Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

ЖАЗ МАЙРАМЫ КЫРГЫЗ БАСМА СӨЗ БАЯНДАМАЛАРЫНДА


Бүгүн 7-мартта жарык көргөн гезиттердин баары айымдарды, кыз-келиндерди, эже-карындаштарды Жаз майрамы менен куттукташып, макалалар түрмөгүн арнашты.

Бүгүн жарык көргөн “Агым” гезити аялзатынын алдыдагы жаз майрамын утурлап, майрам алдында белгилүү коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева менен аңгемелешкен.

Анда Роза айым парламентке келген аялдардын бардыгы тең аялдар көйгөйлөрү көтөрүп жатышып, алар үчүн күрөшүп, анан шайланып келди дегенге болбостугун моюнга алып, парламенттин курамынын 30 пайызын аялдар түзгөнүн, өлкөдө төрөгөн аялдардын, наристелердин өлүмү жогору болуп жатканын, ошол себептен бюджетте медициналык жардамдарга кошумча акча каралсын деп үч ирет маселе койгонун, Саламаттык сактоо министрлигинин учурга шайкеш программаларды, долбоорлорду сунуштаганга чама-чаркы жоктугун, бул тармакта министрлер жыл сайын алмашканын сынга алган.

-Аялдар биримдикте болуп чогуу иштесе эң курч, зарыл маселелерди чечкенге күчү, акылы, кудурети жетет,-деп Роза Отунбаева Швеция, Орусияны мисалга алат. -Учурда кландарга бөлүнгөн коомдо саясый чөйрө күчкө таянат. Мындай шартта өлкөдө аялзатынан жакын арада президенттикке чыгышына ыңгай жок. Эң жогорку эшалондо саясый эрк болсо гана саясатка аялдардын калың тобу келет,- дейт Роза айым.

8-март майрамынын формасын өзгөртүп, ушул күнү атайын конференциялар, акциялар өтсө дурус болоор эле деген оюн ортого салат парламент депутаты Роза Отунбаева.

Ошондой эле “Агым” гезити кыз-келиндер майрамынын урматына Кыргызстан парламент депутаттык корпусундагы үч фракциянын ар биринен бирден айым депутаттар менен майрамдык маанайда маек курган.

Кыргызстан коммунисттер партиясынан депутат Бүмайрам Мамасейитова мурда Майлуусуу шаарынын мэри болуп иштегенин, төрт уулу, 8 небереси бардыгын, үйбүлөдө тартипти бекем сактаарын, орус мектебинде окуп, Москвада билим алганын, кыргыз тарыхын анча жакшы билбестигин айтып, “азыр ошол өксүктү толтурууга аракеттенип жатам. Ошондуктан үйдө жалаң кыргызча сүйлөшөбүз” дейт.

Ал эми Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынан депутат Дамира Ниязалиева депутаттыктын артыкчылыгы менен кемчиликтерине токтолуп, “парламентте олтурган соң биз Кыргызстан аялдарынын жүзүбүз. Ошол себептен бизге талап айрыкча чоң”- дейт.

“Ак жол” партиясынан депутат Роза Абдыраимова “Агымга” берген маегинде “Менин оппозициям-үйбүлөм” деп “апа коңшулардын свет өчүп атыптыр, жолго асфальт төшөлгөн эмес, кары-картаңдар кыйналып жатат. Жардам бербейсизби” деп балдарым көп айтат. Мугалим катары мектеп көйгөйлөрүн мыкты билээрин, ушул тармактын маселелерин чечүүгө салым кошууга аракет кылып жатканын депутат Роза Абдыраимова билдирген.

Ушул гезит Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев Каракечедеги коррупциянын кендирин кесүүгө аттанганын, бийлик экс-депутат Муратбек Мукашевдин “Кыргызпромстрой” банкын тартып алганын, анын жаңы кожоюну Акүйдөгү 7-кабаттагы өтө таасирдүү бирөөнүн көзөмөлүндө турганын, Бишкек мэри Данияр Үсөнов “Ак ордо” жаңы кошунундагы мыйзамсыз салынган ондогон үйлөрдү бүлдүзөр менен түрттүрүп салганы жатканын, парламент ала турган 75 “Тойота-Камри” автоунаасынын он беши келбей, айрым депутаттардын кыжыры кайнап жатканын маалымдады.

Бүгүнкү “Аалам” гезити имиш-имиш кеп учаарын кыйытып, кыргыз саясат чөйрөсүндө бир имиштер айтыла баштаганын жазды. “Президенттин ден соолугунун абалы опурталдуу болгондуктан Германиянын клинкасына кайрылууга туура келиптир. Президент ал жакка жөнөп-жөнөй электе эле, парламент спикери Адахан Мадумаров-президент, ал эми анын досу-Данияр Үсөнов-премьер-министр болобуз” деп талпынып жатышкандыгы, бери жагынан Курманбек Бакиевдин бала- бакырасы менен бир туугандарынын ортосунда дагы чыр күчөп, бири-бирине кол көтөрүүгө чейин барышкандыгы тууралуу айың кептер калкып чыкты” деп жазат “Аалам” гезити.

Ушул гезит 2005-жылдагы март ыңкылабы тарыхта “мандалак революциясы” деген ат менен калганын айтып, эмдиги революция кокус болсо “чычкактар ыңкылабы” деген ат менен калуусу толук мүмкүн деп, анын себептерин түшүндүргөн. “Себеби айрым булактардын айтымында, өлкөдө Улуттук коопсуздук комитетинде СССР убагында эле колдонууга тыюу салынган биологиялык курал-газ бар дешет. Бүгүнкү күндө ошол каардуу куралды оппозициянын жазгы массалык нааразычылык акцияларына каршы колдонуу тууралуу, аракеттер көрүлүп жаткан имиш. Ал биологиялык газды 100 миндей киши чогулган жерге чачса адамдардын көзүнөн жаш, оозунан, мурдунан кусунду агып, миңдеген адам бир эле маалда чычкактап, туш келди чуркап, ичи өтүп эзели унутулгус окуяга күбө болушубуз мүмкүн экен” деп маалымдайт.

“Аалам” гезитинде “Асаба” партиясынын лидери Азимбек Бекназаровдун “Досумду президенттик администрациянын жетекчисинин “жеке” көрсөтмөсү менен алып кетишти” деген маеги жарык көрдү. “Бийликтин кысымына мен 10 жылдан бери көнүп калгам. Алардын аңдымайы, коркутмайы биз үчүн көнүмүш адат. Бирок жакында досумдун үйүнө түндө барышып, президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун “личный” көрсөтмөсү менен алып кетишиптир. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда жатат”- дейт Азимбек Бекназаров.

“Аалам” гезити Бишкек мэри Данияр Үсөновдун иш-аракеттерин сынга алган журналист Үсөн Касыбековдун “Таштанды шаар же кимди ким жалдап кызматка алды?” деген сын макаласына орун берди. Мында мэр менен мэрия шаардыктарга кызмат кылбай эле, тескерисинче шаардыктар Данияр Үсөнов менен мэрияга кызмат кылып жатышканы талдоого алынган.

Ушул гезитке берген маегинде коомдук ишмер, экс-министр Аликбек Жекшенкулов “Артымдан аңдуулар болуп жатат” деп билдирген. “Бүгүнкү бийлик акыйкатты сүйбөйт. Биз чындыкты, калыс оюбузду айтып жатабыз. Бул бийликке жакпай жатат. Себеби акыркы күндөрү артымдан аңдыган адамдарды байкап жатам. Биз өз өмүрүбүздү тобокелге салып, Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшүп жатабыз жана күрөшө бермекчибиз. Себеби өлкө келечеги болгон мамлекеттик обьектилер, жерлерди бийлик сатканы жатат. Биз буга жол бербешибиз керек”- дейт Аликбек Жекшенкулов.

“Жаңы ордо”, “Белый пароход” жана “МСН” гезиттери да аялзатын жаз майрамы менен куттуктап, макалалардын түрмөгүн арнады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG