Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

ГРУЗИЯДА ОППОЗИЦИЯ КАЙРАДАН АЯНТКА ЧЫКТЫ


Жекшемби күнү Тбилисиде радикалдуу оппозиция өз тарапкерлерин кайрадан митингге чыгарды. Кечээки жыйынга эки миңдей киши катышты. Лидерлер алардын саны бүгүн дагы көбөйөт деп айтышууда. Айрым активисттер мөөнөтсүз ачкачылык акциясын башташты. Президенттик шайлоонун жыйынтыктарынан тышкары оппозиция бийликтерге бир катар шарттарды койду, анын ичинде Грузиянын КМШдан чыгышын талап кылды.

Жекшемби күнкү жыйында оппозициянын лидери Леван Гачечиладзе “Грузияга кайра ноябрь келгенин, бу жолу митингдер мөөнөтсүз болорун, көздөгөн мүдөө ишке ашканча улантыларын” ырастап, башкы максат катары “адилет шайлоого жетишүүнү” атады.

Митингге чыккандар бийликтерден президенттик шайлоодогу добуштарды кайра санап чыгууну, саясий себептерден улам камалгандарды түрмөдөн бошотууну талап кылышууда. Буга кошумча алар быйыл майда боло турган парламенттик шайлоого байланыштуу конституциялык түзөтүүлөрдү кабыл алууда оппозициянын ой-пикири жана позициясы эске алынууга тийиш деп эсептешет.

Бириккен оппозиция лидерлери бийлик өкүлдөрү менен шайлоо тууралуу атайын меморандумдун шарттарын талкуулап, орток пикир таба алышкан жок. Ошондуктан нааразылык акцияларын кайра жандантууну чечишти. Активисттердин жоон тобу кечээ парламент имараты алдында ачкачылык акциясын башташты. Тбилисинин бийликтери митингдерге 19-мартка чейин уруксат берди.

Акцияга бириккен оппозициянын радикалдуу жамааты гана катышууда. Алардын арасында консервативдүү партиянын, демократиялык фронттун, ”Эркиндик”, “Жаңы Грузия” кыймылдарынын, саясий дагы бир нече бирикменин активисттери жана колдоочулары бар. Бийликтер менен сүйлөшүүлөрдү улантууну жактаган оппозициялык республикачылар менен “жаңы оңчулдар” акцияга кошулушкан жок.

Кечээки митингде Грузиянын КМШдан чыгышын талап кылган да билдирүү кабыл алынды. Оппозиция лидерлери Россия Абхазиядагы жана түштүк Осетиядагы бейпилдик күчтөрүн токтоосуз чыгарып кетүүгө тийиш, аталган республикалар менен ырасмий Тбилиси өзү тикелей сүйлөшүүлөрдү башташы керек деп эсептешет.

1996-жылы Абхазияга каршы жарыяланган санкциялар режиминен Россия өткөн аптада чыккан эле. Грузин президенти Михаил Саакашвили Москванын бул чечимин “Кавказдагы кырдаалды кыйчалыштырууну көздөгөн тукурук” деп атаган.

XS
SM
MD
LG