Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

АЙРЫЛЫШ ЖОЛ: ОҢГО БАРСАҢ – АТЫҢ, СОЛГО БАРСАҢ - ӨЗҮҢ…


Эгемен Кыргызстан ушу тапта башынан кечирип жаткан саясий-экономикалык кыйынчылыктар көпчүлүк арасында өлкө туура жолдо баратабы, багытыбыздан адашкан жокпузбу суроосун арбын жаратууда. Ошондон Кыргызстан башкаларды туурабай өз жолу менен өнүгүшү зарыл, байыркы ата-бабадан келаткан коомдук түзүмдү колдонуу сунуштары чыгууда. Ал тууралуу “Азаттык” үналгысынын “Бетме-бет” талкуусуна белгилүү коомдук-саясий ишмер Дастан Сарыгулов, саясат таануучу Карыбек Байбосунов, “Кыргыз Эл” кайра жаралуу тилектештигин баш чоросу Мелис Мураталиев катышты. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурган.

Бекташ Шамшиев: -Бүгүн биз улуттун бүгүнкүсү менен эртеңкиси, “Кыргыз Эл” кайра жаралуу тилектешигинин жаралышы тууралуу кеп кылсак. Буга чейин деле улуттук нарк-насилдерди көтөрүү, улуттун ар-намысын козгоо аракеттери көп эле жасалып келди. Анан Дастан ага, эмне үчүн улутту көтөрөбүз деген аракет-демилгелердин көпчүлүгү реалдуу ишке келгенде аксап калып жатат?

Дастан Сарыгулов: -Бизде аймактык бөлүнүү күч алды. Бул келечекте өлкө бүтүндүгүнө чоң коркунуч туудурушу мүмкүн. Жердешчилик, тууганчылык тереңдеп баратканын да биз азыр жокко чыгара албайбыз. Элдин басымдуу көпчүлүгү бир да партияны шайлоо учурунда колдогон жок. Ал эми коррупция, адилетсиздик дагы эле мурдагыдай, муну айтпай эле коелу. Ушул суроолорго кандай жооп табабыз? Ошондон биз ойлонуп, кеңешип, “Кыргыз Эл” кайра жаралуу тилектештигин уюштурууну туура таптык. Анын максаты жөнөкөй эле. Алдагыдай орчундуу суроолорго жооп таба алабызбы же таба албайбызбы? Өлкө абалын кандай жол менен оңдоп кетсе болот? Же андай жол жокпу, деген суроолорго эле жооп издөө.

Кыргыз элинин абалынын оңолушу үч эле маселени чечкенге байланышып турат. Биринчи маселе, элди өлкөнү башкаруга катыштыруунун жолун табуу зарыл. Себеби эл колдобосо бир дагы президент бүгүн өлкө капталган туңгуюктан алып чыгып кете албайт. Экинчиси – журт ынтымагы, эл биримдиги, баарынан - бийлик, байлык, мансап, кандай гана болбосун саясаттан бийик бааланып, өйдө таанылышы керек болуп турат.

Бир ууч кыргыз элин бөлүп-жарган оппозициянын кереги барбы деген суроо бүгүн күн тартибине коюлду. Үчүнчү маселе өлкөнү өсүп-өнүктүрүүгө ар бөлөк жолдорду түзүүгө, коом башкарууга биз акыркы 17 жыл ичинде күбө болдук. Эгерде биздин илимий далилденген 6000 жылдык тарыхыбыз бар экенине көзүбүз жетсе, эмне үчүн биз азыр ошол 6000 жыл бою кыргызды сактаган, өзүн актаган, натыйжалуу коом түзүлүш менен башкаруу тажрыйбасын бүгүн четке кагышыбыз керек? Мына ушул үч суроону туура чечсек, өлкөнүн өнүгүү жолу даана көрүнүп калчудай болуп турат.



Бекташ Шамшиев: -Карыбек мырза, “Кыргыз Эл” кайра жаралуу тилектештигинин негизги квинтэссенциясы - чордону бул Элдик курултай институту болуп жатат. Сиздин оюңузча, мына ушул институту элдин бийликке болгон мамилесин толук чагылдырып бере алабы, же бул бийликке карата кезектеги таасир көрсөтүүнүн бир куралы болуп калабы?

Карыбек Байбосунов: -Бул жол издөө. Бул момундай иш кылсак, момундай программа түзсөк бийлик эсеп берип турар бекен, бийлик ошол элдин көзөмөлүнө түшөр бекен, элдин пикирин угар бекен, деген тилек менен иштелген иш. Экинчиден, бул конституциялык реформага байланыштуу иш. Ошондуктан айрым өзгөрүүлөрдү Конституцияга киргизүү талабы келип чыгып жатат. Муну албетте, эл колдоп бере турган болсо. Муну колдош керек.

Курултай расмий бийликтин үстүнөн карай турган түзүмгө айланышы керек. Мисалы, бизде мажоритардык шайлоо системасы жоюлду, парламентти жалаң саясий партиялар түзүп калды. Ал жерде лидерлер, партиялар эмес, алардын программалары ишке ашырылышы керек. Азыр ошол парламентке кирген үч партиянын бирөөнүн да программасы ишке ашырыла элек. Алардыкы жылаңач декларация боюнча гана калып отурат. Элдик курултай сындуу аспап боло турган болсо төмөнтөн өйдө карай кеткен бийликти элдин өзү көзөмөлдөп турчу түзүм болуп калабы деген үмүттү айткым келет.



Бекташ Шамшиев: -Мелис мырза, Элдик курултай, андан Улуттук кеңеш, соңунда Жогорку Кеңеш институту болууда. Ушул үч институт 700 кишиден түзүлгөн Элдик курултайдын негизин түзөт экен. Мына ушул Элдик курултай азыркы мыйзамдуу бийлик институттарын алмаштырып койбойбу?

Мелис Мураталиев: -Биздин сунуш боюнча Элдик курултай башкарууга көзөмөл жүргүзчү эң жогорку түзүм болот. 3000 шайлоочудан бир өкүл, курамы 700 адамдан турат. Жылына ошол Элдик курултайдын алдында Эсеп палатасы, Жогорку Сот, Башкы прокуратура, Жогорку Кеңеш, президент өз иштери боюнча жооп берет. Анын иши түз ободо берилип, жалпы калкыбызга билдирилип турат. Жооп боюнча иши “канаттандырарлык” же “канаттандырылбайт” деген баа берилет. Эгер “канаттандырылбайт” деген баа берилсе кызматкер ишинен алынат.

Президент тууралуу болсо, эгер курултайдын төрттөн үчү анын ишине “канаттандырылбайт” деген баа беришсе, президент кызматтан кетет. Эгер үчтөн экиси “канаттандырылбайт” деген баа беришсе президенттин кызматта калар-калбашы референдумда чечилет. Маселени калың эл өзү чечет. Референдумда эл колдоп кетсе ал ордунда калат. Эгер эл колдобой койсо ишинен четтетилет.

Кыргыз “оң”, “сол”, “ичкилик” деген канаттардан турат. Ошол канаттардын жалпы курултайында көрсөтүлгөн инсандар Элдик курултайда бекитилсе, андан колдоо тапкан өкүл Эл казынасына кирет. Бирдей сандагы канаттын курултайларында көрсөтүлгөн талапкерлер Элдик курултайда бекитилет. Ошол Элдик казынага бекитилген талапкерлерди борбордук башкаруу мекемелерине президент дайындайт, мисалы, министрлерге, губернаторлорго жана башкаларга. Бул жердеги мааниси - эл өзү жоопкер. Анан президент эл талап кылган кишилерди гана кое алат. Өз тууганы, жакындарын коюп алды дегендей бүгүнкү күндөгү маселе болбой калат.



Бекташ Шамшиев: -Дастан мырза, “Улуттук ордо кеңеш” 2005-жылкы революциянын кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болду эле. Ал эми жаңы тилектештик кийин саясий өңүткө, саясий багытка бурулуп кетпейби?

Дастан Сарыгулов: -Аны турмуш көрсөтөт. Азыркы биздин тилегибиз бир эле. Чиеш маселелерди кайсы жол менен чечүү мүмкүн деген сунушту калың элдин таразасына коюу. Жалпы калк менен баалап, кеп-кеңешин сурап, бир тыянак-бүтүмгө өлкө, эл үчүн келүү.

Эң негизги маселе биздин келечегибизди таба албай, 17 жыл бою тушкелди урунганыбыздын себеби - өткөнүбүздү билбегенибиз. Ошон үчүн кыргыз өзүнүн байыркы тарыхын баалап, барктап, 6000 жыл бою тапкан, түптөлгөн тарыхый тажрыйбаны бир жолу карап алып, жакшысын эмне үчүн албайт деген үндөө бул.

Эмне үчүн азыр ишенич жок? Себеби жол көрүнбөй жатат. Бул туңгуюктан кантип чыгып кете алабыз деген суроого оппозиция дагы, бийлик дагы жооп бере албай жатат. Ошон үчүн калың элде мындай пикир: “эмне кыласың, өз оокатыңды кыла бербейсиңби!” Себеби жол жок, бири-биринен бийлик талашкандан башка биздин башыбызды кошуп, келечекке ишенич арттырган жол айтылбаган соң “эмне кыласың аралашып, өз оокатыңды эптеп жүргүзө бер” деген кайдыгерликти жаратып жатат. Мына ушул бизди түйшөлткөн абдан чоң маселе болду. Бир ууч кыргыз эли бейиштин төрүндөй жерди мекендеп олтуруп, тентип-чачылып, үзүлгөнүбүз бул, менин оюмча, абдан терс көрүнүш.

Бекташ Шамшиев: -Карыбек мырза, мына ушул тилектештиктин жалпы эл арасынан колдоо табарына сиз ишене аласызбы?

Карыбек Байбосунов: -Эртең, бүрсүгүнү жалпы кыргыз эли баш көтөрүп, мына ушул программа туура экен, мына мен бутума турп алдым, тентигендер кайтып келди. Ушул программа туура экен, аймактарыбыз өнүгүп жатат десе, өнүгүүгө ачкыч табыла турган болсо мындай идеяны ар тараптан колдоо гана керек. Биздин жүрөгүбүздү өйүткөн маселе бул аймактардын өнүгүшү болуп жатат. Кыргызстандын аймактарына инвестиция тартылбай жатат. Кыргызстандын аймактарына тийиштүү көңүл бурулбай жатат. Чек ара маселеси, чек арага жакын аймактардын маселеси эгер ошол курултайдын өкүлдөрү программа катары алып келип сунуштап, бекитип алып, анан ошого карата бюджетин тактап иштей ала турган болсо биз айтып жаткан модель иштеп кетиши ыктымал.

Бекташ Шамшиев: -Мелис мырза, мына ушул жаңы кыймылга карата азыркы расмий бийликтин мамилеси кандай болууда?

Мелис Мураталиев: -Биз көтөрүп жаткан маселе боюнча азыркы бийликтин расмий билдирүүсү жок. Анткени биз аларга сунуштарыбызды жөнөткөнбүз. Анын үстүнө кыргызды апачык бөлүп-жаруу азыркы бийлик тарабынан жүргүзүлүп жатат. Кыргыз илгертен бери мына ушул үч канат бириккенде, баары тең болгондо гана кыргыз эли болуп саналган. Бири экинчисинен артык же кем эмес. Биз ошол тең салмакты сактайлы деген тилек менен көтөрүп жатабыз. Айрым саясатчылар муну өз кызыкчылыгына буруп тетири мамиле кылып жатышат.



Бекташ Шамшиев: -Дастан мырза, соңку суроо, мүмкүн болсо кыскачараак жооп берсеңиздер. Жаңы кыймылдын буга чейинки улуттук маселелерди козгогон мурдагы “Ордо Кеңештен” жана башка демилге, сунуштардан айырмасы эмнеде?

Дастан Сарыгулов: -Жалпы калкыбызга сунуш кылган ойлордо, мисалы, кыргыз өзүнө таандык коом түзүү жана башкаруу жолуна өтүшү керек, ошондой эле бизге оппозициянын кереги барбы, калың элди өлкө башкаруусуна катыштырмайын өлкө оңолбойт деген сунуштарыбыз, менин оюмча, жаңылык. Мурда мындай сунуштар айтылган эмес.

Экинчиден, биз түзгөн уюм бул кыймыл деле эмес. Бул тилектештик. Буга мүчө болбой эле, үйүндө олтуруп деле ушу кыргыз кайра жаралып, өзүнүн улуу дөөлөтүн баалап-барктап, өзүнө таандык өнүгүү жолун таап кайра жаралса экен деген адамдар, болгондо да миллиондогон адамдар тилек кылса, алардын тилеги ишке ашат. Тилектештик - элине, Мекенине, улутуна жакшылыкты тилөө. Ушуга пикирлеш, үндөш болсун деген гана мааниде.



Бекташ Шамшиев: -Карыбек мырза, сөз сизде.

Карыбек Байбосунов: -Бул азыркы кыргыздын башына келип жаткан көп ойлордун бири. Көп моделдердин бири. Анда ушуну сунуштап көрсөк, ушул менен кетсек, бизде да өнүгүү болор бекен деген үмүт чагылдырылган. Муну ишке салыш керек. Билекти түрүнүп ишке киргенде гана эмне кылыш керек экендиги билинет. Азыр кыргызда ким көп, санжырачы менен тарыхчы көп. Алардын бардыгынын ойлору бир жерден чыга элек.

Бекташ Шамшиев: -Мелис мырза, тилектештик биздин мекендештер тарабынан кандай колдоого алынып жатат? Сиздер тараптан кандай иштер жасалып жатат. Ушул туурасында кыскача айта кетсеңиз.

Мелис Мураталиев: -Биз көтөргөн маселе колдоого алынып жатат. Биз канча жыл Батышты туурадык. Чыгыштын биртоп өлкөлөрүнүн өнүгүү жолдорун карап көрдүк. Бирок алар кыргызга жукпай койду. Биз эчен кылым башка элдердин арасында жок болбой сакталып келатканыбыздын сырын ачып, ошого көңүл буруп, кыргыздын өзүнүн коом түзүлүшү, башкаруусу кандай эле, ошону алып, аны азыркы тажрыйба менен, өнүккөн өлкөлөрдүн үлгүсү менен айкалыштырып, бирок да өзөгү кыргыздын жолу боюнча өзүбүздүн жолубузду таап, ошону сунуштасак деген илгери үмүтүбүз бар.

Бекташ Шамшиев: Маегиңиздер үчүн чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG