Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Март ыңкылабы, андан кийин өлкөдө орун алган саясий окуялар, президент Курманбек Бакиевдин саясаты, оппозициялык күчтөрдүн иш-аракеттери тууралуу “Азаттык” үналгысына Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маек куруп берди.

- Өмүрбек мырза, маегибизди ошол 2005-жылдын 24-мартына кайрылуу менен баштасак. Ошол окуя болгон учурда сиз каякта элеңиз?

- Мен 22си күнү Бишкектен Ошко учуп барып, 24-мартта жолдо болдум. Саат үчтөрдө автоунаа менен Бишкекке келсем, баары бүтүп калган экен. Дароо бир топ болуп, Феликс Куловду түрмөдөн чыгарууга жөнөдүк. Бирок башка бир чоң топ да ошол жакка жөнөгөн экен, биз чогуу барып калдык. Биз Феликс Куловду чыгарган соң түз эле КТРге келип, түз ободо сөз сүйлөгөнбүз.

- Демек бул окуя сиз үчүн күтүүсүз болгон экен да, дегеле ошол учурда бул окуяны кандай кабылдадыңыз эле?

- Бул окуя баарыбыз үчүн күтүүсүз болду. Биринчи кезекте аны уюштуруп, башында тургандар үчүн да күтүүсүз болгон. Бул окуя ушунусу менен маанилүү, эч ким пландаштырган эмес. Президент Аскар Акаев өлкөдөн качып кетип, Курманбек Бакиев башында турган убактылуу өкмөт түзүлдү. Бирок ошол учурда эң негизги маселе – мыйзамдуулукту калыбына келтирүү, легитимдүү бийлик органдарын калыбына келтирүү болду. Анткени бардык жерде революциялык эйфория болуп, кимдир бирөөлөр акимчиликтерди, ишканаларды, айыл өкмөттөрдү басып алып, түз демократия уюштуруп эле ким көп эл жыйнап чыкса, ошолор өз адамдарын дайындап, кайра бөлүштүрүү жараяны башталып кетти. Эң негизгиси ушуну токтотуш керек эле.

Саясат криминалдаша баштап, билеги күчтүүнүн заманы болуп калды. Сот бийлиги да саясаттын курмандыгы болуп, ким күчтүү болсо ошого ылайыктап чечим чыгарып калган. Мисалы, 2005-жылы шайланган парламентти Жогорку сот алгач “силер мыйзамсыз, эрте чогулуп алдыңар” деп таратты. Бирок кайра эле ошол Жогорку Кеңешти таанып, мурдагы чечими саясий чечим болуп калганын мойнуна алды. Эски парламент мөөнөтү бүткөнүнө карабастан Курманбек Бакиевди премьер-министрдин милдетин аткаруучулукка дайындап, бийлик укуктарын өзүнө алганга аракет кылды. Ошол кезде өлкөдө үч парламент тирешип, талашып турду.



- Сиздин оюңузча, ошондо бийликти колуна алган топ кандай жолду тандашы керек эле?

- Ким бийликке келбесин ошол кезде эл нааразы болуп чыккан авторитардык режимди демонтаж кылып, жаңы демократиялык, элдин кызыкчылыгын коргогон, эң негизгиси – бири-бирин көзөмөлдөп, тизгиндеп турган бийлик системасын түзүш керек эле. Мына ошондо өзүмбилемдик, өкүмзордук, мыйзамсыздык бүгүнкүдөй күч алмак эмес.

Тилекке каршы 24-мартта, шайлоо алдында бирди сүйлөп, кылган иши ага карама-каршы болгон адамдар бийликке келди. Алар элдин ишенимин актаган жок, үмүтүн үздү деп мен айта алам. Мисалы, энергетика тармагын, анын ичинде “Түндүкэлектрону”, ТЭЦти сатпаш керек деп кыйкырып жүргөн саясатчылар бүгүн аны сатыш керек дейт. Авторитардык система болбойт экен, бир үй-бүлө башкарып калды, бийликти бир адамга берүү кыргыздын табиятына туура келбейт экен дегендер эми «жок, адам жакшы болсо жараша берет, вертикалды бекемдеп бир адамдын бийлигин түзөлү, мурункулар жаман эле, азыр алтын адамдар келди» - деп, ага бапташтырып, андан өткөн системаны түзүп отурат. Бул деген сөз менен иштин дал келбегендиги. Бүгүнкү бийликтин эң алсыздыгы сөз менен ишинин дал келбегенинде.

- Кечиресиз, ошол март ыңкылабынын алдында коомчулукта “Текебаев Акаев тарапка ыктап кетти” деген да пикирлер айтылып кетти эле…

- Мен 1985-жылдан бери оппозициядамын, кайсы бийлик болбосун. 24-мартта саясатчылар кимге жүгүнөөрүн билбей турганда мен парламентте билдирүү жасап, жаңы бийликке оппозициямын деген бир жан жок, оппозициянын орду бош турат, мен ошол орунду ээледим, мен Бакиевге оппозициядамын деп биринчи жарыяладым.

Бакиевдин Акаевден айырмасы жок, экөөнүн окшоштук жагы – өз жакындарынын, үй-бүлөсүнүн кеңешин мамлекеттик бийлик органдарынан жогору койгонунда. Расмий эмес чечим чыгаруучу топтордун күчү Акаевдин учурунда кандай болсо бүгүн андан да ашып кетти. Экинчиси, Бакиев Акаевдин чийип берген жолу менен иш алып барууда, бул жеке адамдын бийлигин күчөтүү, жалган референдум, адилетсиз шайлоолор менен өз бийлигин бекемдөө, баары бирдей кетип отурат.

Мына Бакиев президенттикке шайлангандан кийин эле, 2005-жылдын августунда Жогорку Кеңешке энерготармакты приватташтырып жиберсек деген сунушу менен кайрылган. Ошондон бери ал идеясын байма-бай айтып келет. Бул жерде фанатикалык ишеним деле жок, жеке кызыкчылыктар бар. Ошол жеке кызыкчылыктары бар топтун президентке тийгизген таасири болуп атат.

Мына эки жыл болду, энерготармактагы кризисти жоюу үчүн өкмөт да, президент да бир чечкиндүү чара көргөн жок. Бакиев бул тармак белчесинен коррупцияга баткан деп айтканы менен, кайра ошол тармакты Акаевдин убагынан бери жетектеп жүргөндөрдү кайра-кайра чоңойтуп, кызматка алып келүүдө. Бул Акаевдин чийип берген жолу, анын саясатынын уландысы.



- Оппозиция лидерлеринин бири катары сизге ошол март ыңкылабынын алдында Аскар Акаевдин бийлигин кулатууну максат кылган топту баштап берүү же биригүү боюнча сунуштар болду беле?

Оппозициялык топ ар кандай болгон. Мен «Атажурт» деген оппозициялык таасирдүү күчтө болгонмун. Дагы бир топ «Кыргызстан» деген блок түзүп, башчылыгына К. Бакиевди шайлаган. Алар азыр Бакиевдин акчасы көп деп шайлаганбыз деп айтып жүрүшкөнү жашыруун эмес. Ошондогу шайлоодо бийлик каршы иштегенине карабай «Атажурттан» 7 депутат шайланган.

Шайлоо чындыгында адилетсиз болуп, көп талапкерлер өтпөй калган. Март окуясы бийик идея, принциптер үчүн күрөшүү эмес, өтпөй калган талапкерлердин нааразылыгынан башталган. Бардык жерде ушундай болгон. Акырында мындай талаптар күчөп отуруп, жеке талаптан жалпы талапка өтүп, ал 24-март менен аяктаган.

- Сиз кайсы бийлик болбосун оппозицияда келе жатам деп жатасыз, бирок “Текебаев эмне үчүн ошол учурда Бекназаров, Бакиев баштаган оппозициялык топко кошулган эмес?” деген суроо туулат да. Дегеле ошол учурда оппозициянын ортосунда биригүү, кызматташуу боюнча сөз болду беле?

- Принципиалдуу мен каршы болгон нерсе бар. Ал мыйзамсыз, баскынчылык жол менен бийликти ээлеп алуу. Азыр деле «басып албайлыкпы дагы, тигил-бул кызматтарды бөлүштүрүп, иш кылбайлыкпы» деген азаматтар чыгат. Мен андайга каршымын. Элдин эрки, мыйзамдуу шайлоолор чечиш керек. Ошон үчүн Аскар Акаев качып кеткенде парламент төрагасы катары менин эң биринчи аракетим өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерди мыйзамдаштыруу, мыйзамдын алкагына айдап кирүү болгон. Канча адамга жаман көрүнсөм дагы мен ушул багытта иштедим.

Азыр Курманбек Бакиевдин юридикалык жактан бекем отурушуна менин салымым чоң. Бакиев мага жагабы, жакпайбы, бул башка маселе, бирок расмий орган мыйзамдуу болуш керек, анын мыйзамдуулугуна анын оппоненттери, нааразы болгон эл шек санабаш керек.



- Сиздин оюңузча, азыр Бакиев менен Акаевдин саясатында кандай окшоштуктар, кандай айырмачылыктар бар?

- Социалдык-экономикалык планда экөөнүн ортосунда айырма жок, саясий планда да жок. Албетте ар кимдин интеллектуалдык деңгээли, тажрыйбасы ар башка. Бирок бул негизги маселе эмес, негизгиси – стратегия, саясат. Алардын айырмасы жок.

Бирок 2005-жылкы окуя баш аламандыктын, билеги күчтүүнүн заманы болду. Сот адилеттүүлүгүнөн тайды, мурда деле адилеттүү болгон эмес, бирок азыр сот ачыктан-ачык «мага баланчанын үкаси айтты, кечирип коесуз, мен ошондой чечим алганга мажбурмун, мен да жашашым керек», - деп айтып калган заман. Мынакей бүгүнкү сот бийлигинин абалы.

Мен буга мисал келтиришим мүмкүн. Президент Бакиев референдумдун жыйынтыгы менен жергиликтүү сотторду өзү эле эч кимге түшүндүрбөстөн кызматтан алып коюу укугуна жетишти. Саясий ушак менен Жогорку сот төрагасы К. Осмоновду деле парламент бир заматта алып койбодубу. Ошондо «эмне үчүн алып атат, мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптер момундай эле, ал Осмоновдун жаман же жакшы экенин эмес, ошол институттун өзүн коргойт эле», - деп бирөө айтып койгон жок. Мынакей бүгүнкү бийликтин мыйзамдарды, элдин пикирин эрөөн-терөөнгө албаганы. Кыргызда айткандай, жок дегенде «жышаанасын» кылып окшоштуруп коюш керек.

Акаевдин убагында адилетсиздик болсо да, алар окшоштурганга, мыйзамдын формасын киргизүүгө аракет кылат эле. Албетте бул бийлик дагы эми үйрөнөт, мына үч жыл өткөн соң бир аз формаларын жасаганга аракет кылып отурат…



- Өмүрбек мырза, эми ошол март окуясына кайра кайтып келсек. Ошондогу президент Аскар Акаев өлкөдөн чыгып кеткен соң сиз баштаган топ Москвага чейин барып, арызын жаздырып келгени белгилүү. Ошондо Аскар Акаев менен протоколдон тыш, жекеме-жеке өз ара сүйлөшүүлөр болду беле, дегеле бул процесс сизге кандай таасир калтырды?

- Жеке сүйлөшүп, жеке сезимдерди талдаганга убакыт жок эле анда. Биз дароо эле арызды алып келгенге аракет кылдык. Бир кезде анын кол астында иштеген адамдар «арызыңызды бүгүн бериңиз, биз кечки рейс менен кетишибиз керек», - деп жарга такап, чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Акаев болсо бир гана нерсени суранды, «эми силер колхоздун кампачысын жумуштан алып жаткан жоксуңар да, ушуну бир жол-жобосу менен кылбайлыбы, эртең журналисттерди чакыргыла, мен алардын алдында окуп, адам катары тапшырайын», - деди. Ошону биз талашып-тартыштык. Жок бүгүн кетебиз, бул жерде калсак Бишкектегилер алар сүйлөшүп кетти деп шек санайт дешип, коркушту. Анткени алар Акаевдин жанында жүргөндөр эле да, а мен чочуганым жок. Анан эртеси журналисттердин катышуусунда Акаев арызын окуп, биздин колубузга тапшырды.

Эми бул биринчи кезекте мыйзамды, салтты сыйлоо, анан кандай болсо да өлкө президенти болгон адамга жасаган мамиле. Эгерде мыйзам бузган болсо, саясий оппонентиң болсо, аны менен күрөшүүнүн, аны жазалоонун өзүнүн эрежелери бар. Ошондуктан ушул кырдаал мага эң чоң таасир калтырды. Албетте саясий узатуунун да өзүнүн салты бар. «Өлүп көрүптүрмүнбү» дегендей биз биринчи жолу президентти ушундай кырдаалда узатпадыкбы. Бирок мындайда биз өз тажрыйбабызга эмес, дүйнөлүк, тарыхый тажрыйбаларга да таянып жүрүшүбүз керек.



- Эми айтсаңыз, ошол ыңкылап болгон үч жылдан бери өлкөдө кандай өзгөрүү болду, дегеле март ыңкылабы Кыргызстанга эмне алып келди?

- Кеп март окуясында эмес, кеп кимдер келгенинде. Бул жерде “Бакиев командасынын үч жылдан берки саясаты эмне алып келди?” деген суроо коюлса туура болмок. Анткени март окуясын жасаган чыныгы авторлордун баары сүрүлүп, алды эки-үч айда, арты бир жылда андан четтетилди. Азыр Бакиевдин айланасын карасак март окуясын жасаган адамдардын бирөө да жок. Бул ар кандай революциянын, ар кандай төңкөрүштүн белгиси.

Эгер адамдарды ыйык идея, чоң саясат бириктирбесе, алар кокусунан эле биригип калса, бийликке келгени өзүнүн мурунку жан-жөкөрлөрүнөн, жолдошторунан ажырап, аларды арткы планга сүргөнгө аракет кылат. Аларды сүрүп салганы бул топтун биримдигин, Бакиев алар менен идеялык негизде эмес, коньюктуралык жеке кызыкчылыктын негизинде бириккенин көрсөтүп турат. Эгерде алардын айтканын жасап, чогуу боло турган болсо Бакиев бүгүн Бекназаров, Отунбаева, март окуясындагы башка азаматтар менен чогуу болмок. Бүгүн мени менен чогуу болмок, эгер мурда ар башка болсок дагы. Анткени биздин ойлорубуз, койгон пландарыбыз ошол кезде бир болгон да, 24-25-мартта элге айткан сөздөрүбүз бир болгон да, бири-бирибизди сын көз менен караганыбыз менен. Бирок ошолордун баары тилекке каршы жасалган жок.

Үч жылдык башкаруунун жыйынтыгы – мыйзамдын баркы кетти. Расмий эмес, мыйзамдуу эмес кландардын мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу тартиби күчөдү. Эбегейсиз чоң мамлекеттик жана жеке менчиктерди кайра бөлүштүрүү эл алдында ачыктан-ачык, көк бөрү тарткандай болду, мына ошол принцип бекемделди.



- Өмүрбек мырза, сиз март ыңкылабынан кийин ошол кездеги парламенттин төрагасы болуп туруп, бирок кийин бул кызматтан кеткениңиз белгилүү. “Текебаев төрага болуп турганда өлкөдөгү кырдаал балким башкача болмок”, - деген дагы пикирлер коомчулукта жок эмес.

-Мен өз убагында кеттим. Менин кетишим менен өлкөдө жаңы саясий процесстер, жаңы этап башталды. Бул - көчө демократиясы. Оппозиция мына ошондон кийин көчөдө чоң демонстрацияларды уюштуруп, тиги же бул чечимдерге жетише баштады. Кайсы моментте кантип кеттүү - бул саясий эсеп, муну мен биринчи жолу айтып отурам.

Бир жылга чейин биздин топто элүүдөн кем эмес депутат болуп, “бакиевчилер” эч жылчык таба албай, бул команданы буза алган эмес. Бирок мындай биримдик тарых көргөзгөндөй узакка созулбайт. Кыргыз депутаттарынын туугандары бар. Бирөөсүн Оштун бажыканасына, башкасын дагы бир жакка дайындап, же алардын чечилбей жаткан бизнес проблемалары сыйкырдуу бир заматта эле чечилип калды. Мына ошентип менин айланамдагылар суюлуп бара жатканын мен гана байкап турдум. Экинчи тарап дагы байкап турду. Калыптана элек демократиясы бар өлкөлөрдүн бардыгында ошондой. Бул бизде эле эмес, коомдук пикир түккө турбай калган өлкөлөрдө бардыгында ушундай. “Эл эмне дейт?”, - деген түшүнүк бизде болбойт.

Бүгүн бул жакта турат эле, “тарс” этип эле маселеси чечилсе, оппозициядан бийликке секирип өткөн, же жумушунан бошогондон кийин кечээ эле Бакиевди мактап жүргөндөр, бүгүн Бакиевди жамандап “торк” этип чыга калып жатпайбы. “Эл эмне дейт? Кечээ мындай деп жүрдү эле го, мунун тарыхы башка эле го, буга эмне болду?” деп эл бизде айтпайт. Айтса дагы аны эч ким этибарга албайт. Ошон үчүн биз эгер демократиялык режим түзөбүз десек, биринчи кезекте коомдук пикирдин күчүн күчөтүшүбүз керек. Ал үчүн албетте эркин массалык маалымат каражаттарын күчөтүшүбүз керек.



- Мына ошол 2005-жылдагы март окуясын баштап чыккандардын бири Азимбек Бекназаров эми азыркы президент Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылган Революциялык комитет түзүп отурат. Сиздин оюңузча азыркы шартта мындай талап канчалык жүйөөлүү?

-Мен ал талапка кошулбайм. Бирок Азимбек Бекназаровдун андай талап кылганга 200 пайыз моралдык дагы, саясий дагы укугу бар. “Азимбек туура эмес кылып жатат” деп Кайыпов дагы, башка министрлер дагы айтпашы керек. Анткени үч жыл мурун Азимбектин жетекчилиги алдында так ошондой иштерди жасаган. Анан алар кантип “үч жыл мурун жасаса болот, азыр жасаса болбойт”, - деп айта алат? Ал үчүн биз үч жыл мурун болгон ишке баа беришибиз керек.

Барктабасовдун чатагынан кийин бир топ адамдарга иш козголгон. Ошондо президент Бакиев менен жолукканда айткам, “Курманбек ака, март менен 17-июндун ортосунда айырма эки эле ай. Бул бүгүн бизге айырмасы укмуш көрүнүп жатат. “Марттагылардыкы жакшы, Барктабасовдуку жаман” деп. 3 жыл, 5 жыл, 10 жыл өткөндөн кийин экөөнүн айырмасы болбой калат. Экөө бир окуянын эле уландысы болуп калат. Сизге Кудай берди. 25-марттан кийин өзүңүзгө-өзүңүз амнистия жарыяласаңыз, анда эл туура түшүнбөйт эле. Мына азыр Барыктабасов басып алды, эми мындай кылыңыз: 24-март дагы туура эмес болгон, Барктабасовдун жасаганы дагы туура эмес болгон. Экөөнү тең биз мыйзамсыз деп жарыялашыбыз керек. Бирок муну биз атайын жасаганыбыз жок. Бул өзүнөн-өзү тарыхый ушундай болуп калды. Мында бирөөнүн ою болгон эмес. Ошону биз экөөнө тең мыйзамсыз деп мунапыс жарыялайлы, 24-марттагыларга дагы, 17-июндагыларга дагы. Ошентип биз чоң саясий утушка ээ болобуз. Ошол 24-мартта болгондой жол менен бийликке келүү мыйзамсыз деп жарыялайбыз. Мунапыс беребиз бардыгына. Анан андай жасаган болбойт деп ачык айтып чыксак болот. Өзүбүзгө-өзүбүз баа бердик”, - десем, “сен Өмүрбек амнистиянын долбоорун даярда” деп макул болгон. Бирок кийин айнып калды.

Эмне үчүн айнып калды? Айтышты, “Барктабасовдун артында Кулов турат, Текебаев турат. Катуу чукулап казсаңар, ошолордун кулагы чыгат”, - деди. “Бардыгынан бир кутулабыз”, - деди. Казып көрүштү, Чолпонбаевден башка эч кимди соттой алган жок. Мына ошентип чоң тарыхый кырдаал чыкты.

Эмне үчүн Барктабасовдун жактоочуларын эки айдан кийин соттосо болот, эмне үчүн эки ай мурунку болгон март окуяларынын катышуучуларын соттосо болбойт? Мына көп айтат “Текебаев Бакиевди жаман көрөт, ошон үчүн жөн эле сындай берет” деп. Мына, уккан угарман айткылачы, эгер менин ошол сунушумду аткарса, бул биринчи кезекте Бакиевге чоң себеп болбойт беле. Кийинки басып алууларды айыптаганга моралдык, юридикалык укук бербейт беле. Камаганга дагы, куугунтуктаганга дагы. Бүгүн анын камаганга дагы, куугунтуктаганга дагы акысы жок.

Бүгүнкү күнгө чейин өз кылгандарын “туура эмес болгон, бул тарыхый зарылдыктан улам өзүнөн-өзү болуп калган”, - деп айтпастан, “биз туура кылганбыз, ал эми азыркы кылганыңар туура эмес”, - деп айтып отурат. Мына ушундай кырдаалда кантип алар Бекназаровду туура эмес деп айта алат? Бекназаров мына ушуну билет, ошон үчүн ачыктан-ачык айтып, алардын эң талуу жери Аксыдан аларга сокку ургусу келип жатат.

- Сиздин баамыңызда, ошол Революциялык комитеттин талабы коомчулуктан канчалык колдоо табат?

-Коомчулук акыркы парламенттик шайлоодон кийин тынчтык жолу менен, мыйзам жолу менен бул бийликти алмаштырса болбойт экен деп калды. Акаевдин убагында дагы ушундай ойлор болгон. Март окуялары анын жыйынтыгын көрсөттү. Ал эми акыркы шайлоо коомдо “бул бийликти дагы Акаевди алмаштыргандай жол менен алмаштырбасаң, кеткидей түрү жок” деген ой көбөйдү.

Эгерде парламенттик шайлоо салыштырмалуу адилет болгондо, мыйзам сакталганда, элдер кичине партиялар күчтүү болгондо утуп алса болмок экен демек. Тескерисинче, биринчи орун алган партияны ар кандай көзбоемочулук менен ыргытып жиберип, өтпөй калгандарды кулагынан сүйөр алып келип, 70 пайыздан ашыгын бир партиядан кылгандан кийин эл ишенбей калды да.

Адилет тура турган орган, бийлик бөлүштүрө турган, шайлоо уюштура турган орган бардык өлкөлөрдө ишенимдүү болуш керек, авторитети болуш керек. Көз каранды эместиги, өзүнүн жеке авторитети, белгилүү адамдар менен ошол жерге киргизиш керек. Бүгүн аты-жыты белгисиз адамдардын бардыгын бир партиядан алып келип, 100 пайыз шайлоо комиссиясын “Ак Жолдон” кылып койду. Эгер эртең шайлоо боло турган болсо, бул шайлоонун жыйынтыгына бирөө ишенеби? Бул деген ачыктан-ачык элге. Элдин пикирине ишенбестен, кандай гана жолдору болбосун, ушул бийликти камсыз кылып калуу, элдин пикирин четке кагуунун жолуна бүгүнкү бийлик өттү дегенди билдирет.



- Өмүрбек мырза, маегибизди эми ошол “2005-жылдагы март окуясынан Кыргызстан кандай сабак алды?” деген суроо менен жыйынтыктасак.

-Эң негизгиси бизде тарыхый тажырыйба топтолуп жатат. Башка коңшулардан айырмаланып, март окуялары канчалык үмүтүбүздү актабады деп айтпаганы менен ал окуя болду. Анын тарыхый мааниси бар. Карапайым калкта “биз режимди, падышаны алмаштыра алабыз” деген ишеним пайда болду. Менин оюмча бул бийликке чоң тизгин.

Бул саясий тажырыйба Кыргызстан үчүн ондогон жылдар бою кызмат кылат. Бул демократиялык салттардын пайда болушуна түрткү берет. Салт тирешүүдөн, кагылышуудан, практикадан пайда болот. 24-март, ноябрь, апрель окуялары биздин аң-сезимибизде из калтырды. Биз чоң саясий тажырыйба алдык. Жок дегенде кыргыздар компромисске барганды үйрөндүк. Тирешип келип, сүйлөшүп алып, жарым-жартылай чечилсе дагы тарап кетип жатышты.

Кандай дебейли, президент Бакиев дагы өзүнүн ийкемдүүлүгүн зарыл болгон учурда компромисске бараарын көргөздү. Эми кээ бир оппозиция өкүлдөрү дагы ашыкча компромисске барарын көргөздү, бирок андай жолду туурабаш керек.

Акыркы эки жыл мына ушундай окуяларга моралдык-нравалык стандарттарды аныктоонун окуяларына бай болду. Бул кагаз жүзүндө дагы, видео материал катары дагы, эң негизгиси элде аңыз, легенда болуп кала турган окуялар болду. Мен ойлойм бул улуттун байлыгы. Тарыхка, конкреттүү окуяларга карап, адамдар кийин иш жасайт. Мына ушул биздин кетирген каталарыбыз, биздин жасаган иштерибиз бизден кийин келе турган жаңы саясатчыларга жаңы үлгү, жаңы ориентир болуп калат деген үмүтүбүз бар.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG