Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

16:35 Табигый кырсыкка кабылгандарга коопсуз жайдан жер бериле баштайт


Карасуу районундагы зилзаладан толук бойдон кыйрап калган Тогузбулак айылынан 100дөн ашуун үй-бүлө Ош-Бишкек автожолунун боюнда жайланышкан Кайрагач участогуна көчүрүлөт. «Азаттыкка» бул туурасында Карасуу районунун акими Токтосун Барманов өзү кабарлады. Анын айтымында, жер участогу жакынкы күндөрдө бөлүнө баштайт. Ал эми кырсыктан өзгөчө жабыр тарткан карасөгөттүктөргө да ушундай эле шарттар сунуш этилүүдө. Бирок тилекке каршы, алар көнбөй жатышат. Карасөгөт кыштагынын тургуну Базарбү Байзакованын пикиринде, атайын комиссия үйлөрдүн жаракат деңгээлин акыйкат аныктаган эмес, ошол себептүү эл арасында нааразылык чыгып, жабырлануучулардын тизмеси толук такталбай, аларды коопсуз жайга көчүрүү создугууда. (АТо)

XS
SM
MD
LG