Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

ОРУСИЯ: ЖЕКЕ АДАМГА СЫЙЫНУУЧУЛУККА МЕДВЕДЕВ ЖОЛ БЕРЕБИ?


Муса Мураталиев, Москва Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Дмитрий Медведевдин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/26966C86-C3F2-46E1-BA68-D1307E716C07.asp сүрөттөрү азыртан тарта эле интернет аркылуу жана Москванын базарларында сатыла баштады. Орусиянын ички саясий өзгөрүүлөрүн айттырбай түшүнгөн соодагерлер бооруна Владимир Путин менен Дмитрий Медведевдин сүрөттөрү тартылган матрешкаларды кымбат баада сата башташкан.

«Азаттыктын» Москвадагы кабарчысы Хлоя Арнольддун жазганына караганда жайма базарларда алкакка салынган Орусиянын жаңы президентинин сүрөтү 20 миң рубль же ($800) турат. Жупунураак алкактагысы үчүн 350 рубль же ($14) сурашууда. Ошого карабай жетекчилер сүрөттөрү өтүүдө дешет.

Орусиянын БШКсы жума күнү ырасмий жарыя таркатып, анда Медведевдин президент болуп шайланганын тастыктады.

Москвада саясаттын багыты кайсы тарапка карап бет алганын туйган соодагерлер азыр күнү тууй баштаганын анализчилер арасы кеп кыла башташты. Айтылуу Эски Арбат жана айрыкча чет элдик коноктор көп чыкчу жерлерде президенттер: Путин менен Медведевдин сүрөттөрү тартылган матрешкалар кийинки учурда көп өтө баштаган. Эки президенттин тең бирдей баалуу болуп атышын байкоочулар - 8 жыл өлкөнү башкарып келген авторитардык режимди орноткон Владимир Путиндин таасиринин азая баштаганы жана анын мураскору Дмитрий Медведевдин кадырынын өсө башташы дешүүдө.

Путин авторитардык режим түзгөнү менен иш билги саясат жүргүздү, ал бийлик талашып Баш мыйзамды өзгөртүп ийбеди. Ошол эле учурда ал бийликти өзүнүн ордуна ишенген шакиртин коюу менен өз колунда сактап калды. Ошондуктан Медведев келгенден тартып эле Орусия либералдашат экен деп айтуу натура. Путиндин эле доору уланат. Жайма базарда эки президенттин тең бааланып атышы ушундан дешет.

Москвадагы Измайловский паркта матрешкаларды сатып олтурган Ирма аттуу келиндин айтымында, мамлекет башчылар сүрөттөрү көп сатыла баштаган, ошол себептүү алардын сүрөттөрүн көп тарттырышчу болгон:

-Эски жана жаңы президенттердин сүрөтөрүн тартып келүү үчүн бир апта мурда тапшырма берилген. 2-марта даярдап келишти.

Бийликке Путиндин аркасы менен келген «чекисттер» мамлекеттин бардык чөйрөсүнө өздөрүнүн контролдугун орнотуп, тымызын сурак сурай башташты. Азыркы Орусияда көз карандысыз малымат каражаты жокко эсе. Аз нускада чыкчу басылмалар гана эркинче пикир айта алышат.

Бүгүн Орусияда партиялар бардай, шайлоо алдында талаш-тартыш жүргөндөй сыяктант, чындыгында демократиялык институттардын аягы тушалуу. Бийликтин эки тизгин бир чылбыры авторитардык, башкача айтканда, өз беделин чыңдоого умтулгандардын колунда дешет.

Бирок мындай жолдун эни кууш, өмүрү кыска болорун «Мурас» корунун Москвадагы бөлүмүн жетектеген байкоочу Евгений Волк айтат:

-Адамга сыйынуучулуктун түбү жүрүп андай лидердин айыбынын ачылышы же өлүмү эл андан кутулат. Сталиндин жеке адамга сыйынуу режими анын өлүмү менен, Брежневдин адамга сыйынуучулугу анын өлүмү менен, Хрущевдун адамга сыйынуучулук маанайда бийлиги анын өзүнүн бети ачылып, эл алдында шерменде болуусу менен аяктаган. Путин түзгөн жеке адамга сыйынуучулуктун да кезмети келет.

XS
SM
MD
LG