Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

Армениянын Конституциялык соту президенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныды


Бүгүн Армениянын Конституциялык соту өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыгын тастыктаган чечим кабыл алды. Ага ылайык, өткөн айда орун алган президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп өкмөт башчы Серж Саркисян табылды. Шайлоо бурмалоолор менен өткөн деген арыз менен Конституциялык сотко оппозициянын атынан талапкер Левон Тер-Петросян кайрылган болчу.

Сотто добуш берүүдө айрым бурмалоолор болгону менен, алар шайлоонун жалпы жүрүшүнө таасир тийгизбегени белгиленди. 19-февралда өткөн шайлоодон кийин өлкөдө он күнгө созулган нааразылык иш-чаралары өткөн. Оппозиция уюштурган митингдер полиция менен демонстранттар ортосундагы кагылышуулар менен аяктап, натыйжада сегиз адам набыт болуп, өлкөдө чукул абал киргизилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG