Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү керектигин билдирүүдө


Серб премьер-министринин бул жарыясы өлкө Косовонун көз карандысыздыгына байланыштуу өкмөттүк кризисти баштан кечирип жаткан учурда жасалды. Коштуницанын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, ал алдыдагы дүйшөмбү күн парламентти таратуу жана 11-майда мөөнөтсүз шайлоону дайындоо үчүн өкмөт жыйынын чакырат. Улутчул маанайдагы саясатчы катары эсептелген Коштуницанын айтымында, Сербиянын азыркы өкмөтүндө өлкө үчүн эң маанилүү маселе – Косово боюнча бирдиктүү саясат жок болгондуктан мындан ары иштей албайт. Мурдараак ал өкмөттүк коалициядагы батышчыл партияларга, алар Косовонун Сербия курамында калышы үчүн чын ниетинен күрөшүп жатканына ишенбей калганын айткан болчу. Бейшемби күнү Коштуницанын өкмөтүндөгү батышчыл министрлер Еврошаркет өлкөлөрү Косовонун көз карандысыздыгын тааныганына жооп кылып, аны менен мүчөлүк маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотуу жөнүндөгү сунушту четке каккан эле. Ал эми Сербиянын президенти Борис Тадич тескерисинче өлкө Еврошаркетке кошулган шартта гана Косового карата укугун талаша алат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG