Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 20:57

Малазиядагы шайлоодо бийликтеги партиянын парламенттеги орду азайды


Ишембиде өткөн парламенттик шайлоонун натыйжасында премьер-министр Абдулла Ахмад Бадавинин бийликтеги Улуттук фронт коалициясы жөнөкөй артыкчылык менен алдыга чыкты, бирок парламентте конституциялык көпчүлүктү түзө албай калды. Бул - 1969-жылдан бери Малазия саясатында биринчи жолу орун алып жаткан көрүнүш. Малазияны 1957-жылы, Британиядан көз карандысыздык алгандан бери башкарып келе жаткан бул партия ошондой эле кечээги шайлоонун натыйжасында төрт штатта жергиликтүү парламенттеги көзөмөлүн жоготту. Аналитиктер өлкөдөгү улуттар аралык мамиленин абалы, кылмыштуулук жана инфляция анын калк арасындагы бедели төмөндөшүнө өбөлгө болгонун белгилешүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG