Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:47

Каржы полициясынын түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Камчы Абдыкадыров «Азаттыкка» Кыргызстанда айрым мекеме уюмдарды толук текшерүү мүмкүн болбогондуктан “ал-Каида” баштаган террорчул уюмдардын арам акчалары адалданып жатышы ыктымал деп билдирди. Бирок дин агенттиги мындай билдирүүнү шашылыш айтылган сөз катары баалады. Эсиңиздерге сала кетели ушул аптада кыргыз парламентинде дагы арам акчаларды адалдоо маселеси каралып, мындай коркунуч бар экени айтылган.

Каржы полициясынын түштүк аймактык башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Камчы Абдыкадыровдун айтымында, аларга “ал-Каида” терррорчул уюмунун катыштыгы бар кыймыл-аракеттер байкалса, алдын алуу жана андай каржылоолорго бөгөт коюу максатында Бишкектен атайын көрсөтмө келип түшкөн. Учурда шектүү делген фактылар териштирилүүдө. Анын баамында, айрым инвесторлор, ишканалар жөнүндө маалымат топтоо кыйынчылык жаратууда. Бирок арам акчаларды адалдоо далалаты болушу ыктымал:

- Бизге жогорку жактан көрсөтмө келди: террорчул кыймылдар, «талибдер», «ал-Каида», же Усама Бен Ладен жетектеген топтор көбүнчө Ош жана Баткен облустарында кыймыл аракет жүргүзүп жаткан болсо, ошолорду алдын алып, ага бөгөт коюу максатында. Мындай фактылар деле болуп калышы мүмкүн. Себеби кандай ишканаларга инвесторлор келип жатканы боюнча биз толук маалымат ала албай жатабыз, - дейт Камчы Абдыкадыров.

Мамлекеттик дин агенттигинин директору Каныбек Осмоналиев Каржы полициясынын билдирүүсүн шашкалаңдык катары эсептейт. Себеби алардын мекемеси жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы фактылар толук далилденмейинче ишенбейт:

- Чынында эле биздин расмий күч органдарынын өкүлдөрү «ал-Каида» уюмдары Кыргызстанда, анын ичинде түштүктө бир топ өздөрүнүн иштерин жайылтууда деген пикирлер болуп жатат. Бирок официалдуу түрдө Кыргызстандын мусулмандар агенттигинин маалыматы боюнча андай далилденген фактыларды жолуктура элекпиз

Жергиликтүү адис Шамшыбек Закиров каржылык чалгындоо жана полиция кызматтарынын маалыматтары чындыкка жакындыгын айтат. Анын баамында, Кыргызстан ашкере ачык өлкө болгондуктан, ар кандай инвесторлор көбөйдү. Ошолордун арасына арам акчаларын адалдоого ыктагандар да болушу толук мүмкүн. Себеби түшүп жаткан каражаттарды мамлекет тарабынан көзөмөлдөө тартиби жок. Буга азыртан чара көрүлбөсө, республика чоң чатактын очогуна айланат, дейт Ш.Закиров:

- Финансы разведканын берген маалымы бул расмий маалымат деп ойлойбуз. Анан маалымат каражаттарына да ушинтип жарыялап чыгарышы куру сөз болбосо керек. Демек бул чындык болушу мүмкүн. Себеби «ал-Каидага» окшогон уюмдар дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч алып келген уюмдар. Биз ачык демократиялык мамлекетбиз да, бизге келди-кеттилер көп, сырттан ар кандай инвестициялар келип атат.
XS
SM
MD
LG