Буга кыргыз өкмөтүнүн бул соттук жараянга даярдыгы жоктугу себеп болду. Соттук териштирүүнүн башында ЖК төрагасынын орун басары, доо арыз ээси Кубанычбек Исабеков 2003-жылдын 31-декабрдагы Кумтөр алтын кенин реструктуризациялоо боюнча өкмөт токтомунун көчүрмөсүн көрсөтүүнү талап кылды. Депутаттын сөзү боюнча ал мындай талабын 6-мартта өкмөткө даректеген. Бирок өкмөт өкүлдөрү депутаттын жолдогон талабын албагандыгын билдиришип,келишимдин көчүрмөсүн кийинки сот жараянына алып келүүнү убада кылышты. Кумтөр алтын кенине байланыштуу сот иши эми 14-мартта болот.(ZKo)