Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:27

Акыркы кезде Кырызстан боюнча “Таза суу” долбоорунун тегерегинде чатактар көп болуп келүүдө. Бүгүнкү учурда Кыргызстанда аталган долбоордун тегерегинде 14 кылмыш иши козголгон. Беш жылдан бери Таластагы Бакайата районунун Корчубек Акназаров айылында “Таза суу” долбоору жакшы иштебегендиктен элдер арыктагы сууну тиричиликке пайдаланышууда.

2002-жылы Бакайата районундагы Корчубек Акназаров, Маданият, Үрмарал айылдарына “Таза суу” долбоору келип, айыл ичине жаңы суу түтүкчөлөрдү орнотуп берүүнү көздөп, долбоор иштей баштаган. Айрым айыл тургундардын айтымында, аталган долбоор келгенге чейин айылда 6-7 жерде кудуктардан суу шаркырап агып турган. Элдер таза сууга болгон 5 пайыз акчаны тез аранын ичинде чогултуп да беришкен. Бирок эки жылда ишке кире турган долбоор азыркы тапка чейин өз ишин аяктабай келүүдө. Натыйжада айыл тургундары арыктагы жаман суулардан ичип, жаш балдар ич, тамак жана сарык ооруларына чалдыгышууда дейт айыл тургуну Мухаммед Мамадалиев:

- Зыяндуулугун айтып атпаймбы, жаш балдар ооруп атат. Ал жерден мал суу ичет, мал менен кошо эл да ичип атат.

Корчубек Акназаров айылынын тургуну Ызакул Кыдыралиев кыштыр, жайдыр автоунаасына суу ташуучу идишти салып жүргөнүн айтып, азыркы “Таза суу” долбоору орнотуп жаткан суу түтүкчөлөрү абдан эле ичке, бул айылдын элин суу менен толук камсыз кыла албайт дейт:

- Койгон нерсесине мен ыраазы болбойм. Себеби суу түтүкчөлөрдө мурда сотка турса, азыр анын ичине 70ти койдук. Ал иштеп калса, андан чыккан суу элди толук камсыз кыла албайт.

Талас облустук “Таза суу” долбоорунун координатору Ибрагим Кенжетаев курулушчулар күнөөлүү деп, учурда аталган ишти жүргүзүүгө тендер республикалык деңгээлде өткөрүлүп, ага айыл башчылар, облустук жана райондук администрациядан адистер катышкан эмес дейт:

- Курулуш уюмун тендерден өткөрүп атканда айыл өкмөттөн дагы, облустук, райондук администрациялардан дагы эч ким катышкан эмес. Тендер республикалык масштабда өткөндөн кийин мен белгилеп кеткендей курулуш уюмдарынын жетекчилерине да байланыштуу болуп атат.

Ушул иштин баарын көзөмөл кылып турсаңар болот беле деген сурообузга, андай күч “Таза суу” долбооруна берилген эмес, дейт Ибрагим Кенжетаев:

- Бизде көзөмөл кыла тургандай рычаг жок болуп атат. Мисалы, буларга штраф сала албайбыз, башка курулуш уюмдарын которууга мүмкүнчүлүк жок. Себеби аларды которуу Америкадагы Дүйнөлүк банк уюмунун уруксаты менен гана келет.

Облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков жакында аталган айылдын эли менен болгон жолугушууда “Таза суу” долбоорунун иштери боюнча облустук, керек болсо республикалык прокуратурага кайрылып, ишти карап берүүсүн суранаарын элге айтып, убадасын берип кеткен эле:

- Мен облустун прокуроруна дагы айтам, республикага да алып чыгам, бул иштин башында ким турган болсо да бир түтүкчөнүн 10 метрине жооп берсин.

Азыркы тапта аталган айылдагы “Таза суу” долбоорунун ишин “Домострой темп” деп аталган курулуш уюму улантып жатат. Аталган уюм жетекчиси Сапар Абдугаимовду айылдан издеп таба алган жокпуз, телефон аркылуу да байланышып аракет кылып көрдүк, телефон өчүк.

Бул уюмда өткөн жылдын декабрь айында аяктай турган ишти азыркы тапка чейин бүтүрбөй, ар кайсы шылтоону айтып келе жатат дешти айыл тургундары.

Аталган курулуш уюмунун жетекчисинин ордуна “Азаттыкка” Ибрагим Кенжетаев жооп берип, астындагы үч айдын ичинде Акназаров айылынын эли таза сууну пайдалана алышат дейт:

- 97 пайыз иш бүтүп калды, калган 3 пайыздык жумуш үчүн дагы эл оор акыбалга калып калабызбы деп ойлоп атам. Ошон үчүн мен сунуштап атам, 2-3 айда бүтүрүп коюшубубуз ыктымал, - деди Ибрагим Кенжетаев.
XS
SM
MD
LG