Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

5-мартта Жалалабат облустук аялдар кеңеши жана “Эркиндик”, “Жаңы Кыргызстан” партиялары жыйын куруп, коомдук парламентке нааразылык билдиришип, 24-март ыңкылабы максатына жетти деп чыгышты. Мына ушул кабарларга карата коомдук парламенттин жообу кандай болот? “Азаттык” менен таңкы маекте коомдук парламенттин мүчөсү Касымбек Райымкул уулу болду.

- Жакында ошол “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев өзү дагы март ыңкылабы өзүнүн койгон максаттарына жеткен жок деп гезитке билдирүү жарыяладыбы. Экинчиден, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам бар. Эгер мыйзамга такай турган болсок, коомдук парламент коомдук кыймыл катары боло алат. Ал каттоодон өтпөстөн эле өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзө алат. Демек, коомдук парламенттин түзүлгөнү мыйзамга да туура келет.

- Сиздин жеке көз карашыңызда, 24-март ыңкылабы кандай максаттарына жетпей калды?

- Жаңы бийлик келгенде Акаевдин мыйзамсыз жыйнаган мүлктөрүн алабыз, анын баарын кайра элге кайтарыбыз деген, бул аткарылган жок. Экинчиден, конституциялык реформа болот деп коюп, ал аткарылган эмес. Конституциялык реформаны 21-октябрда референдумга кое салып, Бакиев өзү каалаган Конституциясын өткөрүп алды. Курманбек Бакиев бийликте турганда үй-бүлөсүн бийликке аралаштырбайм деп убада берген, тилекке каршы ал дагы аткарылган жок. Жалпысынан алганда менин жеке пикирим боюнча ыңкылап өзүнүн койгон максаттарына жеткен жок. Ошол себептен эл кайра эле баягы Акаевдин убагындагыдай эле талаптарды коюп атат азыркы күндө.

- Учурда жер-жерлерде коомдук парламентке талапкерлерди шайлоо жүрүп жатат деген маалымат бар. Ушул иш чаранын чоо-жайына да токтоло кетсеңиз?

- Коомдук парламент 50 мүчөдөн турган эле. 19-мартта анын экинчи отуруму болуп, 75 мүчөгө чейин көбөймөкчү. Анткени жер-жерлерден каалоочулар көбөйүп жатат. Айталы, Ош, Талас, Нарын облустарынан коомдук парламентке мүчө болом дегендер көп. Мисалы, Ош облусунда өткөн жумада коомдук кыймыл уюшулган. Мунун төрагасы болуп Абдыкайым Кангелдиев дайындалган, орунбасарлары Акматов Мырзабек жана Кангелдиев Төлөгөн деген болду. Мисал катары келтирип атам, партиялардын, коомдук уюмдардын, жеке адамдардын каалоолорунун негизинде коомдук парламенттин мүчөсү 75 ке чейин көбөйүп толукталмакчы.

- Аксы окуясы боюнча элдик сот өткөрүлүшү күтүлүүдө. Сищз юрист катары айтсаңыз, буга кандай баа бересиз?

- Бул юридикалык күчкө ээ болбогон, бирок элдин үнүн айта турган, элге кандайдыр бир дем бере турган чечим кабыл алмакчы. Бул керек, анткени алты жылдан бери сот органдары тарабынан так күнөөлүү кишилерди аныктап туруп, элдин мүдөөсүн аткарган же каза болгон адамдардын туугандарынын, же элдин талабын аткарган сот болгон жок. Ошол себептен юридикалык күчкө ээ болбогон, бирок коомдук пикирди жараткан элдик сот болушу мүмкүн. Мен аны колдойм.

- Сиз бир жарым жыл мурда Бишкек шаардык МАИнин жетекчилигине дайындалып, ички иштер тармагы паракорчулукка, коррупцияга батканын айтып чыктыңыз эле. Бир айга жетпей кызматыңыздан алынгансыз. Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлигинде өзгөрүүнү байкадыңызбы?

- Ошол күндөгү мен айтып жүргөн кемчиликтердин аныктыгына Молдомуса Конгантиевдин министр болуп калышы эле далил болуп турат. Азыркы күндө Ички иштер министрлигинде эч кандай өзгөрүү болбойт. Бир-эки байкуштарды паракорлук менен кармоо дагы эч нерсе алып келбейт. Дегеле системаны алмаштырмайынча Ички иштер министрлигинде эч кандай жылыш болбойт. Ошондуктандын бул министрликте кандайдыр реформа, жакшылык болооруна көзүм жетпейт.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек
XS
SM
MD
LG