Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

ИЗРАИЛ КҮЧӨТҮЛГӨН АБАЛГА ӨТТҮ


Иерусалимдеги кыянаттан улам израил полициясы бүгүн күчөтүлгөн абалга өткөрүлдү. Кечээ шаардын батыш бөлүгүндөгү диний мектепте автоматчан бир арап сегиз кишини өлтүрүп, дагы он чактыдай адамды жарадар кылган эле. Террорчу өзү да полицмендин огунан өлдү.

Диний мектепке кол салган террорчу чыгыш Иерусалимге жакын жердеги кыштактын тургуну экени аныкталды. Семинариянын имаратына анын кантип өтүп кеткенин полиция азыр териштирип жатат. Диний мектептин китепканасына ал кечке жуук капыл-тапыл кирип келип, башаламан аткылап кирген. Бир нече мүнөт ичинде ал автоматтан 600дөй ок чыгарган. Террорчуга каршылык көрсөтүп, китепканада отурган 800дөй кишинин арасынан ким бирөө аны жеңил жарадар кылганга үлгүргөн. Аңгыча сырттан полицмен жете келип,террорчуну атып таштаган.

Окуя үчүн жоопкерчиликти “Жалилдин эркиндик бригадасы – Имад Мугниянын жана Газанын азапкерлери” деп аталган белгисиз топ өзүнө алды. “Хамасчылардын” өкүлү террорчу жасаган кыянатты “баатырдык” деп баалады жана бүткүл Газада алар түнү бою майрамдап чыгышты.

Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас бул кыянатты кескин айыптады. Анын соңунан АКШ президенти Жорж Буш, Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун, Евросоюз да ушундай эле маанидеги позицияларын билдиришти. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйынга чогулду, бирок Иерусалимдеги террорду айыптаган билдирүү кабыл алалган жок. Буга Ливия каршы болуп, адегенде өткөн аптада Израилдин Газа тилкесинде жасаган аскери жапырыгын айыптоону талап кылды.

АКШнын элчиси Залмай Халилзад Жакынкы Чыгыштагы окуялардын оң оролго түшүшүнө Коопсуздук Кеңеши салым кошо албай жатканына өкүнүч билдирип, жоопкерчиликти позитивдүү кадамдарга бут тосуп жаткандарга жүктөдү.

Ливиянын Улуттар Уюмунудагы өкүлүнүн орунбасары Ибрагим ал-Даббаши адам өмүрү ливиялыктар үчүн да баалуу экенин айтып, Жакынкы Чыгышта болсо адамдар биринчи жана экинчи сортко бөлүнүп калганын, палестиналыктарды, мисалы, Израил кубар куну жок эл катары карайт деп билдирди.

Израил бүгүн палестин автономиясы менен тогошкон чекараларын кайра жаап, Иордан дарыясынын батыш жээгин камоолго ала баштады. Полиция, жалпы коопсуздук күчтөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ошол эле учурда кечээки окуяга карабастан Израил палестин автономиясынын башчысы Аббас менен сүйлөшүүлөрдү уланта турганын ырастады. Террорчулардын аракети тынчтык процессин токтото албайт, деп билдирди Израил өкмөтүнүн өкүлү.

XS
SM
MD
LG