Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Ирактын түндүгүндө бомба жардыруусу бир адамдын өмүрүн алып кетти


Бир нече адам жаракат алды. Маалыматтарга караганда, Ирактын түндүгүндөгү Сулеймания шаарында жанкечти мейманкананын жанында миналанган унааны жардырган. Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, жардыруудан полициянын бир кызматкери көз жумуп, 31 адам жарадар болду. Багдадда болгон жардыруудан АКШнын 5 аскери каза тапты, үч адам жаракат алды. Диала вилайетинде орун алган эки жардыруу 6 адамдын өмүрүн алып кетти жана 22 адам жарадар болгону маалымдалды.

XS
SM
MD
LG