Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

10-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Жетисуу областынын аскер командачысы менен Кытайдын Или цзяньцзюнун кеңешчиси 1882-жылдын 10-март күнү Или өрөөнүнүн Кытайга берилиши туурасындагы протоколго кол коюшкан. Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаардык комитети «Борборго-үлгүлүү турмуш жана коомдук тартип» деген ураанды колдой тургандыгын билдирди.

Падышалык бийлик мезгилинде Пишпек шаарынын соода-экономикалык таасири артып, 1905-жылдын бул күнү уезддик борбордо 398 соода түйүнү катталган. Соода түйүндөрүндө 1 миллион 125 миң рубль акча жүгүртүлүп, ал өлкө бюджети үчүн маанилүү тармак катары эсептелген. Мындан тышкаары, шаарда 12 суу тегирмен, 18 өнөр жай ишканалары иштеген. Тери иштетүүчү, самын чыгарчу ишкналарда 44 жумушчу эмгектенип, алар жылына 15 миң 400 рубль көлөмүндө товар чыгарышкан.

Жетисуу областынын аскер командачысы, генерал-майор А. Я. Фриде менен Кытайдын Или цзяньцзюнун кеңешчиси Амбань Шентай 1882-жылдын 10-март күнү Или өрөөнүнүн Кытайга берилиши туурасындагы протоколго кол коюшту. Протокол Петербург келишимине ылайык орус жана маньчжур тилдеринде түзүлүп, анда Россия империясына өтүүнү каалаган адамдардын Казакстан менен Орто Азияга жер которуш маселеси эске алынган.

Фрунзе шаарына пландаштырылган жасалма муз заводунун курулуш иши 1941-жылдын бул күндөрү башталган. Завод Түркстан-Сибирь темир жолундагы Пишпек станциясына жакын жерде орун алып, анын продукциялары менен муздаткыч-вагондорду эле эмес, шаардык оорукана, пивзаводдорду камсыздоо келечеги белгиленген. Бирок июнь айында башталган согуш алааматы бардык изги ниеттердей эле, бул саамалыктын да кендирин кескен.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын Фрунзе шаардык комитети 1974-жылдын 11-мартында «Борборго-үлгүлүү турмуш жана коомдук тартип» деген физикалык приборлор заводунун коллективи тарабынан көтөрүлгөн ураанды колдой тургандыгын билдирди. Физприборчулар өнөр жай өндүрүшүн жогорку маданият көрсөткүчүнө көтөрүү; борбор шаардын тазалыгы үчүн күрөшүш максатында заводдо бир күндү санитардык деп жарыялоо; завод аймагына бак-дарактарды отургузуу; коллектив менен ай сайын театр, музейлерге баруу туурасында чечим чыгарган.

Кыргызстандын медицинасындагы биринчи жолу лазердик операция 1980-жылдын 10-мартында жасалган. Иса Ахунбаев атындагы клиникада профессор А. Червинский жетектеген хирургдар, скальпелди лазердик нурга алмаштырган жаңы ыкманы колдонушуп, Кыргызстандын медицинасында биринчи жолу лазердик операцияны ийгиликтүү жүзөгө ашырышкан.

Бул күнү таанымал тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов 50 жашка чыгат. Аалыбек Акуновдун киндик каны Кочкор жергесинин Ак Учук айлына таамп, ал 1981-жылы Кыргыз Улуттук университеттеги тарых факультетин артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Эмгек ишкердигин адегенде Кыргыз энциклопедиясынан баштап, анын кийинки байсалдуу эмгек чыйыры Улуттук университетте уланды. А. Акунов жалаң эле Кыргызстанда эмес, алыскы чет өлкөлөргө чейин аты таанылган окумуштуу. Өлкө коомчулугу аны такшалган уюштуруучу жана калыс саясий эксперт катары билет.
XS
SM
MD
LG