Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

ЖАЛАЛАБАТТА КООМДУК ПАРЛАМЕНТТИН ИШИ СЫНГА АЛЫНДЫ


5-мартта Жалалабат облустук Аялдар кеңешине чогулган аялдар менен “Эркиндик”, “Жаңы Кыргызстан” партияларынын жана Март ыңкылабын коргоо боюнча облустук комитеттин өкүлдөрү жыйын курушту. Алар Коомдук парламенттин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/6B64CA11-F8B8-47A4-BAFE-B1C6786D70BD.asp түзүлүшүнө жана саясатчылар А.Бекназаровдун, Ө.Текебаевдин ишмердүүлүгүнө нааразылыктарын билдиришип, март ыңкылабы максатына жеткендигин белгилешти. Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүүнү көздөгөн ревкомдун ишин сынга алышты. “Ата Мекен” партиясынын облустагы төрага орунбасары менен облус тургуну алардын мындай айыптоолорун четке кагышты.

Коомдук парламент менен президент К.Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү боюнча революциялык комитет түзүлгөнгө байланыштуу 2005-жылкы март ыңкылабынын катышуучулары өз пикирин айтуу үчүн облустук аялдар кеңешине чогулушкан. Алар ыңкылаптан кийин коом турмушунда өзгөрүү болгондугун белгилешип, бийликти сындап жаткан саясатчыларга каршылыгын билдиришти.

Аялдар Кеңешинин төрайымы Айчүрөк Мамажанованын сөзү боюнча депутаттыкка өтпөй калган адамдар бийликтин ишине тоскоолдук кылууда. Өлкөдө кайталама парламент болбоосу керек жана эл шайлабаган коомдук парламент чечим кабыл алууга укуксуз. Ал Адилет министрлигин Коомдук парламентти каттабоого чакырды:

- Биздин аялдардын талабына ылайык, Коомдук парламентти эл шайлаш керек. Эмне себептен эл шайлабай эле, оппозициядагы 50-60 адам топтолуп алып, парламентте бир дублер шайлашат. Анда президентке да бир дублер шайлана берсе кантип иштейт? Бакиевди кетириш керек дейт. Бакиевди Бекназаров жалгыз шайлаган эмес да, 92 пайыз кыргызстандыктар Бакиевди 5 жылга шайлаган, 5 жылдын ичинде Бакиев иштеш керек.

Сөз алгандар экс-депутаттар Азимбек Бекназаровдун, Өмүрбек Текебаевдин жана УТРК аркылуу бийликке сын айткан саясатчы Топчубек Тургуналиевдин ишмердүүлүгүн айыпташты. Тургуналиевге “Эркиндик” партиясынын Жалалабаттагы мүчөлөрүнөн атынан сүйлөөгө тыюу салышты. Ыңкылапты коргоо боюнча облустук комитеттин төрагасы Акрам Сатиевдин белгилешинче “Ата Мекен” партиясынын чет өлкөдө кеңсе ачканы туура эмес. Коомдук парламенттегилер буга чейин топтогон мүлк-байлыктарын тарттырбоо үчүн бийликти сындоону адат кылып алышты деп айтты ал:

- Америкада өздөрүнүн ячейкаларын ачты. Өзүбүздүн элибиз-журтубуз туруп чет мамлекетке барып ачканы кандай? Булардын бирден бир максаты 15 жылдагы топтогон мүлкүн сактап калуу. Текебаев спикер болгон, Бекназаров комитет төрагасы болуп 15 жыл эзилип, ата-бабабыз тапкан мүлктү ушуларга тоноттук. Мына кандай завод, фабрика, айыл-чарбабыз бар эле! Азыркы күндө бардыгын талкалап, биздин Коомдук парламенттин чөнтөгүндө.

Бийликтин ишин көзөмөлдөө үчүн Коомдук парламенттин зарылдыгын мезгил талап кылды. Анткени Жогорку Кеңеш өкмөттүн кемчилигин айтып, туура жолго салууга алсыз. Ушундай оюн билдирген Базаркоргон районунун тургуну Калыбек Алиевдин айтымында, “Ата Мекендин” чет жактагы кеңселери ошол өлкөлөрдөгү мекендештер үчүн ачылган:

- Алар дагы ошол кеңсеге кайрылыш керек, байланыш болуш керек. Максат бийликке жетүү эмес. Азыркы шайланган парламенттеги депутаттар көз каранды, өз оюн так айта албайт, айткан күндө дагы көздөгөн максатына жете албайт. Бийликке каршы сын айтса партиялык кеңешин чакырып туруп, аны депутаттыктан алып коет. Ошондуктан ал өз оюн так айта албайт. Кайсы бийлик болсо дагы коомдук көзөмөлдөө керек.

Бирок коомдук парламенттен чочулоонун кереги жок. Март ыңкылабынан кийин өзгөрүү болуп, жашоо жакшырса, миңдеген алдуу-күчтүү жаштар Орусияга иштөөгө кетпейт болчу. “Ата Мекен” партиясы мыйзам жолу менен иш жүргүзөт. Мындай пикирин партиянын облустагы төрага орунбасары Кадырбек Жакыпов билдирди:

- Эгер өз оюңду айта албай калган болсоң анда мамлекет болбой калбайбызбы. Биз “Ата Мекен” социалисттик партиясы мыйзамдан четке чыккан эч кандай аракеттерди жасаган жокпуз. Шайлоонун жыйынтыгы ушул күнгө чейин элдин арасында сөз болуп келатат. Азыркы парламентте “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү барып отура турганга мүмкүнчүлүк бар эле, шайлоодо деле жеңди деп айтышкан. Бирок жыйынтыгында келип партияны өткөрбөй коюшту.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG