Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Европанын космос агенттигинин туңгуч кемеси Орбитага көтөрүлдү


Франциялык илимпоздун урматына "Жюль Верн" деп аталган жүк ташуучу кеме Франциядагы "Куру" космодромунан көтөрүлдү. Ал учкучсуз башкарылат. Кеме эл аралык космос станциясына азык-түлүк, кычкылтек, суу жана илимий жабдууларды жеткирет. Ал эл аралык станция менен 3-апрелде тогошору күтүлүүдө. Он бир жыл бою даярдалган бул кеме эл аралык станцияга жеткенден кийин космосто төрт айча болот жана ал жактан салынган жүгү менен артка кайтууда Тынч океанга чөктүрүлмөкчү.

Улан Эшматов, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG