Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:51

Маектешкен Жапаров Аманбек Соңку учурда бийлик аялдарга өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик кызматтарда, депутаттардын арасында аялзаты көбөйгөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары айтып чыгышты. Чынында эле мурда аялдарга көңүл бурулбай келди беле? Мына ушул маселенин айланасында “Азаттыктын” суроолоруна “Эл ынтымагы” партиясынын лидери Роза Акназарова жооп берди.

- Мурун деле аялдарга көңүл бурулуп келген, мен деле өкмөттө иштеп келбедимби. Болгону азыркы мезгилде андан да жакшы иштер болуп атат. Айта кетсек, Конституцияга, Шайлоо кодексине партиялык система кирбедиби. Ошондогу ар бир үчүнчү аял болсун деген өзгөрүү көп ролду ойноп кетти. Азыр парламентте 24 аял болуп атканы абдан жакшы. Азыркы парламентте аялдардын он чактысы абдан жакшы иштеп атышат, мен ойлоп атам, алар дагы-дагы өздөрүнүн өнөрлөрүн, билимдерин көрсөтөт го деп. Азыркы өкмөттө финансы министри аял болгону жакшы болуп атат. Анткени каржылоо жүргүзүлгөндө эгерде үнөмдүү, сапаттуу, эфФективдүү, программалык нерселерге жумшалса жакшы болгону турат.

- Каржы демекчи, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкер кыргыз өкмөтүн гендердик теңчиликти өркүндөтүүнү каржылоого чакырарын айтты. Сиздин баамынызда гендердик теңчиликти өнүктүрүү өкмөттөн каржыланышы керекпи?

- Өкмөттөн каржыланыш керек. Анткени өзүнчө аялдардын программасы болуш керек. Бюджет каржыланып атканда бир программага каржыланат. Аялдар дагы өзүнчө бир программа иштеп чыгышы керек. Анткен себеби бүгүнкү күндө дагы көп балалуу үйдө отурган аялдарга пенсия төлөнбөйт. Кийин мүмкүн жолдошу каза болуп, же болбосо ажырашып кетсе ал аял келечекте пенсия албай калат. Ошол жолдорун да карап чыгыш керек, же эмгек акыга бааланыш керекпи, же күйөөсү төлөп бериш керекпи. Ушундай көп нюансттар бар. Пособие алып атканда, же иштебеген аялдарга ишкердүүлүгүн көтөрүш үчүн өзүнчө программа болуш керек. Мына ошолорду каржылаш керек.

- 2005-жылы 24-мартта, андан кийин митинг, пикеттер өтүп атканда аялдар зор күч болуп келбедиби, ага бардыгыбыз эле күбө болдук. Мына ушундан аялдардын өтө эле саясатташып кеткен деп түшүнсөк болобу, же аларды саясий курал катары пайдаланыштыбы?

- 20-кылымдын башында аялдар чайнек, кострюлдарын алып чыгышып, биз өзүбүздүн укугубузду алышыбыз керек деп, саясатка кийлигишебиз деп чыгышкан. Аны 1910-жылы 8-мартта Клара Цеткин Эркиндик үчүн күрөшкөндөн баштаган. Анан азыркы күндө дагы бир жагынан өкмөттүк эмес уюмдар саясатка катышпаш керек. Бирок биздин саясий партиялар жок болгон үчүн өкмөттүк эмес уюмдар саясатташып кетишкен. Өзүңүз билгендей эле, аялдардын көбү өкмөттүк эмес уюмдарда иштейт. Ошолордун саясатташып кеткени бир жагы, экинчиден эркектер курал катары урунган. Анткени өздөрү ары жакта туруп алышып, аялдарга мүмкүн акча беришти. Ошондуктан эки жагы тең болду.

- Ал эми Жогорку Кеңеш, саясий партиялардын парламенти, Коомдук парламент болуп, азыр өлкөбүздө үч парламент пайда болду. Мына ушулардын айырмачылыгы эмнеде деп ойлойсуз?

- Азыр иштеп аткан парламент бул мыйзам чыгаруу палата, бийликтин бир тармагы. Биздики болсо 2006-жылы түзгөнбүз, бул парламент саясий партиялардан түзүлсүн деген максат менен. Саясий партиялардын деңгээлин көтөрөлү, сасий партия деген эмне деген түшүнүк беребиз деген мааниде өкмөттүк эмес коом түзгөнбүз. Азыр дагы иштеп атып айтып атабыз, бүгүнкү күндө кирбей калган саясий партиялар жана активдүү саясий партиялар бар да, ошолор эмне менен иш жүргүзүшү керек. Мисалы азыр биз биринчи тегерек столду уюштуруп, эмненин үстүндө иштеш керек маселени саясий партиялардын алдында көтөрүп атабыз. Анан азык-т үлүк коопсуздугу, жазгы иш мезгили, айыл чарбасында эмнелерди, кандай өндүрүш керек деген маселелер чыгып атат.

- Маегиңизге чон ырахмат.
XS
SM
MD
LG