Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

11:05 Бишкекте Франкофония жумалыгы өткөрүлөт


15-марттан 20-мартка чейин өтө турган жумалыкты Франциянын Кыргызстандагы элчилиги, Швейцариянын консулдугу, Канаданын ардактуу консулдугу жана Бишкектеги Француз альянсы уюштурууда. Франциянын Кыргызстандагы элчилилигинин маалыматына ылайык, бул күндөрү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө ушул өңдүү иш-чаралар уюштурулат. Жумалык кыргызстандыктарды француз тили жана маданияты менен жакындан тааныштыруу максатын көздөйт. Анын алкагында музыка, театр, кино, адабият тармагында ондон ашуун маданий иш-чаралар өткөрүлөт. Маалыматтарга ылайык, ушул тапта дүйнө жүзүндө 110 миллион адам француз тилин күнүмдүк жашоосунда колдонуп келет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG