Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан мурдагы губернатор Султан Урманаевди --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/C71DB368-2A88-4298-AC4A-49449562E420.asp сот беш жылга шарттуу кести. 24-мартты майрам күнү катары белгилөө сунушу парламент комитетинен колдоо тапты. Жогорку Кеңеш өлкөнүн чек ара аймактары боюнча мыйзам долбоорун кароого ниеттенүүдө. Узап бараткан жума ичиндеги урунттуу окуяларды чагылдырган “Апта жаңырыгы” түрмөгү мына ушул окуяларга арналды.

Ушул бейшембиде Бишкек гарнизондук аскер соту Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан Жалалабат облусунун мурдагы губернатору Султан Урманаевге карата өз өкүмүн чыгарды. Ага ылайык, мурдагы губернатор кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча айыптуу деп табылып, үч жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу кесилди.



Сот өкүмүндө мурдагы губернатор Султан Урманаевдин айыбы ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов жана башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен аныкталганы, ал ошол учурда Аманбек Карыпкуловдун тыюу салганына шылтоолоп, аны күтүп жаткан аксылыктар менен жолугушууга атайылап барбай койгону жана анын айынан депутат Азимбек Бекназоровду камактан бошотуп алууну көздөгөн адамдар район борборун көздөй жөнөшүп, натыйжада милиция менен элдин ортосунда кагылышуу чыкканы айтылат. Мындай өкүмдү соттун төрагасы Жакыпбек Бектемиров угузду.

Ошол эле учурда бир катар укук коргоочулар бул саясий чечим болуп калганын, Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси бар адамдар ээн-эркин жүрүшкөнүн айтышууда. Маселен «Кылым шамы» укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдрасулова Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылбай, облустук борбордо отургандар минтип жоопко тартылып жатышын туура көрбөйт:

-Областтык борбордо отургандар жоопкерчиликке тартылып, ал эми элге түздөн-түз куралчан милиция кызматкерлерин ээрчитип, аттыргандар жоопкерчиликке тартылбай, четте калып калды. Эми көп эле адамдар ошол жерде түздөн-түз болгон. Ал эми видео тасмада көрүнүп турат, ошол жерде: “Вперед!” деп Алик Ракишев команда берип жатканы. Ошолордун бардыгы бүгүнкү күндө акталып калды дагы, областтык жетекчилер жоопкерчиликке тартылууда. Жоопкерчиликке бардыгы тегиз өзүнүн кылган кылмышына жанга жасаган күнөөсүнө карата тартылышы керек болчу.

Бирок аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков мындай өкүмдү адилетсиз деп эсептейт. Анын пикиринде, бул жерде Аксы окуясына түздөн-түз тиешеси бар адамдарга салыштырмалуу Султан Урманаевдин күнөөсү жокко эсе. Ал эми буга чейин бул иш боюнча соттолгон Кудайбергенов менен Токобаевдин күнөөлөрүнө салыштырмалуу Урманаевдин күнөөсү жеңил. Адвокат соттун үчөөнө бирдей жаза берип койгонун туура эмес деп эсептеп, бул сот ишин бийликтин акысылыктарды алаксытуу амалы катары баалады жана 17-мартта Аксыда өтүшү күтүлүп жаткан элдик сотто Султан Урманаевге карата таптакыр башка чечим чыгышы мүмкүндүгүн белгиледи.



Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да Аксы окуясы боюнча иште алгач буйрук бергендерди жазалаш керек деген ойдо:

-Жоокерлердин бири жооп берип калганы өкүнүчтүү. Менимче, бул иште буйрук бергендер жооп бериш керек эле. Алар белгилүү, мурдагы президентти Кыргызстандан табышпаса анын айланасындагылар, ошол кезде Акүйдө отургандар азыр бул жакта эле жүрүшөт. Султан Урманаевге карата сот өкүмү менимче туура эмес болуп калды.

Турсунбай Бакир уулу ошондой эле Аксы окуясы боюнча иштин аягына чыгаарына ишенбестигин, анткени мурдагы президенттин жанында жүргөн адамдар эми азыркы президенттин жандап калышканын кошумчалады.

Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткан Султан Урманаев да соттун мындай өкүмүнө макул эместигин, бул иште саясий өнүт басымдуулук кылганын, сот өкүмүнө макул эместигин жана ал боюнча жогорку баскычтагы сот органдарына арыз жолдоорун Жалалабаттагы кабарчыбызга билдирген:

- Биринчи сот деп эсептейбиз, бирок биз арызданабыз дагы. Акыйкат чечим болгон жок деп ойлойм. Бул жерде баш прокурорунун представлениеси негиз болуп атат, ошого таяп атат. 2002-жылдан 2007-жылга чейин 5 жыл өтпөдүбү, анан 2005-жылга чейин булар кандай аракет кылыш керек күн мурунтан ошолордун бардыгын сүйлөшүп алышкан. Бул жерде саясий чечимдин боектору бар деп эсептейм. Негизинен бул кылмыш эмес. Менде бир илинчек менен мени кармап турат деген ой болгон. Карыпкуловдун айтканы негизги роль ойноп кетти.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен нааразылык билдирип чыккан элге милициянын ок атуусунан 6 адам курман болуп, дагы бир канча киши жаракат алганы белгилүү.



24-мартты майрам күн катары белгилөө демилгеси кайрадан көтөрүлдү

Кыргызстанда 24-март ыңкылап күнүн майрам күн катары белгилөө демилгеси кайрадан козголо баштады. Бул маселе боюнча өкмөттүн сунушу ушул шейшембиде Жогорку Кеңештин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитетинде каралды. Юстиция министринин орун басары Бекболот Бекиевдин парламентте билдиргенине караганда, ал президенттин буга чейинки жардыгына ылайык даярдалды.

Президент Курманбек Бакиев 2006-жылдын 13-марттагы жардыгы менен 24-мартты жыл сайын майрамдалуучу улуттук майрам деп жарыялаган. 24-мартты майрам күн катары белгилөө боюнча мыйзам долбоорун ошол кездеги парламент депутаты Азимбек Бекназаров иштеп чыгып, ал ошол 2006-жылы Жогорку Кеңешке сунушталган эле. Бирок Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча бул долбоор ошол кезде парламенттен колдоо таппай калган.

Андагы депутаттардын бир тобу 24-марттын түнүндө Бишкекте болгон талап-тоноочулуктан миңдеген ишкерлер чоң зыян тартышканын белгилешип, аны майрам катары белгилөөгө каршы чыгышса, дагы бир тобу 24-мартта чын эле элдик ыңкылап болдубу, же төңкөрүшпү, же жөн гана бийлик алмашуубу деген суроолордун тегерегинде баш катырышкан.

Бирок Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилбегени менен президенттин жардыгына ылайык, эки жылдан бери 24-март Кыргызстанда майрам күн катары белгиленип келатат.

Ошентип 24-мартта чынында эле ыңкылап болду беле, же мамлекеттик төңкөрүш болду беле деген талаш-тартыш азырга чейин уланып келет. Мурдагы депутат Дооронбек Садырбаев бул күндү майрам катары белгилөөгө башынан эле каршы болгонун айтат:

-Революция “Аксарайдагы төңкөрүш” болуп калды. Көптөгөн шаардын тургундары жапа чегип калды. Ошон үчүн алардын жоготкондорун компенсация кылбай туруп, бул күндү майрам кылууга болбойт, деп айтып чыккам. Эми бул ыңкылаптын жыйынтыгын дагы карап көрүш керек да. Жыйынтыгында эмне болду? Аны ыңкылап деп атоонун өзү туура эмес. Мен башында Аксарайдагы төңкөрүш болду деп айткам.



“Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов болсо, бул күндү майрамдоодон мурда 24-мартта чын эле ыңкылап болдубу деген маселени чечип алуу керек деген пикирде:

-Революция дегенде базисти коомчулук алмаштырыш керек да. Азырынча ушундай болду деп айтыш кыйын. Ошон үчүн менимче бир тараптуу жооп берүүгө болбойт. Күндөр өткөн сайын ыңкылап болдубу, же төңкөрүш болдубу деген ар кандай ойлор айтылып жатпайбы. Иш жүзүндө такыр башка болуп жатат. “Ыңкылап болду” деп бизге таңуулап жатышат. Революциянын классикалык теория жагын караганда, надстройка менен базис өзгөрүш керек болчу. Бирок андай болгон жок. Ошон үчүн революция деген терминди илим жагынан дагы, иш жүзүндө дагы караганда туура болобу, же болбойбу бул чоң суроо.

Ошол эле учурда бул күндү Акаевдин режимине каршы күрөшкөндөр үчүн чыныгы элдик ыңкылап деп эсептеп, анын майрам катары белгиленишин туура көргөн саясатчылар да жок эмес.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев болсо, ыңкылаптын талаптары кийин ишке ашпаганы менен ошол учурда чыныгы элдик ыңкылап болгонун, аны сөзсүз майрам катары белгилөө керектигин айтат:

-Бул улуттук майрам сөзсүз болушу керек. Мунун эки себеби бар. Биринчиден, ушул күнгө чейин айрымдар мамлекеттик төңкөрүш менен революциянын айырмасын билбейт, же атайылап ошол ыңкылаптын маанисин бурмалоо максатында “мамлекеттик төңкөрүш болду” деп жүрүшөт. Бул элдик ыңкылап болгон. Экинчиден, элдик революция болду, миллиондогон адамдар ушуну каалаган, 100 миңдеген адам чыккан, бирок элдик революциянын бир дагы талабы аткарылган жок. Мына ушунусу тарыхый драма десем жаңылбайм.

Коомчулукта бул күндү майрамдоого каршы болбогону менен сөзсүз эле анын кызыл күн катары белгиленип, эс алуу күнү деп жарыяланышын туура көрбөгөндөр жок эмес. “Ак Жол” партиясынан шайланган парламент депутаты Жангороз Каниметов мына ушундай пикирдегилердин бири:

-Кыргызстан бүгүн иштеп, кызыл күндөрдү кыскартышы керек. Иштебесек мамлекет кантип өнүгөт? Керек болсо кызыл күндөрдү кыскартышыбыз керек. Ошол күнү майрамдап албастан иштешибиз керек. Мен бул күндүн майрамдалышына каршы эмесмин, бирок аны кызыл күн деп жарыялоону туура көрбөйм.

Ошентип Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети тарабынан колдоо тапкан бул мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат. Эгер ал колдоо тапса 24-март Кыргызстандын ай наамасында майрам катары кызыл түс менен белгиленчү күндөрдүн катарын толуктап, 13-майрам күн болуп калмакчы.

Жогорку Кеңеш өлкөнүн чек ара аймактары боюнча мыйзам долбоорун кароого ниеттенүүдө

Кыргызстандын кошуна өлкөлөр менен чектеш аймактарына байланышкан маселе Жогорку Кеңештин ушул бейшембидеги жыйынында дагы бир ирет козголду. Анда айрым депутаттар өзгөчө Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш кээ бир аймактарда абал оор экенин, жашоо шарттын начардыгынан эл үй-жайын таштап, башка жактарга орун которуп жатканын, мындай аймактарга өзгөчө макам берүү боюнча мыйзам долбоорун тез арада кабыл алуу зарылдыгын белгилешти.

Маселенин козголушуна депутат Мурат Жураев иштеп чыккан «Кыргызстандын өзгөчө чек ара аймактары тууралуу» мыйзам долбоорунун парламент комитеттери тарабынан четке кагылышы себеп болду.

Депутат Мурат Жураевдин айтымында, мындай долбоорду иштеп чыгууга Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында жылма миграция күчөп, тажик жарандары кыргыз жерин көздөй улам жылып кирип жатышы түрткү болгон. Бул долбоорду парламенттин конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети өткөн шейшембидеги жыйынында караган.

Бирок маселени кароо учурунда комитет төрагасы Зайнидин Курманов долбоор буга чейин үч комитеттен четке кагылганын айтып, чек аралар тактала элек кезде кайсы бир аймакты чек аралаш деп таануу туура эместигин белгиледи:

-Делимитация, демаркация иштерин жүргүзбөй туруп биз чек ара аймагы тууралуу мыйзам кабыл ала албайбыз. Себеби бул жерлер азыр талаштуу деп саналат. Чек араны таануу бир тараптуу жүргүзүлбөйт. Бул маселеде эл аралык чоң чыр чыгышы мүмкүн.

Мындай жүйөөгө дароо каршылыгын билдирген депутат Мурат Жураев азыркыдай шартта Кыргызстан Тажикстан менен чек ара боюнча эч качан макулдаша албастыгын, талаштуу делген аймактарды Тажикстан эчактан бери эле өздөштүрүп, ири курулуштарды салып жатканын айтып чыкты:

-Талаштуу жерлер деп жатасыңар, анда эмне үчүн мындай жерлерде биз жүз пайыз утулуп жатабыз. Талаштуу делген жерлердин баардыгында азыр тажик тарап имараттарды куруп жатат. Эмне үчүн биз унчукпайбыз, алар куруп жатат. Ошол жерде кармап калуу үчүн өз элибизге жеңилдиктерди берсек эмне, бул Тажикстан менен чыр-чатакка алып келеби? Биз жерибизди жоготуп жатабыз…

Ушундай талашып-тартышуудан соң депутат Автандил Арабаев долбоорду кайра толуктап иштеп чыгуу үчүн демилгечиге кайтарууну сунуштап, мындай сунуш көпчүлүк добуш менен колдоо тапты. Бирок бул долбоордун комитеттен колдоо таппай калышын бир катар депутаттар туура көргөн жок.

Бейшембидеги парламент жыйынында депутат Бегалы Наргозуев мындай зарыл долбоорду четке кагуу менен кошуналардын чырагына май тамызып жатабыз деген пикирин айтып чыкты:

-Кошуналардын чырагына май тамызып жатабыз да. Келген мыйзамды эрте деп кайтарып салсак… Бул жакпаса башкача формада болсо да калктын ошол жерде кармап калышына шарт түзүү үчүн ушундай мыйзам кабыл алып, бир чара көрүшүбүз керек да. Анан мигранттын баары Бишкекке толуп алды деп күнөөлөйбүз. Жерди коргоп, алардын чек арада отурушу үчүн шарт түзүш керек да…

Депутаттын мындай сунушун башка бир катар депутаттар да колдоп чыгышты. Маселен депутат Аскар Шадиев чек ара аймактарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара тактоо иштери жакынкы 10 жылда бүтүшү күмөндүгүн айтып, кесиптештерин чек ара аймактарын кыдырып, абал менен жеринде таанышып келүүгө чакырды.

Төрага Адахан Мадумаров да мындай сунуштарды колдоп, чек ара айылдарына өзгөчө макам берүү биринчи кезектеги маселе экенин белгиледи:

-Чек арадагы элдин социалдык маселелерин чечпесек болбойт. Ички миграцияны токтотолу десек биринчи кезекте аны ошол жактагы айылдардан башташыбыз керек деген маселени президент да өз сөзүндө айткан. Бул эмне деген позиция, эгер депутаттар аны четке кагалы деп карап отурган болсо. Чек ара аймактарынын статусу боюнча маселени биринчи кезекте карашыбыз керек. Керек болсо Кыргыз мамлекетинин денесиндеги жаракат бул. Бардык фракциялардын катышуусунда угуу уюштуралы, кандай маселе бар ал жерде, кыргыз жарандары эмне үчүн чек араны таштап кетип жатат деген маселелердин тегерегинде.

Ошол эле учурда аталган комитет төрагасы Зайнидин Курманов бул долбоордун кайтарылышына өтө чийки даярдалганы себеп болгонун айтып чыкты.

Депутат Мурат Жураевдин айтымында, акыркы жылдарда эле Баткен облусунда 2 миң гектардай жер Тажикстанга өтүп кеткен. Кошуна тажик жарандары болсо, улам Кыргызстандын аймагын көздөй жылып, биздин аймактан үйлөрдү сатып алуу жана талаштуу делген жерлерди ээлөө аракетин улантууда. Минтип отурса Кыргызстан бара-бара ошол жерлерден да кол жууп калышы мүмкүн. Бул мыйзам долбоору негизинен кошуна өлкө жарандарынын ошондой жылма миграциясына бөгөт коюу максатын көздөйт.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG