Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

ТҮРКИЯ ЖАНА ИРАК КҮРД СОГУШКЕРЛЕРИНЕ КАРШЫ ЧАРА КӨРӨТ


Ирактын президенти Жалал Талабани жума жана ишемби күндөрү Түркияда болду. Ал бул коңшу өлкөгө түрк аскерлеринин Ирактын түндүгүндө күрд согушкерлерине каршы өткөргөн операциясы аяктагандан бир апта гана өткөн соң келип олтурат. Ирак президентинин Түркиядагы визитин жакындагы аскерий операцияга байланыштуу эки өлкөнүн оросунда жаралган чыңалууну жеңилдетүү багытындагы дипломатиялык аракет катары кароого болот.

Жалал Талабани өзү улуту боюнча күрд. Ал Анкарадагы иш сапарынын жүрүшү учурунда белгилегендей, өлкөсү коңшу Түркия менен "бекем жана стратегиялык" мамилени каалайт. Жалал Талабани ошондой эле күрд согушкерлеринин өлкө ичинде ээн–эркин жүрүүсүнө жол берилбей турганын кошумчалап, аларга каршы чара көрүү милдети автономдуу күрд чөлкөмүнүн өкмөтүнө тапшырылганына токтолду:

-Биз күрд өкмөтүнөн ПККнын бөлүктөрү аймактан кетүүсү же куралын тапшыруусу үчүн аларга кысым көргөзүүнү талап кылдык. Алар же куралын өткөрүп берип, тынчтыкка жол ачышы абзел, же аймакты таштап кетиши керек. Анткени күрд өкмөтү куралчан күчтөр күрд - ирак чек арасында жүрүүсүнө жол бере албайт. Бул саясий жана экономикалык жактан кеңири мамилебиз бар коңшу Түркия үчүн да көйгөй жаратууда.

Ирак президенти тарабынан мындай убада, албетте биринчи эле жолу айтылып жаткан жери жок. Бул тууралуу мурда да сөз болгон.

Ал эми түрк президенти Абдулла Гүл Анкарадагы пресс-конференцияда Түркия автономияга жетүүнү көздөп жүргөн күрд согушкерлери менен чатакты аскерий эмес жол менен чечүү мүмкүнчүлүгүн карайбы деген суроого, Түркия ПККнын чабуулдары уланышына жол бербесин айтып жооп берди:

-Кимдир бирөө курал алып келгенден кийин, террор жасагандан кийин түрк мамлекети мындайды кабыл алалбашы айдан ачык. Бир да мамлекет өз аймагында террордук топтун турушу менен макул боло албайт.

Түрк президентинин жогорудагы сөздөрү армиядагы маанайды коштоп тургандай. Өткөн аптада армиянын комданчылыгы эгер зарыл болсо, күрд согушкерлерине каршы чек аранын ар жагында дагы сокку ура аларын эскерткен болчу.

Айтор, ирак президентинин Түркиядагы визити жакындагы аскерий операция ирактыктардын намысына тийгенине карабай, андан кийинки чыңалууну жеңилдетүү багытындагы дипломатиялык аракеттердин бири өңдөнөт.

Бул Жалал Талабанинин президент катары коңшу өлкөгө биринчи визити. Түркиянын мурдагы президенти Ахмед Сезер Ирактын түндүгүндө ПККнын согушкерлери аракеттенүүсүнөн улам аны чакырууга макул богон эмес. Анкарадагы пресс - конференцияда Жалал Талабани Ирак Түркия менен Жакынкы Чыгышка үлгү болгудай мамилени, саясий, экономика, энергия жана маний чөйрөдө тыгыз кызматташтыкка кызыкдар экенин кошумчалап, Түркияга ыраазчылык да билдире кетти:

-Түркия бизге көп жардам берди. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып түрк элине, түрк лидерлерине, түрк аскер күчтөрүнө ырахмат айткым келет. Себеби өтө оор учураларда, башка мамлекеттер ирактыктарга атүгүл виза бербей койгон учурда, Түркия жүздөгөн качкындар, биз үчүн өз эшигин ачкан.

Ирак президенти Түркиядагы иш сапарын ишембиде аяктаганга чейин, премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен да жолугат. Саясий, соода, аскерий, маданий байланыштарды талкуулоо үчүн аны өкмөттүн бир катар министрлери да коштоп келген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG