идея – Түркстан маселесин козгоп чыктык. Маселен, кыргыз маселесин көтөрүп чыксак, кишиңер аз деп колдобой коюшмак. Казакстардан бир 3-4 киши, өзбектер көп, 10 чакты киши эле жетишип-окугандарынан. Ошентип, чектелген гана интеллигенция өкүлдөрү катышкан жыйылышыбызда уюмубуздун башчысы болуп казак, орун басары болуп өзбек дайындалды.

Түркэли уюму 4 орус жана башка советтик улуттардын өкүлдөрү түзгөн 5 уюмга кошулуп, Батыштагы антибольшевиктик кыймылга кошулган. Түркэли уюмунун уставында жазылгандай, алар өзүлөрү атагандай Түркстандагы, же азыркы Борбор Азиядагы элдердин эркиндигине жетишүү - уюмдун башкы максаты болгон.

Кавказдык мусулмандар, Азербайжан, Крым татарлары, Батышта, Америкада жашаган Орусиялык белгилүү диссиденттер, украиндер, белорус жана башка элдердин өкүлдөрү түзгөн уюмдар бири-бирин урматтоо, өз ара мамилелерде жана бардык ишмердигинде демократия принциптерин бекем сактоого сөз беришкен. Бул тууралуу Азамат Алтай: “О заман америкалыктар бизге ушундай шарт койгон – “Түркэли” уюмунда Америкалык үлгүдөгү демократиялык принциптер сакталсын деген”.

“Азаттык” радиосунун тарыхын көп жылдардан бери изилдеп келаткан журналист Иван Толстой да антибольшевиктик кыймылдардын өз ара катнашы өтө маанилүү маселе болгонун белгилейт:

-Бул уюмдарда өтө тең салмактуу, обьективдүү көз караштагы адамдар болушу керек эле. Алардын ар бири өзүлөрүнүн улуттук, мамлекеттик, маданий, диний максаттарын көздөп, ошол эле маалда бири-биринин короосуна киришпеш керек эле. Европа, Америкада көп сандаган антибольшевиктик уюмдар болгон, алардын арасынан адамдык этикасы өтө жогорулары гана тандалган. Алар бири-бири менен урушуп-мушташып кетсе, эч нерсе болбой калмак. Андай болгондо, аларды каржылап-сүрмөлөгөн америкалык коомдук уюмдар: өз ара ынтымактуу жашай албасаңар, анда биз да силерге жардам бере албайбыз деп чыгышмак.

АКШнын Стэнфорд университетиндеги архивдерде сакталган документтерге ылайык, Түркстан улуттук боштондук кыймылы Батыш Германияда 1951-жылы түзүлүп, анын төрагалыгына Сарыбай аттуу казак, баш катчылыгына Мурат аттуу түркмөн шайланган.

Бул уюмдун алгачкы уюштуруу жыйынына кыргыздардын атынан Төлөмүш Жакып уулу катышкан. Уюмдун максаты – Түркстан элдери өз тагдырын өзү чечүүсү деп жазылып турат. Ал эми Түркэли уюму 1952-жылы Мюнхенде уюшулуп, аны уюштуруу жыйынына Азамат Алтай, ал кезде Кудайберген Кожомбердиев деген өз ысымы алдында катышкан.


“Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кеңсесинин студиясы

1953-жылы “Азаттык” радиосу ачылаар алдында Европадагы советтик диссиденттердин ушундай уюшмалары болгон. Негизи Борбор Азиялык, же өзүлөрү атагандай, Советтик Түркстандык эмигранттар ар кандай шарттардан улам чет өлкөдө жашап калса да, өз элинин эркиндиги, улуттук маданият, салтын сактоо тилегинин ишке ашышына салым кошууга аракеттенгени - тарыхта калган факт. Азырынча ушул окуялар менен жыйынтыктай туралы, “Азаттык” радиосу ачылганча дагы бир далай жолду басып өтүү керек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG