Бул иш чараны «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук кору «Диний толеранттуулук - тынчтыктын негизи» деген долбоордун алкагында уюштуруууда. Мектеп окучулары жана студенттер үчүн атайын маалымат жолугушуулары өткөрүлүүдө. Анда облустук казыят, Ички иштер башкармалыгы жана коопсуздук кызмат өкүлдөрү тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир, ваххабизм, Өзбекстан Ислам Кыймылы, Аль-Харамейни сыяктуу кыймылдар тууралуу маалыматтарды жайылтууда. (SA)