Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

10:50 Электр энергиясын керектөөгө чек коюлду


Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары боюнча министрликтин маалыматы боюнча бүгүнтөн тарта электр кубаты менен жылытылуучу бардык ишканаларды, сауналарды жана турак-жайларды электр энергиясы менен камсыздоо токтотулат. Бул Токтогул ГЭСиндеги оор кырдаалга байланыштуу жүргүзүлүүдө. Аталган ГЭСтеги суунун деңгээли төмөндөп кетүүсү кышкы убакта электр энергиясынын көп сарпталгандыгынын натыйжасы, ноябрь айынан февралга чейин Токтогул суу сактагычынан 8,48 млрд куб суу коротулган. Төрт ай ичинде суунун деңгээли 30 метрден төмөн түшүп кеткен. Үч күн мурун суу сактагычтагы суунун деңгээли 7 млрд кубга түшкөн, ал эми суунун деңгээли 5,5 млр кубга түшкөн учурда ГЭСтин иши толугу менен токтотулууга аргасыз болот. Мына ушул себептен электр энергиясын керектөөгө чек коюлду, деп маалымдайт министрликтин басма сөз кызматы. Мындан тышкары электр энергиясы менен жылытылган бардык ишкана-мекемелердин, жеке менчик турак-жайлардын жылытуусу системасын көмүр менен мазутка өткөрүү тапшырылды. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG