Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

13:45 “Аял темир тор артында эмес, үйдө жашоого тийиш”


Мындай аталыштагы иш-чара аялдардын саясий талкуу клубу тарабынан уюштурулуп, клубдун мүчөлөрү бүгүн аялдар абагына барып келишти. Аларды ЖКнын бир нече аял депутаттары коштоп барышты. Саясий талкуу клубунун мүчөлөрү абактагы аялдар менен жолугушуп, аларга түстүү телевизор, үн жазгы, кир жуугуч заттарды жана тигүү үчүн кездемелерди алпарып беришти. Түрдүү беренелер менен темир тор артында күн кечирип жаткан аялдар негизинен жакында болуучу мунапыска байланыштуу суроолорду беришкен жана абактан чыккандан кийинки жашоолоруна тынчсызданууларын билдиришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG