Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:59

12:10 Бишкекте парламенттер жана өкмөттөр аралык жолугушуу өтөт


Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер, өкмөттөр аралык жолугушуусу 11-12-мартта өтмөкчү. Анда негизинен бул өлкөлөрдөгү эмгек миграциясына байланышкан маселелер талкууга алынат. Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусия парламенттеринин өкүлдөрү, миграция маселесине тийиштиги бар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери чакырылган. Иш чара Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбордук Азиядагы эмгек миграциясы» деп аталган долбоордун алкагында уюштурулууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG